Айбат » Эркин Алымбеков, экс-депутат: “Уй саап, кир жууп турмуштун чоң мектебинен өттүм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Эркин Алымбеков, экс-депутат: “Уй саап, кир жууп турмуштун чоң мектебинен өттүм”

Эркин АлымбековСаясатчылардын ишмердүүлүгү гана эмес алардын чыныгы жашоосу көп адамдарды кызыктырса керек. бул жолу экс-депутат Эркин Алымбеков мырзанын турмуш-таржымалы туурасында бир чай кайнам маек курдук.

Он бир тууганмын

Он биртууганмын, 2 кыз, 8 эркекпиз.  1976-жылы апам ооруп 43 жашында кайтыш болду. 1978-жылы атам үйлөнүп  дагы бир уул, бир кыздуу болушту.

 

Класстын “атаманы” болчумун

5- класска чейин айылда окудум. Класста эки “атаман” бар эле, мен анан Мурат деген бала. Түздөн-түз мушташып бири-бирибизди эч эле жеңе алчу эмеспиз.  Дагы Бекжан деген классташыбыз бар эле, ал ким тарапты колдосо класс ошол тарапка ооп,”атаман”” ошол тарап болуп калчу да, бирөөбүз жалгыз калып таяк жеп жүрчүбүз. 6-класстан Караколго барып келип окуп калдым. 6-10-классты Караколдун Киров мектебинде окуп алмашпас лидер болуп окууну бүттүк. Кээде жакпаган (мугалим авторитети жок болсо) сабактан тымызын команда берип, класстын бардык эркек балдары туруп класстан чыгып кетип, барып алып футбол, баскетболдун акесин таанытчы элек. Албетте, ата энелер чогулушунда уюштуруучу катары биринчи кезекте мага сөз тийчү. Бирок мен мектептин эң мыкты окуучуларынын бири катары жалаң 5ке окуп, математика, физика, химия, тарых сабактарынан облустук, республикалык олимпиадаларда жеңиштерди алып келген үчүн ашепке запкы тарткан жокмун. Химия боюнча өтө терең сыйлаган, өтө катуу мугалимибиз Акматов Абит-Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими мени Киров мектебинин “Менделееви” деп тамашалачу.

 

Бала кездеги кыялдарым…

Бала кезде абдан көп кыялданчумун. 5-6 жашымда эмнегедир автобазанын деректири болом деген кыял дагы бар эле. Бирок 6-класстан баштап Москвадан экономисттин окуусуна барам деген кыял менен окуп, даярданып, ошол максатка жеттим. 1978-жылы Караколдон 10-классты ийгиликтүү бүтүп, Москвага өзүм барып, жалпы негизде Москвадагы Башкаруу институна тапшырып, 1883-жылы Экономист-башкаруучу деген кесип алып, окууну аяктадым.

 

Белек алып метрого акчам калбай калганда…

Студенттик кездерде эстей турган көп кызыктуу нерселер бар. 1978-жылы Москвага окууга кеткенде атам 200 рубль берди, 60 сомдон ары-бери учкан 120 сом, 80 сомго бир айдан ашык жашап, окууга өтүп, 25-августта үйгө жол тарттым. Чөнтөгүмдө он сомдон ашык калды. Метронун картасында Аэропорт деген станция бар. Провинциалдык кыска оюм менен, а метро менен (5 тыйын) аэропортко жетем, деп запасы менен 20 тыйын калтырып, калган акчама белек-бечкек, Москванын конфеттеринен алып, метро Аэропортко келбеймби. Көрсө, аты Аэропорт болгон менен ал жерден каттоо жүргүзүп, анан автобуска отургузуп, аэропортко (Домодедово) жеткирет экен да. Жол киреге дагы 1сом 20 тыйын төлөш керек. А чөнтөгүмдө болгону 15 тыйын калган. Айлам кетип, жүргүнчүлөрдүн ичинен жанымдагы байкеге:  “Бир сом карызга берип туруңузчу, мен түшүнбөй,акчамды сарптап койдум эле” – деп кайрылсам, байке абалды түшүнүп башыман сылап, карызы жок эле жол кирени төлөп берген. Мен дагы ошондон кийин ар дайым кыйналып, муктаж болгон адамдарга, өзгөчө жаштарга жардам берип келем.

 

Горбачев жаткан жатаканада жашап калдым

Мен 1-курска келгенде жогорку курстарда Алмаз Атамбаев, Анвар Абдраев,Октябрь Мусулманкулов, Тимур Утуров ж.б. жердештер бар эле. Мен Москвада белгилүү Стромынка 32 (Горбачев,жубайы Раиса менен жашап,таанышкан) деген жатаканада жашап калдым. Ал жатаканада 8 ар кандай Москвадагы институттардын студенттери жашачу. Экинчи курстан баштап биринчи курска келген жердештердин барын чогултуп, биринчи курстун ачуу-таттуу кыйынчылыгын жеңип, окуу боюнча кеңешимди айтып, окууну бүткөнчө жаңы 1-курска келген студенттерди кеңешим менен тарбиялап, бешинчи курсту бүткөнчө он бештей студентер, алтын студенттик көз ирмемди эң жакын достордон болуп окудук. Ошол топ студенттик достор азыркыга чейин эң жакын үй-бүлөөлүк достордонбуз. Жубайым менен ошол жатаканада тааныштык. Анткени, жатаканада казактар дагы көп болчу. Биз алар менен дагы жакшы мамиледе болуп ар кандай кечелерде чогуу болчу элек. Таанышканга чейин параллель класстан “биринчи” сүйүү болуп, кийин дос элек. Сиздер айткандай класташ кыздар менен дос болуп, алар дагы мага ар кандай ыр десте сүрөттөрү менен белек кылып, балалык “сүйүү” каттарын жазышчу элек. Ошого байланыштуу (ич күйдүлүк, таарыныч) болсо керек “биринчи” сүйгөн кызым менен ар дайым таарыныч, сүйлөшпөй же кат жазышпай калуу учурлары өоп болот эле. Жубайым менен биринчи курстан тааныш болсок да, үчүнчү курстан “биринчи” сүйүү кандайдыр бир деңгээлде жок болуп, жубайым экөөбүздүн ортобузда чыныгы сүйүү пайда болду. 1983-жылы 4-июнда студенттик  достор менен студенттик, шайырдуу үйлөнүү тоюн берип, Москвадагы Куйбышев райондук ЗАГСынан каттодон өтүп 6-июнда дипломду 5ке тапшырып, 8-июнда 3 айлык офицердик кызмат өтөөгө Коломна шаарына кеткем.

 

Неберемдин улуусу  быйыл мектепке барды

Учурда кудайга шүгүр, эки кыз, бир уулдуу болдук. Тайнеберем быйыл биринчи класска барды, уулум былтыр сентябрда үйлөндү.Бала чактан эле айыл жеринде өскөнгө кара жумуш менен мал багып, чөп чаап чоңойдук да. өзгөчө 1976-жылы апам кайтыш болгондон кийин камыр жууруп, уй саап, кир жууп турмуштун чоң мектебинен өттүм.

 

Кара жумушту катыра иштедим

Биринчи маянаны 6 -класстан кийин каникулда комбайнердин жардамчысы болуп (комбайн чапканда эгин төгүлбөш үчүн, эгинди машиненин үстүндө булуң- бурчуна чачып, түздөйсүң), 60 рубль алгам. Кийин 7-класстан кыркында кой ташыгыч болуп 80 рубль, студент болуп жүргөндө 2-курстан бир жыл Президент А. Атамбаев болуп чогуу үй башкармасында короо шыпыргыч болуп иштегенбиз. Андан кийин кароолчу, эт комбинатында жүк ташыгыч, студенттик каникулда сугатчы ж.б. кара жумуштун мектебинен терең өттүк.

 

Эмгек жолумду бут кийим тигүүчү цехинен баштагам

Жогорку окуу жайын бүткөндөн кийин негизги эмгек жолумду Фрунзе бут кийим чыгаруу өндүрүштүк бирикмесинде (элдик аты “Чолпон” фабрикасы) экономист болуп (айлыгы 120 рубль) баштадым. Жарым жылдан кийин цехтин начальнигинин орун басары болуп көтөрүлүп, дагы бир жылдан кийин 1986-жылы 3 цехтин жамаатынын өтүнүчү менен 3 цехтин начальниги болуп дайындалып, 25 жашымда 400 кишиден турган жамаатты жетектеп айына 88 миң түгөй бут кийим чыгарчу элек.

 

Бала кезден спортко жакынмын

Спортко бала кезден эле жакын болуп мектепте окуп жүргөндө эле эртең менен чуркап, (азыр тан калам) көчөдөгү колонкага белиме чейин чайканып, кийинип алып мектепке кетчү элем. Ошол адат бүгүнкүгө чейин, күндө эртең менен бир саат чуркайм, мектепте бокс, студенттик кезде каратэ (80 жылдары өтө мода болуп турганда),сууга сүзүү машыгуулары жаш кезде ден соолуктун фундаментин түптөгөн. Мектепте эле шахмат жакшы ойночу элем, ойнойлу деп барын тажатчумун. Аскербек деген коңшу байке бар эле, ошол киши талбай ойночу. 74-жылдары Карпов Корчной менен шахмат боюнча дүйнөлүк чемпионат болгондо, мени Карпов, Аскербек байкени Корчной деп коңшулар чогулуп өзүнчө мелдештерди өткөрчүбүз.

 

Жиним келсе сүйлөбөй коем

Кандайдыр бир деңгээлде апамдын мүнөзүндөгү боорукердик, ак көңүл, жумшак сапаттары мага да жугуп калгандыгына байланыштуу, эч качан тышта дагы үй-бүлөөдө дагы чоң муштумдук касиетим жок. Биринчиден алдын ала муштумсуз чечилбей турган ахыбалга түшпөгөнгө иш аракетиңди багытташың керек. Экинчи өзүңө ишенген киши кайсы маселе болбосун сүйлөшүү жолу менен адилетүүлүктүн негизинде компормисс менен чечүүгө болот жана ар дайым ошого умтулам. Жубайым менен 30 жыл, балдарым дагы чоңойду,муштум эмес катуу айтып уруша элекмин. Ачуум келгенде сүйлөшпөй коём, жазам ошол. Эки-үч күндөн кийин өздөрү кечирим сурап, сүйлөшүүнү өтүгүч кылышат. Анткени мүнөзүм шайыр. Үйдөн дагы анекдот айтып үйдөгүлөрдүн майда-барат жакшы иштери болсо зоболотуп мактап мамиле кылган үчүн сүйлөшпөй койгон жетиштүү чара.

 

Саясатчы шайыр болуш керек

Саясатчы- кай кезекте болбосун турмушту терең ар тараптан камтыган, ар кандай маалыматты ыкчам кабыл алып туура чечимдерди ыкчам кабыл ала турган сапаттарга ээ болуш керек. Ошондуктан кай компанияда болбо шайырдык, ыр-бий, тамак ашты (өзгөчө жаратылышта жүргөндө) катырып жасоо жана башкалар тиешелүү. Депутат болгону эч мүнөзүм өзгөргөн жок. Ага далил бүгүн депутат болбой калгандан кийин деле мүнөзүммдү өзгөртүп кыйналган жокмун. Кандай жөнөкөй адамдарга ачык түз мамиле жасасам, ошондой боюнча эле калдым.

 

Коноктун шартына жараша “сеп” этмей бар

Ар бир адамдай эле ар кандай деңгээлде карым-катнаш бар, ага жараша коноктун шартына жараша сеп этмей, жакшы маанай дегендей бар. Эртеси баш оорунун жарасы жеңил, күндө эртең менен чуркаганга, баш оору тер менен эле чыгып кетет. Анын үстүнө ден соолукту жакшы деңгээлде сактап, жумуш жөндөмдүүлүгүңдү жоготпош үчүн өзүмдүн студенттик кезден бери, андан бери далай өркүндөтүлгөн тамак аш системам бар. Шиповник, чычырканак, жаңгак, жемиштер, бал, перга, кальций ж. б. өзгөчө ирээт менен рациондо. 3 айда бир Поль Брег системасы менен 3 күн ачкачылык (сууну гана каалашыңча ичесиң) кылып коем.

 

Пейилиң кенен болсо – баары болот

Турмушка философиялык мамиле жасайм, ошондуктан мүмкүнчүлүк болсо эч нерсени өзгөртпөйт элем. Менин турмуштагы девизим: кудайым ушундан кем кылба. Кудай таала пейилиңе жараша берет. Ошондутан пейилиң кенен болсо, бөөдө кырсыктан сырткары болсоң баары болот.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №98




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru