Айбат » Акаевди 70 жылдыгында мактайбызбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Акаевди 70 жылдыгында мактайбызбы?

Акаев Аскар АкаевичНоябрдын онунда Кыргызстандын туңгуч качкын президенти Аскар Акаев 70 жашка толот. Март окуясынан кийин Маскөөнү көздөй сызган бойдон илимий иштер менен алектенип, мекенине кайтып келүүгө жүрөгү даабай, атүгүл, агасына топурак сала албаган Аскар Акайыч юбилейдин шылтоосу менен өзүн реабилитациялоого киришиптир. Ушул тапта Болот Жанузаков баштаган пиар-кампания түзүлүп, Акаевди «айга, күнгө теңеген» материалдарды даярдап жатышкан кези. Анүчүн, журналисттерди жалдап макала жаздырып, алдын Россияны көздөй жөнөтүп, Акаевдин үйүндө мейманчылатып, «ода интервьюларын» уюштурууда. Аскар Акаевич минтип өзүн мактаткандан көрө: «Жаңылдым жаздым, элим кечирип койгула. Үй-бүлөмдүн туткунунда калып, уулума, кызыма, аялыма ээ боло албаганым чындык» деп элден кечирим сураганда айкөл элибиз эбак эле кечирмек. Анан эски «обонун» сыбызгытып, «менин күнөөм жок, үй-бүлөм апакай болчу» дей берсе өмүрү өткөнчө Кыргызстандын босогосун аттабай калышы толук ыктымал.

Айбат гезити №98



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru