Айбат » Суу тартыштыгынан жаралган энергетикалык кризис бир гана бизде эмес, коңшулаш Тажикстанда да бар

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Суу тартыштыгынан жаралган энергетикалык кризис бир гана бизде эмес, коңшулаш Тажикстанда да бар

Суу сактагычта суу азБыйылкы жылы табийгаттын маал-маалы менен кайталанып туруучу кубулушу – кургакчылык катуу болуп, натыйжада дыйканчылык иштерине гана залакасын тйигизбестен, суу сактагычтарга да суу жылдагы көлөмүнөн аз топтолгону маалым. Анын натыйжасында быйыл кыш мезгилдеринде энергетика кризиси болору божомолдонуп, ага карата Кыргыз өкмөтү алдын-ала даярдыктарды көрүп, элдин кышка карата көмүр менен камсыз болуусуна шарт түзүп келет. Электр энергиясы калкыбызга тегиз жетиши үчүн 3 фазалуу керектөөчүлөргө түшүндүү иштерин жүргүзүп, 1 фазага которуу иштери да жүрүүдө. Мунун бардыгы ачык-айкын, жаап-жашыруусуз, түшүндүрүү аркылуу жасалууда. Өлкө башына түшкөн мындай кыйын кырдаалды саясый оюнга айлантууну көздөгөн саясатчылар да чыкпай койгон жок. Алар “ана бийлик светти кырка баштады, кымбаттата баштады” деп көбүртүп-жабыртып жиберишүүдө. Алар үчүн табияттын мыйзамы болгон кургакчылыктын айынан ушундай жагдайга кириптер болуп жатканыбыз өтө эле чоң саясый упай топтоого ыңгайлуу шарт болуп жаткандай. Бирок, биз бир нерсени эске алышыбыз керек. Азыр жогоруда айтканыбыздай кыйкырып жаткандар өздөрү бийлик башында болгондо дагы, кургакчылыкка каршы эч нерсе кыла алышмак эмес. Ал эмес биздегидей көйгөйдөн коңшулаш Тажикстан да четте калбагандыгы маалым болуп отурат. “Авеста” агенттигин берген маалыматы боюнча Тажикстанда расмий эмес түрдө электр энергиясын чектөөлөр эмитеден эле башталган. Анан дагы мындай чектөөлөргө жергиликтүү тургундар эчак эле көнүп, таң калбай деле калышканын кошумчалайт. Маселен, 29-сентябрдын түнүндө Душанбе шаарынын түштүк тарабындагы 17 км алыстыкта жайгашкан Рудаки районунда түнкү саат 23:00дөн таңкы 5:00го чейин электр энергиясы берилген эмес. Экинчи күнү эртең мененки 9:00дөн тарта кечке чейин жергиликтүү калкы электр жарыгы жок отурган. “Авеста” агенттиги мындай өчүрүүлөрдүн себебин сурап электр энергиясын бөлүштүрүү түйүнүнүн күзөт кызматына байланышка чыгышса, алар “Бизге жогор жактан ушундай тапшырма берилген” деген жоопту узатышкан. Бирок, Тажик өкмөтү тарабынан азырынча расмий эч кандай маалымат айтылган эмес. Ушул эле сыяктуу өчүрүүлөр коңшулаш Өзбекстанда да бир нече жылдардан бери карай эле адатка айлангандыгын маалымат булактары жазып чыгышкан. Болгону бул өлкөлөрдө авторитардык режим күч алып тургандыктан бардык маселелер жабык гана чечилип калат. Бизде болсо бардыгы ачык-айкын жүргүзүлөт. Андыктан энергетика кризиси бир гана Кыргызстанда болуп жатпагандыгын эске алып, баарыбыздын башыбызга түшүп турган бул кыйынчылыкты түшүнүү менен кабыл алганыбыз туура болот.

Айбат гезити №98



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru