Айбат » Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова соттон качып жүрөт, же ал дагы Минскиге кетип калдыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарова соттон качып жүрөт, же ал дагы Минскиге кетип калдыбы?

Садыр ЖапаровУшул жылдын жаз айларында «Кумтөр» маселесин саясый куралга айлантып, өлкөбүздө тополоң жасап, бийликке келүүнү көздөгөн Садыр Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстандан куйругун үзө качкан боюнча жок. Анда-санда тоо-таштын арасынан чыгып сүйлөп коймою бар эле, анысы да калды. Кыргызстанда укмуштуудай чоң курултай өткөрөм деп чамынып, анысын улам аркага жылдырып атып, акыры таптакыр дайыны билинбей калган. Ал бир тууганынын ден-соолугун шылтоолоп Минскиге кеткенин жалпы коомчулук жакшы билет. Бирок чындыгында ал Кыргызстанга келсе, мойна бир катар кылмыш иштери илинип, камакка түшөөрүн абдан жакшы түшүнгөнү үчүн качып жүргөндөгү кербези. Эске сала кетсек, анын бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага да ушул жылы КР Кылмыш-Жаза кодексинин 30-303 беренесинин 2-бөлүгү, 30-183 берененин 2-бөлүгүнүн 1,2 пунтктары, 30-166 берененин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 4-бөлүгүнүн 1,2,3- пунктары боюнча кылмыш иши козголгон. Сот процесси бир нече айга созулуп 2014-жылдын 6-августунда Октябрь райондук прокуратурасынын Мамлекеттик айыптоочусу тарабынан Райкүл Жапарованы күнөөлүү деп таап, 25 жылга күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратуу суралган болчу.  Андан кийинки 15-августтагы сот отурумунда Райкүл айым сөз алып сүйлөп, андан кийинки сот отурумдарына таптакыр келбей койгон. Башкы прокуратуранын иликтөө органдары жана милиция бүгүнкү күнгө чейин анын кайда жашап жаткандыгын билбей келишет. Ал эми анын адвокаты Р. Лужанский Жапарова Райкүлгө телефон чалып атканын, бирок ал телефонун көтөрбөй атканын сотто билдирүүдө. Эске сала кетсек, Райкүл айым соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Ага ылайык ал шаардын аймагынан чыкпашы керек болчу. Эгерде жашаган дарегин алмаштыра турган болсо, ал тууралуу сотко билдириши керек эле. Тилекке каршы андай эскертүү да болгон эмес. Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматы Райкүл Жапарованын чек ара аймактарын кесип өтпөгөндүгүн айтышууда. Эгерде ал Кыргызстандын ичинде эле болсо, эмдигиче бир дайыны билиниши керек эле. Мындан улам суроо туулат – Райкүл айым иниси Садыр Жапаровдун артынан Минскиге кире качтыбы? Же Кыргызстанды сызга отургузууга салым кошкондордун экинчи Мекени эми Минск шаары болуп калабы? Баса, Райкүл Жапарованын ишин караган сот процессине төрагалык кылган Абыкеев эмне себептен ушул күнгө чейин ишти созуп келгени да таң калычтуу. Себеби, анын бардык күнөөлөрү эбак эле аныкталып, соттун өкүмүн гана күтүп атышкан…

Айбат гезити №98



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru