Айбат » Бабырбек Жээнбековдун кызматкерине “300 миң сом алып кел” деген көрсөтмөсү аныкталабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бабырбек Жээнбековдун кызматкерине “300 миң сом алып кел” деген көрсөтмөсү аныкталабы?

Бабырбек ЖээнбековКечээ 29-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мындан бир нече ай мурун “Кудайберген” базарынын ээсинен 300 миң сом талап кылып, алып жаткан жеринен кармалган Антимонополдук агенттиктин кызматкери Нургали Кудаяровдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча сот процесси башталды. Эске сала кетсек, Кудаяров ал акчаны өзүнүн ошол кездеги жетекчиси Бабырбек Жээнбековго алып барып берээрин билдирген. Мындай маанайдагы сөздөрү базар ээси Эльвира Суравалдиева тарабынан алдын-ала даярдалган аудио жазууга жаздырылып алган. Ал аудио жазуу интернет булактары аркылуу кеңири таркап, коомчулукта кызуу талкууларды жараткан болчу. Көпчүлүк “Бабырбек Жээнбековду бааларды көзөмөлдөсүн деп бул агенттиктин башына койсо, өзүнүн чөнтөгүн кампайтуу аракетин көрүп жатканы кандай? Жетекчи өзү кызматкерин ушундай коррупцияга түртүп атса жыргаган экенбиз” дегендей пикирлерин айткандар көп болгон.

Бирок, Бабырбек мырза өзү муну уулу Равшан Жээнбековдун оппозициялык иш-аракеттери үчүн бийлик тарабынан жасалган атайын чабуул катары сыпаттап жиберген. Мындай маанайдагы коргонуу биздин саясатчыларда кадимкидей эле көрүнүш. Бул жагынан алганда Бабырбек мырза жаңылык деле ачкан эмес. Кечээ Биринчи Май райондук сотунда күбө катары көрсөтмө берген Бабырбек Жээнбеков кызматкерине мындай көрсөтмө бербегендигин айтып, бардык күнөөнү стат-катчы Мамыралиевге түртө салып кутулгусу келди.

Эми кийинки сот отурумунда балким Мамыралиевдин да пикири айтылышы мүмкүн. Өз мойнундагы күнөөнү башка бирөөнүн үстүнө жүктөй коем деп атып экс-чиновник Жээнбеков дагы бир топ былыктарын коомчулукка чыгарып албаса эле болду деп турабыз. Жөнү жок эле ага күнөөнү оодара салгысы келип жаткан экс-жетекчисине стат-катчы деле башын ийкеп отуруп бербесе керек. Эгерде жетекчи тарабынан катардагы кызматкерлерине ушундай көрсөтмө берилгени чын боло турган болсо, анда ал биринчи эле жолкусу деп айтуу кыйын. Балким Мамыралиев бул тууралуу көбүрөөк билиши толук мүмкүн. Андыктан экс-башкы антимонополисттин абалы азыркыдан да оорлошуп кетпесе экен деп турабыз.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №98




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru