Айбат » Назарали Арипов, ЖК депутаты: “Кыргызстандын келечеги үчүн биргелешип күрөшүүбүз керек”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек, Негизги » Назарали Арипов, ЖК депутаты: “Кыргызстандын келечеги үчүн биргелешип күрөшүүбүз керек”

Назарали Арипов- Назарали мырза, бүгүнкү күндө жаштардын атынан түзүлүп аткан кыймылдар эл аралап курултай, митинг өткөрүү аракеттерин жасап келишет. Булардын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?

– Ар бир кыргызстандыктын өз оюн билдиргенге укугу бар. Бирок, мыйзамды бузбай, анын чегинен чыкпай иш жүргүзүү зарыл. Мен жаштардын кыймыл түзүп аткнадарына каршы деле эмесмин. Болгону элди дүрбөлөңгө салбай, тескерисинче ынтымакка чакырышса дээр элем. Эгерде бийликке келгилери келсе, өздөрүнүн жакшынакай программаларын түзүшсүн. Анан ошого жараша иш алып барышсын. Элге оң жактарынан таанылсын. Анан бир жылдан кийин эле парламенттик шайлоо болот. Мына ошого катышып, утуп чыгышсын. Буга эч ким тоскоолдук кылбайт.

- Бүгүнкү күндө өлкөбүз үчүн эң ириде эмне керек болуп турат?

– Ынтымак керек болуп турат. Биз бардыгыбыз бир максатта Кыргызстандын келечеги үчүн күрөшүүбүз зарыл. Ар кимибиз аны ар кайсыл бурчунан жыра тартып башкаргыбыз келе берсе, анда бүтүндүгүбүзгө доо кетет. Ынтымак менен гана өнүгө алабыз.

Айбат гезити №98




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru