Айбат » “Темир Сариев кетсин!” – деп ырдатабыз дегендердин тилеги таш капты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Темир Сариев кетсин!” – деп ырдатабыз дегендердин тилеги таш капты

Ýêñ-äåïóòàò ïàðëàìåíòà Êûðãûçñòàíà, ëèäåð îáúåäèíåííîé îïïîçèöèè Êûðãûçñòàíà Ò.ÑàðèåâАдилетсиздикке жаны күйгөн Жети-Өгүз районунун тургундары 2013-жылдын 28-майында кайтадан нааразычылык акциясына чыгып, жол тосулуп, кен иштетүүчү комбинаттын свети өчүрүлүп, укук коргоо органдары менен кагылышып, 90 бала камалып, «Волна» пансионатына өмгөктөп кире качып, буктурмага кабылып, жаны оозуна кептелген Ш.Атаханов жалдырап кечирим сурап, акыры, тополоңдо 60тай адам жаракат алып, экөөнүн көзү агып, анан бийлик башындагылар «Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгарабыз» деп убада бергенден кийин барып тынчыды.

Тилекке каршы, кечээ эле алапайын таппай, Алласы оозунан түшүп, эмне десең макул болуп жаткан өкмөт жетекчилиги, ЖКнын депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эшеги ылайдан өтөөрү менен эл алдында берген убадаларды унутуп, «мен кыйынмын, мен бүтүрдүм, тиги качты, муну кууп салышты, биз барбасак иш чатак болмок экен» дешип, жарыша президенттин алдында актанып, мактанышып, айрым элди сабап, көз агызгандарды ЖКнын токтому менен мамлекеттик сыйлыкка да көрсөткөнгө үлгүрүштү. Убадалар аткарылбай, Жогорку Кеңеш (ЖК) өкмөттүн өтүнүчү менен маселени күзгө жылдырып, «ишенген кожолору» алдап кеткенине кыжырданган эл кайрадан нааразычылыкка чыкканы турат. Ушул жарыша актануу-мактануу өнөктүгү маалында, айрымдар кара пиар менен шугулданып, бири-бирин каралап, келечегине балта чабууга кызыкдар болгону да байкалды. Мындай тетири сөз таркатып, жаманатты кылуу акциясы экономика министри Темир Сариевге каршы уюштурулуп, Нарынга чейин дүрбөлөң салышты. Сариевдин эл менен жолугушуу учурунда; «Кумтөр» тоонун аркы бетинде болгондуктан, эгер уулар ташыса көл жакка акпайт, ары Нарын суусуна карай агат» деген сөзүн илип алышып, -«эмне ары акса мейлиби, Нарындын эли эл эмеспи, алар ууланып өлө беришсинби?» дегенге чейин барышып, арты Ш.Атахановдун кумдун үстү менен төрт аяктап качкан сюжетине аралаштырып, «Темирди да эл кабыл албай, сөзүн укпай, кууп салыптыр» деген карандай калпты кошуп, жаманатты кылганга аракеттер жасалды. Кеп чынында, 29-майда, өкмөт мүчөлөрүнөн эң алгачкыларынан Барскоон капчыгайына келип, жол тоскон эл менен эки сааттан ашык баарлашып, элдин толгон-токой, ачуу-таттуу суроолоруна ачык жооп берип, көптөгөн суроолорду жапканын, эч кайда качпай ошол эл менен бирге болгонун башкалар билбесе да, Жети Өгүздүн эли билет. Т. Сариевдин кыйынчылыктардан качпастыгы кыргыз элине деле белгилүү . Бакиевдин режими күчөп турганда, аянттагы бозүйлөрдү талкалап, газ, резинка ок менен аткылаганда фронттун башчысы Ф.Кулов, Ө.Текебаев, ж.б. лидерлер безип кеткенде, көзүнөн жашы шоргологонуна карабай, эл менен ошондо жалгыз Темир калганы эсибизде. Андан кийин 2010-жылдын 6-апрелинде оппозиция лидерлерин бүт камап жатканда, ошондо Москвада жүргөн Т.Сариевге, аяктагы орустар, бияктагы оппозициячыл күчтөр; -«Темир келбе, камайт» дешкенде, -«камалам деп, качып келбей койду деп жаманатты болгончо, барам! Камаса камасын», деп, учуп келип камалган, эртеси 7-апрелде, камактан чыккан лидерлердин арасынан кайра эле ошол Т.Сариев аянтка келип, мөндүрдөй жааган октун алдында, Камаздын үстүндө митинг жасаган деле ушул Темикең эмес беле. Анан эми бүгүн минтип, бийлик оош-кыйыш болчудай, туруксуз кырдаал түзүлүп жатканда, элди түндүк-түштүк кылып, бөлүп-жарып, эки ортодон пайда таап жүргөн кузгундар, таза адамдарга көө жаап, өзүлөрүнүн арам пландарын ишке ашырууга далбастап жатышат. Бирок элден айланса болот, эл деген баарын көрүп-билип, баарын өз ордуна коюп коет экен. Провокаторлодун Нарында акция өткөрүп, Нарын элин; -«Темир кетсин!», деп ырдатабыз деген тилеги таш каап, эл чыкпай койду.

Абды Калыстуратов
Булак: “Алиби”(М.Э)




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru