Айбат » Каныкейдин Манастын мамлекетин сактап калышы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Каныкейдин Манастын мамлекетин сактап калышы

АпаУландысы (башы өткөн санда)

Букардагы  улуу жылдар – же Манастын керээзинин каармандык менен аткарылышы

Акыры, Каныкейдин букарда жашаган 12 жылдык улуу мезгили аяктайт. Чынында эле, УЛУУ МЕЗГИЛ деп аталууга акылуу жылдар… Анткени бул жылдар жөнөкөй гана баш калкалоо үчүн эмес, улуу максат үчүн, кыргыз мамлекетин кайра жаратуу үчүн келечектеги баатырды аман-эсен чоңойтуунун, өстүрүүнүн, даярдоонун  улуу жылдары эле. Мына ошон үчүн  Каныкейдин Букарда жашаган мезгилин улуу мүдөө үчүн улуу жашоо, улуу күтүү, улуу сабыр жана улуу сагыныч десек жарашат.

Күткөн күн келип, «айланайын  элимден, адашып калган мен экем», «аман бол Букар эми» деп, акыры Семетей өскөн жери менен коштошуп, туулган мекени Ала-Тоого аттанат.

Касиеттүү Таласка карчыга куштай кайра айланып келип конуп, Каныкейдин «өчкөн оту кайра жанып, өлгөн жаны кайра тирилет». Манастын өлөр алдындагы «атаң Темирканга барганда, мойнуна тумар тага көр, чунагың Семетейди бага көр, жашы он экиге келгенде, ичинен ок өтпөс тонду кийгизгин, ошондо эне-ата жайын билгизгин, колуна мылтык бергизгин, кайра Талас көргөзгүн» деген керээзи мына ушинтип, Каныкей тарабынан чыдамкайлык, өжөрлүк жана каармандык менен аткарылат.

 

Манастын эгемен мамлекетинин туусунун кайрадан Ала-Тоодо желбиреши

Чоң атам деп издеп келген небересине уу сунган Жакып, жаңы көчүп келген Каныкейдин конушуна бетпактык менен экинчи жолу чабуул койгон, эсирген Көбөш кан («Алты арам абийирди  билбейт семирсе» деп Манас өлөрүндө көрөгөчтүк менен айткан экен.) Семетейдин күчүнө туруштук бере албай, салгылашта жеңилет. «Абыке-Көбөш алты арамдын» бийлиги кулап, калайык-калк өздөн чыккан жаттын кулчулугунан бошотулат. Чыккынчылар, журт бузарлар эл тарабынан жазаланат. Бул процесске Бакай активдүү катышат.

Мына ошентип, Каныкейдин стратегиясы менен Манастын ордосу кайрадан калыбына келтирилип, эгемендүү кыргыз мамлекетинин устуну кайрадан тургузулуп, айкөлдүн туусу Таласта кайрадан желбирейт.

Бул каарман мээнет, граждандык улуу жүрүм-турум жана рухий баатырдык эпосто Каныкейдин образын чоң масштабга көтөрүп, анын идеялык-философиялык арымын кеңейтип, өлбөс-өчпөс классиканын даражасына калдайтып калкытып чыгарган түйүндүү окуялардын бири.

Мекенчилдиктин  ак жаркын өрнөгү же калк энеси Каныкейдин патриотизм – бүгүнкү мамлекеттүүлүгүбүздү сактоонун гаранты

Каныкейдин кыйын-кезеңдүү татаал тагдырына жана «тар жол, тайгак кечүүдөгү» кайратман күрөшүнө күбө болуп туруп, тарыхтын булуң-буйткалуу, бурганактуу жолдорунда, башка күн  түшүп,  өлөйүн десең жан татуу, кирейин десең жер катуу болуп турган мезгилдерде, дал ушул Каныкейдей каарман уул-кыздар кыргыздын чырагына май тамызып, кайра күйгүзүп, өйдөтө өбөк, ылдыйда жөлөк, конорго  куйрук, учарга канат болуп, капилеттен сөз таап, караңгыда көз таап, улутту сактап келгендигине дагы бир жолу ынанып, элдин келечеги үчүн арыбас мээнетти, нечендеген драмаларды жана трагедияларды баштан кечирген Каныкейдей кечээки чоң энелерибизге кийинки урпактар милдеттүү экенибизди сезбей – туйбай коё албайбыз.

Дагы айталы, улуу “Манас” эпопеясындагы Каныкейдин образын көрөсөндүү кылып көкөлөтүп турган касиеттердин эң негизгилеринин бири – бул анын  Манас баатыр менен кошо калк тагдырын тең бөлүшкөндүгү, өзүнүн сүйгөнү менен кошо ак калпак калктын түйшүгүн, кайгы-муңун, азап-тозогун тең көтөргөндүгү. Манас өлгөндөн кийин да элдин кызыкчылыгы, журттун келечеги үчүн кара башын сайып, турмуштун ызгаарларына жана бороондоруна  көкүрөгүн тосуп, антка, шертке акыр-аягына чейин бекем тургандыгы, тагдырдын катаал соккуларын каармандык менен жеңип чыккандыгы.

«Зайыпзаттын пашаасы, кең көйнөктүн тазасы, кара сурдун сулуусу, адамзаттын нурдуусу» Каныкей энебиз  сөздүн терең маанисиндеги чыныгы адеп-ахлак өрнөгү, чолпон жылдыздай жаркыраган таалим-тарбия маягы. Кеңири айтканда,  адабияттагы классикалык улуу образдардын бири. Каныкей – “Манас” эпосунун руханий даражасын дүйнөлүк бийиктике көтөрүп турган улуу каарман.

Биз мекенибизди Каныкейдей сүйсөк, Ата журтубузга Каныкейче күйсөк,эли-журтубузга Каныкей энебиздей кызмат кылсак, өлкөбүздүн ташы өйдө карай куламак. Азыркы улан-кыздарыбыздын рухуна, жан дүйнөсүнө синген Каныкейдин менталитети Кыргызстанды сактайт жана гүлдөтүп, өнүктүрөт деген ишеничтебиз.

Советбек БайгазиевСоветбек Байгазиев,
Манас коомдук академиясынын академиги, Эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреаты.

Айбат гезити №98



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru