Айбат » Гуревичтен конфискацияланган 6 миллион доллар Кыргызстанга кайтарылып берилеби, же кайрадан Максим Бакиевдин чөнтөгүнө барып түшөбү?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Гуревичтен конфискацияланган 6 миллион доллар Кыргызстанга кайтарылып берилеби, же кайрадан Максим Бакиевдин чөнтөгүнө барып түшөбү?

Максим Бакиев жана ГуревичКурманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк авторитардык режими Кыргызстанды сызга отургузуу максатында гана иштеп келгендиги 2010-жылдагы 7-апрель революциясынан кийин толугу менен ачыккка чыкты. Эске сала кетсек, буга чейин Максим Бакиевдин акчаларына баш-көз болуп, жүгүртүү иштерин жүргүзгөн Гуревич 6 миллион доллар суммадагы акча каражатына көз беомочулук жасагандыгы үчүн 5 жылдан ашуун мөөнөткө эркинен ажыратылган болчу. Бул туурасында 2014-жылдын июнь айында Bloomberg басылмасы анын адвокаты Марка Агнифилонун сөзүнө таянып жазып чыккан. Бирок, аны эркинен ажыратууда конфискацияланган 6 миллион доллардын тагдыры али күнчө чечилбей келет. Мына ушул маселенин тегерегинде учурда америкалык басылмалар кызыктуу маалыматтарды берүүдө.  Кече жакында эле америкалык New York Law Journal басылмасы Евгений Гуревичти Белоруссияга алып келиш үчүн Максим Бакиев 2 миллион доллар төлөгөндүгү тууралуу жазды. “Соттун чечиминин протоколуна ылайык 2010-жылдагы төъкөрүштөн кийин Гуревич Агнифило менен телефон аркылуу сүйлөшүп, анын өмүрүнө коркунуч келип жаткандыгын билдирген. Анан Гуревич Белоруссияга келип, 2 миллион долларды иштеп берген. Бул акчаны Максим Бакиевдин сөзү боюнча аны бул өлкөгө алып келүү үчүн төлөшкөн” деп жазылат анда. Гуревич ал акчаны Бакиевдин акчаларын башкаруу аркылуу тапкан кирешесинен кутулган. Ошондой эле ал Белоруссияда Бакиевдердин каражатын башкаруу менен бирге ошол учурда Бакиевдердин ишин текшерип аткан АКШнын бийлиги менен кызматташкандыгын да билдирет. Ага чейин Филипп Шишкин  Евгений Гуревичтин Кыргызстандан кандайча качкандыгы тууралуу өзүнүн китебинде кеъири жазган болчу. “Гуревич өзүнүн Бишкектеги квартирасында 4 күн бекинип жаткан. Анан ага акча гана керек болгон чечендер кайрылган. Алар аны Алматыга алып келишип, акысы үчүн 20 миллион доллар сурашкан. “Гуревич анын АУБда болгону 600 миъ доллар жана дагы башка банкта 400 миъ доллар акчасы бар экендигин айткан. Алар бул акчаларды жана анын паспортун кошуп алышкан. Алматыдан чыгып кетүүсүнө Максим Бакиев жардам кылган” деп жазган Шишкин. Эми гуревичтен конфискацияланып алынган 6 миллион доллар акчаны Максим Бакиев кайтарып алууну көздөп жаткандыгын да ошол эле New York Law Journal басылмасы билдирет. Бирок, Нью-Йорктун Чыгыш районунун соту Аллен Росс 6 миллион долларды кайтаруу чечиминен баш тарткан. “Гуревич 6 миллион долларды жасалма себептер менен алып, өзүмдүк кылып алгандыгы талашсыз. Азыркы тапта бул көз боемочулуктун жапа тарткан адамы ким экендигин табуу мүмкүн эмес, себеби ал акчалар кимге таандык болгондугу абсолютуу түрдө түшүнүксүз” деп жазган ал “Эл Гуревичке каршы” деп аталган ишинде. 2014-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасы эркинен ажыратылган Гуревич өзүмдүк кылып алган 6 миллион доллардын тагдыры тууралуу соттук териштирүүлөрдү баштоо үчүн арыз жазган. Ал арызда бардык 500 миллион долларлык активдер 2010-жылдын апрель революциясынан кийин чыгарылып кеткендиги жазылат. “Бакиев жана Гуревичте качан алар Кыргызстанга тиешелүү болгон кредиттер жана фонддордун үстүнөн башкаруу жана көзөмөл жүргүзүүнү колго алышканда активдери аз гана болгон. Активдердин өсүшүнү бат болушу алардын Кыргызстандын элине тиешелүү болгон  акчаларды уурдоосунан улам болгон” деп жазылат анда. Азыркы тапта Кыргызстандын кызыкчылыгын Akin Gump Strauss Hauer & Feld, өнөктөш Ларри Таненбаум (Larry Tanenbaum)  жана адвокат Луи Нок (Louis Nock), ошондой эле Вашингтондогу Гари Сильверсмита юридикалык конторасунан Гари Сильверсмит коргоодо. Эми кеп соттук териштирүүлөр кимдин кызыкчылыгына чечеринде гана калды.

Айбат гезити №98




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru