Айбат » Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Жок дегенде бирөөсү Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасалган конкреттүү жакшы программасын көрсөтүшсүнчү?”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Орозбек Дүйшеев, коомдук ишмер: “Жок дегенде бирөөсү Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасалган конкреттүү жакшы программасын көрсөтүшсүнчү?”

Орозбек Дүйшеев- Орозбек мырза, бүгүнкү күндө жаштардын атына жамынып, өздөрүнчө кыймыл түзүп, эл аралап, митинг, курултай өткөрүү аракеттери менен жүргөндөргө карата кандай пикирдесиз?

– Мен мына ушундай кыймылдарды түзүп алып, кыйкырып жүргөндөргө деги эле түшүнбөйм. Алардын арасынан бирөөсү да өндүрүштө иштеп көргөн эмес. Же кыйраткан программалары жок. Жөн гана көкүрөк койгулап, курулай кыйкырып жүрүшөт. Партия эмне, уюм эмне, кыймыл эмне экендигин да түшүнүшпөйт. Буларга айрым оппозициячыл бай саясатчылар акча берип коет, анан алар элди дүрбөткүлөрү келет. Же болбосо, жок дегенде бирөөсү Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн жасалган конкреттүү жакшы программасын көрсөтүшсүнчү. Көрсөтө алышпайт. Программаны кандай адам түзөт? Аны коомдун кандай өнүгүшүнүн тарыхын билген адам түзөт. Экономиканы мыкты билген адам түзөт. Булар болсо, жөн гана кыйкырганды билишет.

- Бүгүнкү күндө өлкөбүз үчүн эң ириде эмне керек болуп турат?

– Эң негизгиси- азыркы тапта партияларды ирилештирүү зарылчылыгы бар. Бизде партиялардын саны өтө эле көп. Бирок, жогоруда айтып өткөнүмдөй алар партия эмне экенин да билбей эле түзүп алышкан. Дүйнөдө үч эле багыттагы партия болот. Алар – солчулдар, оңчулдар жана ортодогулар. Солчуларды эмгекчил элдин кызыкчылыгын көздөйт. Оңчулдар байлардын гана кызыкчылыгын көздөйт. Демек, биз солчул багыттагы партияларды түптөшүбүз керек. Анан ынтымакты бекем тутушубуз зарыл.

Айбат гезити №98




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru