Айбат » Курман айт майрамы

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Дин » Курман айт майрамы

КочкорУрматтуу мусулмандар жана мамлекетибиздин жалпы тургундары!

Баарыңыздарды 2014-жылдын 04-октябрь күнү боло турган ыйык “Курман-Айт” майрамы менен куттуктайбыз.

 

Мүмкүнчүлүгү жеткендер үчүн Курбан-Айт күндөрү бир жандыкты курмандыкка чалуусу (важиб) сооптуу амалдардан.

Курмандык – бул өзүнчө ибадат. Аны аткаруу таризин Азирети Мухаммед Пайгамбарыбыз өзү көрсөтүп кеткен. Мына ошол көрсөтмө боюнча гана союулган мал курмандык болуп саналат.

Курмандык деген сөздүн мааниси “жакын болуу, Жаратканга жакындоо ” -дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан Аллах Таалага жакын болуу үчүн Курбан Айт күнүндө союулуучу жандык “курбандык”-деп аталат.

Курмандык Айт намазы окулуп бүткөндөн кийин союлат. Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) “Кимде ким намаздан илгери жандык сойгон болсо, дагы кайрадан (башка жандык) сойсун” –деп айткан. (Муттафакун алайх)

Курмандыктын жүйөлүү себептери

Айт күндөрү бей-бечара мусулмандарга ырайым кылуу соопту иштерден болуп, дин жөрөлгөлөрүн урматтоо жана даңазалоо ыймандын белгиси. Адам баласынын бул жакшылык иши менен ыйман күч алат.

Мал жандыктарды бизге моюн сундуруп бергени үчүн Аллах Таала: “Эми андан жегиле жана кембагал бей-бечараларды ырыскыландыргыла. Аны силерге моюн сундуруп койдук, кана эми шугур кылсанар! Аллага анын (курбандыктын) эти дагы, каны дагы жетпейт, бирок, Ага силер тарабынардан болгон такыба (гана) жетет.” –деп айткан (Хаж, 36-37).

 

Курмандыкты кимдер чалат?

Курмандык чалуу акылы жайында, эркин, жолоочу болбогон жана динибизде бай деп эсептелген мусулмандарга важип. Бай деп эсептелүү үчүн ар кандай муктаждыктарынан тышкары 80г алтынга же буга тете акчага же байлыкка ээ болушу керек. Бир үй-бүлөдөгү бай деп эсептелген милдеттүүлөрдүн (балакатка жеткендер) ар бири бирден Курмандык чалуусу милдеттүү.

Курмандык чалуу ибадаты курмандыкка чалынган мал-жандык аркылуу ишке ашат. Курмандык чалганда жандыкты союп, кан агызуу керек. Болбосо, курмандык чалуу ибадаты аткарылбаган болуп эсептелет. Мындан тышкары кылынган нерселерге курмандык деп айта алабыз. Ал эми Курман Айт майрамында союулуучу мал-жандыктын ордуна анын акчасын колунда жокторго берсек, курмандык чалуу ибадатын аткарбаган болобуз.

 

Курмандык чалуунун мөөнөтү?

Курман Айттын биринчи, экинчи жана үчүнчү күндөрү курмандык чалууга болот. Курмандыкты биринчи күнү чалуу абзел. Айт намазы окулган жерлерде курмандык Айт намазынан мурда союлбашы керек. Бул Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын буйругу. Курмандыкты айттын үчүнчү күнү күн батканга чейин чалууга мүмкүн.

 

Курмандыкка чалынуучу мал-жандыктар

Курмандык кой, эчки, төө жана уй түрлөрүнөн гана чалынат.  Курмандыктын жашы боюнча төмөнкү шарттарды эске алуубуз зарыл:

Кой-эчки 1 жаш болушу абзел. Эгер 8 айлык козу 1 жашка чыккан токтудай тулку бою ири жана семиз болсо, аны курмандыкка чалууга уруксат берилет. Уй түрү эки жашты толуктап үчүнчү жылга кирген болушу кажет. Ал эми төө беш жашка толгон болушу керек.

Жапайы жаныбарларды, анын ичинде жапайы уй тукумун, кийиктерди жана тоок, өрдөк сыяктуу канаттууларды курмандыкка чалууга болбойт

 

Ортоктошуп курмандык кылуу

Кой-эчкиден бир гана курмандык болот. Аны бир гана киши чалышы керек. Ал эми уй жана төө түрүнөн болсо эң көп жети курмандык болмокчу. Уй же төө түрүндөгү курмандыкты эң көп жети киши биргелешип сойууга болот.

Курмандыкка биргелешкен адамдардын баары мусулман, Жаратканга ибадат кылуу ниетинде болушу керек. Эгер араларынан бири эт алуу үчүн ортоктош болсо, бардыгынын курмандык ибадаттары жараксыз болуп саналат.

 

Ортоктош союлган курмандыктын этин таразага тартып бөлүшүү зарыл. Курмандык көз божомол менен бөлүнбөйт.

Имама Саракси Ал-Ханафи айтты:  Жети киши биргелешип (шерик болуп) Төө, Уй жандыктарын Курбандыкка сойсо болот. шериктиктин саны жети кишиден ашпоосу керек. Эгер жети кишиден ашып кетсе биргелешип (шерик болуп) Курбандык союу дурус болбойт.

Имама  Абу-Ханафи мазхабы боюнча: Биргелешип (шерик болуп) Курбандык союучулардын барынын ниети бир гана Курбандык союуу Аллага жакындоо болуш керек. Эгер Курбандык союуда шериктердин бирөөсүнүн ниети үй бүлөөсүнө эт алуу же алардын ичинде Христян (Насаро) болсо анда алардын баарынын Курбандыгы жарабайт.

 

Курмандык чалынууда эмнелерге көңүл буруубуз маанилү?

Алгач курмандык малды союла турган жерине жулкуп-улкубай алып баруу кажет.

Малды мүмкүн болсо өз ээси сойгону дурус. Мүмкүн болбосо дайындаган өкүлү сойот. Малды сойо турган адам курмандыкты кыбыла тарапка карата жаткырып, «Бисмиллахи Аллаху акбар!» -деп мууздайт. Курмандыктын ээси жанында туруп төмөнкү аятты окуйт: «инна солаатии ва нусукии ва махйаайа ва мамаатии лиллаахи роббил- ааламиина лаа шариика лаху» (Анаам сүрөсү, 162). Аяттын мааниси: “Окуган намазым, курмандыгым жана башка ибадаттарым, жашоо-өмүрүм жана өлүмүм ааламдардын эгеси Алла Таала үчүн гана. Анын эч бир шериги жок”-дегенди түшүндүрөт.

Мусулмандардын ыйык майрамы болгон касиеттүү күндөрдө элибизде жакшылык, өлкөбүздө тынчтык береке болуусун тилейбиз.

 

Айт майрамдары

Майрам күндөрүнүн дагы фазилаты чоң. Курман майрамынын 1, 2, 3 күндөрүнөн кийинки түндөр Курман майрамынын түндөрү деп аталат. Рамазан айынын акыркы күнү менен майрамынын биринчи күнүнүн ортосундагы түн Рамазан майрамынын түнү деп аталат.

Хадиси шарифтерде айтылган:

“Рамазан жана Курман майрамынын түндөрүндө ибадат кылган адамдын көңүлү көңүлдөр өлгөн күндө өлбөйт.” [Ибни Маже, Таберани]

“Ырайым эшиктери төрт түнү ачылат. Ал түндөрдө кылынган дуба, тообо кайтарылбайт. Рамазан майрамынын жана Курман майрамынын биринчи түндөрү, Берат түнү жана Арафа түнү.”[Исфахани]

“Мына бул беш түндө кылынган дуба артка кайтарылбайт. Регаиб түнү, Берат түнү, Жума түнү, Рамазан жана Курман майрамынын түнү.” [Ибни Асакир]

Майрамда эрте туруу, гусул алуу, мисвак колдонуу, жыпар жыт себинүү, жаңы жана таза кийим кийүү, жүзүндө кубанычын билдирүү, шакек тагуу, кезигишкен момундарга жарык жүз менен салам берүү, кедейлерге көп садага берүү, Исламиятка туура кызмат кылгандарга жардам берүү, таарынышып жүргөндөрдү элдештирүү, бир тууган, дин бир туугандарды зыярат кылуу, аларга белек алып баруу – сүннөт. Майрам түндөрү ибадат кылган адам чоң бакытка ээ болот. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

“Майрам түндөрү ибадат кылган адамдын көңүлү көңүлдөр өлгөн күнү өлбөйт.” [Таберани]

Рамазан майрамында Айт намазынан мурда таттуу жеш, хурма жеш, хурманы 1,3,5 кылып так санга маани берип жеш сүннөт. Хадиси шарифте айтылган:

“Аллаху таала бир, бирге маани бергенди сүйөт.” [Бухари]

Майрам күндөрү кубануу керек. Хазрети Абу Бакр кызы Аиша энебиздин үйүнө барганда эки жариянын даф уруп ойноп жатышкандыгын көрөт. Ансар-ы кирамдын каармандыктарын мактап, дастан айтып жатышкан эле. Хазрети Абу Бакр Расулуллахтын үйүндө мындай нерсенин кылынуусунун ылайык эместигин билдирип, аларга токтоткула дейт. Тойлордо жана майрамдарда аялдардын даф чертүүлөрү жаиз болгондугу үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Абу Бакрга: “Аларга тоскоол болбо! Ар коомдун бир майрамы бар, бул болсо биздин майрамыбыз. Майрам – сүйүнүчтүү күндөр”, – деп буюрат. (Бухари)

Таарынычта болгондордун майрамды күтпөстөн дароо элдешүүлөрү керек. Аллаху тааланы жана Пайгамбарыбызды суйгөн адам адамдардын кемчиликтерине карабайт, аларга карата сабырдуу болот. Жакшы адам [момун] алар тараптан келе турчу кыйынчылыктарга дагы чыдайт. Бир кемчилигинен улам эч кимге таарыбоо керек.

Таарыныч болсо дагы үч күндөн артык созулбоосу керек. Эгер майрамга чейин созула турчу таарыныч бар болсо көп кечиктирбестен элдешүү керек. Хадиси шарифтерде айтылган:

“Бири-бириңер менен болгон байланышты үзбөгүлө! Бири-бириңерге аркаңарды салбагыла! Бири-бириңерге кек жана душмандык сактабагыла! Бири-бириңерди кызганбагыла! Эй, Аллахтын кулдары, бир тууган болгула! Бир мусулмандын башка бир тууганына таарынып үч күндөн көп алыстоосу адал болбойт.” [Бухари]

“Мусулманга үч күндөн артык таарынып жүргөн адам Жаханнамга кирет.” [Несаи]

“Бири-бирине таарынып жүргөн эки кишиден кайсынысы мурда салам берсе күнөөлөрү кечирилет. Берилген саламды тиги киши кабыл албаса периштелер алат. Салам албаганга болсо шайтан сүйүнүч менен мамиле кылат.” [Ибни Абу Шайба]

“Момун адам бир тууганына үч күндөн артык таарынып жүрүүсү жаиз эмес. Үч күндөн кийин ага салам берип ал-ахвалын суроосу керек. Анын саламын алса экөө бирге соопко орток болушат. Саламын албай турган болсо күнөөгө кирет. Салам берген адам дагы таарынычта болуунун жоопкерчилигинен кутулган болот.”[Абу Давуд]

“Дин бир тууганы менен бир жыл таарынышып жүргөн адам аны өлтүргөн сыяктуу күнөөгө кирет.” [Абу Давуд]

“Амалдар Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү Аллаху таалага арыз кылынат. Аллаху таала өзүнө ширк болбогон бардыгын кечирет. Бирок, бул жакшылыктан бири-бирине кек сактаган эки адам пайдалана алышпайт. Аллаху таала: “Ал эки киши элдешкенге чейин амалдарын мага алып келбегиле”, – деп буюрат.” [И. Малик]

“Эки киши бири-бирине таарынычта өлсө Жаханнамды көрбөстөн Жаннатка кирбейт. Жаннатка киришсе дагы бири-бири менен кезигише алышпайт.” [Ибни ХИббан]

Рамазан кеткендиги үчүн эмес күнөөлөрүбүз кечирилгендиги үчүн, чоң сооп жана ниматка жеткендигибиз үчүн майрамдоодобуз. Хадиси шарифте айтылган:

“Майрам күнү эртең менен мусулмандар намаз үчүн мечиттерде жыйналганда Аллаху таала периштелерден: “Ишин орундаганга жооп эмне?” – деп сурайт. “Акысын алуу”, – дешет. Аллаху таала болсо: “Силер күбө болгула, Рамазанда орозолууга жана намаздарга жооп катары кулдарыма өз ыраазылыгымды жана кечиримимди бердим. Эй кулдарым, бүгүн менден тилегиле, иззат жана жамалымдын акысы үчүн тилегендериңерди беремин”, – дейт.” [Байхаки]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам: “Рамазан айынын акыркы күнү Аллаху таала орозо кармагандарды кечирет”, – дегенде Асхабы кирам: “Йа, Расулаллах, ал күн Кадыр түнүбү?” – деп сурашат. Аларга:”Билбейсиңерби, иш аткарганга ишти бүтүргөндө акысы берилет”, – деди. (Байхаки)

Буларды билген мусулман кантип кубанбасын жана майрамдабасын. Майрамда сүйүнүү керек. Хазрети Абу Бакр кызы Аиша энебиздин үйүнө барганда эки жариянын даф уруп ойноп жатышкандыгын көрөт. Ансар-ы кирамдын каармандыктарын мактап, дастан айтып жатышкан эле. Хазрети Абу Бакр Расулуллахтын үйүндө мындай нерсенин кылынуусунун ылайык эместигин билдирип, аларга токтоткула дейт. Тойлордо жана майрамдарда аялдардын даф чертүүлөрү жаиз болгондугу үчүн Пайгамбарыбыз алейхиссалам Хазрети Абу Бакрга: “Аларга тоскоол болбо! Ар коомдун бир майрамы бар, бул болсо биздин майрамыбыз. Майрам – сүйүнүчтүү күндөр”, – деп буюрду. (Бухари)

Хазрети Али: “Бүгүн орозосу кабыл болгондордун жана күнөөлөрү кечирилгендердин майрамы”, – деген. Хадиси шарифте дагы:”Рамазан айында ичкиликти таштабаган, эне-атасына аси болгон, бир тууганын зыярат кылбаган адамдан башка бардыгынын күнөөлөрү кечирилет”, – деп айтылган. (Гунйа)

Эгер булар тообо кылышса Аллаху таала күнөөлөрүн кечирет. Рамазандагы сооптор билингенде “Ар күнү Рамазан болсо” делмек. Хадиси шарифте: “Рамазан айындагы жеке сооптор билингенде жылдын толугу менен Рамазан болуусу кааланмак”,- делген. (Абу Наср)

Күнөөлөрдөн сактанып орозо кармагандар кандай гана бактылуу. Булар чыныгы майрамды акыретте майрамдашат!

Курман айтыңыздар маарек болсун!

Айбат гезити №98



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru