Айбат » Өмүрбек Абдрахманов АКШга качып кетем дейт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Өмүрбек Абдрахманов АКШга качып кетем дейт

Өмүрбек АбдрахмановЖКдагы эркин депутат Өмүрбек Абдрахманов эркин басылмалардын бирине курган маегинде ымандай сырын төгүптүр. Ал эгер бийлик тараптан кысым күчөп, 20 жылга эркинен ажыроо коркунучу жаралса көнгөн адатынча Американы көздөй сызарын билдириптир. Бул эмнеден кабар берет? «Биз өлкөдө баш-аламандык салуудан кайра тартпайбыз. Эгер максатыбыз жүзөгө ашпаса качып кетебиз» дегенди туюндурбайбы. УОК лидери Равшан Жээнбековдун өнөктөшү ушинтип аткан соң Равшан мырза өзү деле анын артынан качса керек? Бүгүнкү оппозициянын жүзү ушундай: мамлекеттин, элдин тагдыры менен ойногондон кайра тартпай, баштарына кыйынчылык түшсө сыртка качып кетүүдөн да кайра тартышпайт. Анан ушундай оппозицияга элдин тагдырын, мамлекеттин келечегин кантип тапшырабыз?

Айбат гезити №98




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru