Айбат » Америкалык эксперт – Гонконгдогу окуя АКШ тарабынан башкарылган Украинадагы, Египеттеги жана Сириядагы режимди алмаштыруу операциясынын шаблону боюнча жасалууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Америкалык эксперт – Гонконгдогу окуя АКШ тарабынан башкарылган Украинадагы, Египеттеги жана Сириядагы режимди алмаштыруу операциясынын шаблону боюнча жасалууда

Гонконгдогу акыркы окуялар АКШ тарабынан башкарылган бүгүнкү күндө Украина, Египет жана Сирияда жасалып көрүлгөн режимди алмаштыруу операциясынын шаблону аркылуу жасалууда деп билдирди Рона Пола Институтунун жетекчиси Дэниел Макадамс.

“Түстүү революциянын” алгачкы стадиясында анча-мынчаны байкабаган аңкоо студенттер өздөрү аркылуу коомдук каршылыктын “жүзүн” көрсөтүшүүдө. Бирок жакын арада күч колдонбоо аракети радикалдуу элементтер тарабынан четке сүрүлүп, чыныгы “күчтөр” режимди алмаштырууну камсыз кылышат деп жазат эксперт.

Ушундай эле көрүнүш Египетте АКШ тарабынан демөөрчүлүккө алынган “6-апрель Кыймылы” тарабынан жасалган, Сирияда да тынчтык митингине чыккандар куралданган экстремисттерге алмашып, ошондой болгон, ошондой эле көрүнүш Украинада да кайталанды.

Макадамстын ою боюнча Гонконгдо да мына ушундай учкун тутанып кетиши мүмкүн. Андан соң Кошмо Штаттардын өкмөтү тарабынан чет мамлекеттердин бийлигин чара колдонуудан баш тартууга чакырган  талкуулары башталат. Ал эми АКШ полициясы аналогиялык кырдаалдарда ар дайым чара көрүүнү колдонот дейт эксперт.

Гонконгдогу каршылык акциясына чыккандар калктын аз бөлүгүн гана түзгөндөрүнө карабастан жалпы элдин атынан чыгып атабыз деп белгилешет, деп жазат Рона Пола Институтунун жетекчиси. Анын сөзү боюнча бул “элдин үнү” алдын-ала эле Вашингтондо даярдалган. АКШ Гонконгдогу каршылык кыймылынын өнүгүшүнө жүздөгөн миң долларларды жумшады. Ал эми Scholarism деп аталган ири студенттик топтун лидери Джошуа Вон америкалык консулдуктун кызматкерлери менен жашыруун байланышта болуп турган, деп жазат Макадамс.

Президент Барак Обама тарабынан жарыяланган “Азияга бурулуш” АКШ чыгыш Азия менен бардык тараптан байланышты жакшыртууну көздөйт деп божомолдонгон. Бирок, анын ордуна Вашингтон аз жерден “өзүнүн дарбазасына гол” киргизип ала жаздады. Анткени Россияга каршы муздак согуштун пайда болуусу Москва менен Пекиндин ортосундагу мамиленин ысык болушун алып келди. Анан дагы эки өлкөнүн ортосундагы кытай валютасы менен соода-сатыктын көлөмүнүн өсүшүн да шарттады.  Жыйынтыгында доллар дүйнөлүк валюта деңгээлинде өткөн чак болуп кала жаздады., деп эсептейт Макадамс.

“Поворот к Азии” оказался неожиданно агрессивным, он выразился во фронтальном наступлении на китайское правление в Гонконге, отмечает эксперт.

“Азияга бурулуш” күтүүсүз агрессивдүү болду. Ал Гонконгдогу кытай башкаруусуна фронттук басып кирүү болуп калды деп белгилейт эксперт.

Айбат гезити №98



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru