Айбат » Кыргыздар дүйнөнү багындырууда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Спорт » Кыргыздар дүйнөнү багындырууда

Биз жашап жаткан күндүн теңи караңгы болсо, теңи жарык болот эмеспи,  бул дегенибиз биздин өлкөбүз канчалык алсыз болуп, экономикалык жактан  көп мамлекеттерден артта экенибиз айкын. Буга карабастан, маралдык  жана материялдык  жактан тоскоолдуктар болбосун, бул нерселерди арта калтырып,  мамлекетибиздин желегин көп жерге көтөрүп дүйнө жүзүнө таанытып келген  биздин улан-кыздарыбыз аз эмес.

Инчхон-2014

Бильярдчы Каныбек Сагынбаев Казакстанда өткөн Дүйнө чемпиондугун утуп алды

 21-сентябрда Казакстандын Шымкент шаарында бильярддын динамикалык пирамида түрү боюнча Дүйнө чемпиондугу аяктады. Мелдешке Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Чехия, Тажикстан, Иран, Ооганстан, Орусия, Болгария, Германия, Польша, Өзбекстан, Беларусь, Молдова, Түркия, Азербайжан, Украина, Түштүк Корея жана Франциядан жалпысынан 53 кий чебери катышты. Жыйынтыгында кыргызстандык Каныбек Сагынбаев Дүйнө чемпиону аталды. Бул тууралуу казакстандык басылмалар кабарлашты.  Маалыматка ылайык, Каныбектин финалдагы атаандашы казакстандык Даурен Урынбаев болду. Финалда 7:5 эсеби катталды.  Кошумчалай кетсек, Каныбек Сагынбаев карьерасында үчүнчү ирет Дүйнө чемпиондугун утту. Ал буга чейин 2007-жылы Орусияда жана 2010-жылы Германияда Дүйнө чемпиону аталган.

 

Аяна КасымоваЫрчы Аяна Касымова “Артист” долбоорунун 1-турунан өттү

Ырчы Аяна Касымова Орусиянын “Артист” аталышындагы интерактивдүү музыкалык телешоусунда өнөрүн тартуулап, 1-турунан өттү. 19-сентябрда жаш ырчы америкалык джаз музыкант Стен Гетцтин “Unchained melody” аттуу чыгармасын аткарып, калыстар тобунун жана күйөрмандардын 80 пайыз добушуна ээ болду. Ырчылардын талантын баалаган калыстар тобунун мүчөсү, орусиялык ырчы Юлия Савичева Аяна ырдап жатканда көзүнө жаш алды.

 

Өлкөбүздүн сыймыгы  Атай Өмүрзаков окуучулары менен Германиядагы сынакта  тандоо турунда финалга жолдомо алды

Атай Өмүрзаков өзүнүн окуучуларынан турган “Тумар КР” бий тобу менен бирге Германиянын Франкфурт шаарында өткөн “Das Supertalent-2014” телесынагында финалга жолдомого татыктуу болду. Кыргызстандык бийчилердин талантына таң калган калыстар аларга тандоо турунан түз эле финалга жолдомо беришти. Бул тууралуу бийчи Атай Өмүрзаков интернеттеги баракчасында маалымдады.

“Калыстар биздин талантыбызды жогору баалашты. Биз бийлеп бүткөндө калыстардын бири көзүнө жаш алып, баш байгеге коюлган 100 миң еврону дароо эле бизге тапшырууну сунуш кылды. Калыстар тобунда легендарлуу “Modern Talking” тобунун ырчысы Дитер Болен сыяктуу атактуу адамдар отурушат. 4 калыс тең бизди финалга өткөрүү чечимин кабыл алышты. Биздин видео сайтка жүктөлгөндөн кийин башкы сааттарда эле кароолордун саны 100 миңге чукулдады. Германиялыктардын көбү биздин жеңишке ишенип жатышат. Учурда декабрь айында Германиянын Кёльн шаарында өтүүчү финалдык оюнга даярдана баштадык”,- дейт Атай.   Кошумчалай кетсек сынактын жеңүүчүсүн 100 миң евро өлчөмүндөгү байге күтөт.

 

Жанарбек КенжеевИнчхон-2014:

Кыргызстан курамасынын капитаны Жанарбек Кенжеев грек-рим күрөшүнөн коло медаль утту

 Кыргызстан курама командасынын капитаны Жанарбек Кенжеев грек-рим күрөшү боюнча 80 килограмм салмакта коло медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлаган, Маалыматка ылайык, Ж.Кенжеев чейрек финалда япониялык Цукаса Цурумаки менен беттешип, утулуп калган. Япониялык балбандын финалга чыгуусу менен ал коло медаль үчүн күрөштү уланткан. Натыйжада Йемендин өкүлү менен коло медаль талашып, 5:0 эсебинде утуп алды.

 

Эламан ДогдурбекИнчхон-2014:

Кыргызстандык балбан Эламан Догдурбек уулу коло медаль тагынды

27-сентябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында Эламан Догдурбек уулу да эркин күрөш боюнча коло медаль утту. Маалыматка ылайык, Э.Догдурбек уулу 70 килограмм салмакта күрөшүп, башта түштүк кореялык Манхо Оху аттуу балбанга утулуп калды. Кореянын өкүлү финалга чыгуу менен кыргызстандык балбанга коло медаль үчүн күрөшүү укугун берди. Э.Догдурбек уулу 3-орун үчүн болгон беттеште Түндүк Кореянын өкүлү менен кез келип, 6:0 эсебинде жеңишке жетишти.

 

Евгений ВаккерИнчхон-2014:

Веложарышчы Евгений Ваккер күмүш байгени багынтты

 27-сентябрда Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында веложарышчы Евгений Ваккер күмүш байгени багынтты. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлады. Маалыматка караганда, Евгений Ваккер жекелик жарышта 42 чакырым аралыкта өз күчүн сынап, 21 веложарышчынын ичинен экинчи орунду алган.  Айта кетсек, Азия оюндарында Кыргызстандын капчыгындагы биринчи медаль. Ал эми Ваккер карьерасында Азия оюндарындагы алтынчы медалын утту. Буга чейин ал төрт күмүш, (1994, 2002, 2006, 2010-жылдары), бир ирет коло медаль тагынган (1998).

 

Турат ОсмоновИнчхон-2014:

Боксчу Турат Осмонов коло байге алды

Түштүк Кореяда өтүп жаткан 17-Азия оюндарында кыргыз мушкери Турат Осмонов коло байгенин ээси болду. Ал 49 кг.салмактагылар арасында жарым финалда казакстандык Биржан Жакыпов менен беттешип, утулуп калды. Осмонов буга чейин ирактык жана монголиялык боксчуларды жеңип, жарым финалда таймашка чыккан эле.

 

Айсулуу ТыныбековаИнчхон-2014:

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова коло медальдын ээси болду

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова коло байгени камсыздады. Маалыматка караганда, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова 55 килограмм салмакта өз күчүн сынаган. Ал коло байге үчүн болгон беттеште түндүк кореялык Инсун Жонг  атту айымды 5:1 эсебинде ишенимдуу турдо  утуп алган.

 

Ырчы Салтанат Аширова:

“Аима “X-Factor 5″ сынагына мындан ары катышпайт”

16 жаштагы Аима Айылчиева Украинанын Киев шаарында өтүп жаткан “X-Factor 5″ сынагына мындан ары катышпайт. Бул тууралуу  Аиманын устаты, ырчы Салтанат Аширова билдирди. Анын айтымында, сынактын тандоо турларынан өткөн катышуучуларга долбоордун уюштуруучулары иштешүү боюнча келишимге кол коюуну сунушташкан. Бирок долбоор узакка созулгандыктан, жаш ырчы андан баш тартууда. “Аима бардык тандоо турларынан өттү. Ага аталган долбоордун уюштуруучулары келишимге кол коюуну сунушташты. Долбоор узакка созулгандыктан, Аима ага убактысын кетиргиси келген жок. Ошондуктан келишимден баш тартканы жатат. Учурда ал апасы менен ошол жакта. Каражат жагынан достору колдоо көрсөтүп жатышат. Аиманын потенциалы чоң, келечекте мыкты ырчы болорун ишеничтүү айта алам”,- дейт Салтанат Аширова.

Кыргыз элде жакшы сөз бар «сыйлык сеники, сыймык биздики»,  эмне демекчибиз ашуусу көп Ала-тообуздун арышы алыстап көптөгөн мамлекеттерде кыргыздын желегин желбиреткен улан-кыздарыбыз аман болуп жүрө беришин  кыргыз эли каалайт эле .

Акмат Рааткан

Айбат гезити №98



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru