Айбат » Мугалим мөмөлүү дарак

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Мугалим мөмөлүү дарак

МугалимЮНЕСКО тарабынан жарыяланган 5-октябрь – мугилимдердин күнү 1994-жылдан бери белгиленип келет. Уюмдун билдиргенине караганда, жер жүзүндө баштапкы билим берүүнүн максаттарына жетүү үчүн 2015-жылы жалпысынан 18 миллионго жакын жаңы мугалим керек болот. ЮНЕСКОнун эксперттери белгилешкендей, учурда көптөгөн мамлекеттерде мугалимдердин жетишсиздиги курч көйгөйлөрдүн бири. Мындай жагдай мугалимдердин айлыгынын төмөндүгүнөн, мугалимдердин кесиптик деңгээлинин төмөндүгүнөн улам түзүлүүдө. Ал эми Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамы октябрь айынын биринчи жекшембисинде белгиленип келет. Бүгүнкү күндө республика боюнча үч жарым миңден ашуун мугалим жетишпейт. Ал эми мектептерде 117 миң мугалим эмгектенет.

Биз алгач мектеп босогосун аттагандан кийин “А” тамгасын таанытып, биздин экинчи ата-энелик атка татыктуу жана бул жашоодо өз ордубузду тапканга чоң салым кошкон бул албетте, биздин алтындай болгон мугалимибиз болуп саналып келет. “Мугалим мөмөлүү дарак” деп бекеринен айтылбаса керек. Мугалимдин иши айтып бүткүз дастан сыяктуу десек да жаңылышбайбыз. Анткени, мугалимдин жүк көтөргүз эмгекти талап кылып, күнү-түнү жарыбаган айлыка чыдап,  Кыргызстандын келечеги болуп саналган жаш балдарга билим берүүнүн үстүндө эмгектенип келишет.  Ушундай оор кырдаалда түшүнүк менен иштеп, өз мугалимдик жумуштарын сүйүп иштеген мугалимдерибизге ыраазычылык жана алкыш сөздөр гана таттыктуу болот. Азыркы учурда мамлекетибизде жалпысынанан 2185 жалпы билим берүүчү орто мектеп, аларда 1 млн. 136 миңден ашуун окуучулар бар. Булардын 38 жеке жана аралаш менчиктеги мектептер, “Себат” билим берүү уюмунун 14 мектеп-лицейлери, 24 атайын мектеп-интернаттары бар. Жыл сайын биринчи класска 100 миңге жакын окуучу кабыл алынат. Ал эми жогорку окуу жайлардын саны  52 жетет, анын ичинен 21 жеке менчик болуп саналат. Кыргызстан боюнча  мугалимдердин саны 117 миң мугалим бар, азыркы тапта мектептерге 3 миңге чукул мугалим керек болуп мамлекетибиз мугалимдерге зар болуп турган учуру.

Урматтуу Кыргыз Республикабыздын жалпы  мугалимдери сиздерди “Айбат” саясий жана коомдук газетасы, майрамыңар  менен чын жүрөктөн куттуктайт. Опол тоодой болгон ишиңиздер  ар дайым жеңил болуп, берекелүү болсун. Өзүңүздөр ар дайым бактылууктун нуруна бөлөнүп, окуучуларга өз нуруңарды тегиз бирдей чачып, арабызда аман-эсен жүрүңүздөр. Кыргызстандын өсүп өнүгүшүнө кошкон салымыңар дагы-дагы бийик чокуларды багынтып, кыргыздын намысын коргой турган, жашоосун оңдой турган уул-кыздарды тарбиялап чыгара  бериңиздер.

Айбат гезити №98



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru