Айбат » “Кумтөр” Ысык-Көл облусунун Боконбаев – Тоң жолун оңдоо иштерин каржылайт

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » “Кумтөр” Ысык-Көл облусунун Боконбаев – Тоң жолун оңдоо иштерин каржылайт

жол“Кумтор оперейтинг компани” ишканасы Ысык-Көл облусунун Боконбаев – Тоң жолун оңдоо иштерин каржылайт. Бул тууралуу бүгүн, 14- июнда пресс-тур учурунда биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, өкмөт “Кумтөр” компаниясы менен Ысык-Көл облусунун 3 чакырым жолун оңдоо үчүн каржат бөлүп берүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн. Ремонт иштери жайдын аягына чейин бүткөрүлөт жана 1 чакырым жолду оңдоого 1 млн доллар сарыпталат, ремонттоо үчүн жалпы канча каражат сарптала тургандыгы азырынча аныктала элек.

Ошондой эле учурда, узундугу 144 чакырым болгон Балыкчы – Барскоон автожолун оңдоо тууралуу дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Долбоор 5-6 жыл аралыгында бүткөрүлөт. Учурда Унаа жана байланыш министрлиги жолду оңдоо үчүн тендер өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат, – дейт Оторбаев.

Булак: kyrgyz.vb.kg/225716



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru