Айбат » Хань династиясынын доорундагы кыргыздардын гүлдөп-өнүгүшү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Хань династиясынын доорундагы кыргыздардын гүлдөп-өнүгүшү

Хань династиясыКыргыз улуту – байыркы улут, узун тарыхка ээ. Мындан 2000 жыл мурдагы Хань династиясынын доорундагы кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар Жуңго мамлекетинин тарыхый китептеринде кездешет. 

Кыргыз улуту байыркы заманда «гергур» деп аталган. Цинь династиясынан мурда чоң чөлдүн түндүгүндөгү көчмөн малчы уруулар менен ынтымакта болуп, ар бир уруу өз ичинде уруу аксакалдарынын башчылыгы астында жашап, негизги бөлүгү аңчылык, балыкчылык, көчмөн малчылык менен алектенишкен.  Ал эми, аз бир бөлүгү отурукташкан дыйканчылык коомуна кирген. Ал убакта бүткүл кыргыз коому матриархалдык коомдун тайпалык стадиясында болгон.

Цзинь династиясы менен Хань династиясы алмашканда, гундар чоң чөлдүн түндүгүндө күч алып, кыргыз өңдүү уруулар гундар тарабынан багындырылып, гундардын үстөмдүгү астында калышкан.

Хань династиясынын доорунда кыргыздардын абдан өнүккөн алгачкы мезгили болуп, кыргыздар гундардын зулумуна каршы улам-улам күрөшкө чыккан.

Хань династиясынын доорунда кыргыздардын жайлоо-жайыттары өтө кеңейип, Енисей өрөөнүндөй эң эле көшүлгөн кең жайытты ээлеген. «Ханнаамада» жазылгандай: «кыргыздар чыгыштагы Теңиркут ордосунанжети миң чакырым, түштүктөгү Касийден беш миң чакырым алыста болуп, чыгышта телектер менен коңшулаш, батышта усун, сактар менен коңшулаш, түштүктө гундар менен чек аралаш» болгон. Ошол кездеги эстеликтерге караганда, кыргыздар чоң чөлдүн эң түндүгүндө отурукташкан уруу болгон. Тарыхый китептерде айтылгандай, алардын жери «Түндүк деңизге» туташ болгон, б.а. Түндүк Деңиз кыргыздардын жери болгон.

Хань династиясынын гавди 1-жылынан (б.з.ч. 206-жылдан) Хань династиясынын жаңы жылына (87-жылга) чейинки 300 жылга жакын убакытта кыргыздар гундардын эзүүсү жана үстөмдүгүнө каршы бир топ көтөрүлүш чыгарып, көп жолу телек, усун, сактар менен биригип гундарга каршы согуш ачкан. Ал согуштардын натыйжасында бир канча жолу гундардын кулдугунан кутулган болсо, бир канча жолу гундардын дагы да катуу зулуму астында калган. 87-жылга келгенде кыргыз, телек, усун сыяктуу чоң чөлдүн түндүгүндөгү уруулар Хань династиясынын борбордук өкмөтүнүн колдоосу менен гундарга каршы биримдикте чабуул коюп, эң соңунда гундардын үстөмдүк кылган төбөлдөр тобун биротоло талкалап, гундарды батышка көчүүгө мажбурлаган. Бул жолку биримдиктүү сокку гун күчтөрүн талкалаган эң соңку жеңиш болуп, кыргыз уруулары үчүн да өтө маанилүү тарыхый окуя болгон. Биринчиден, кыргыз уруулары гун урууларынын богоосу менен зулумунан кутулуп, кыргыз коому өнүгүү нугуна түшкөн; экинчиден, кыргыздардын бир бөлүгү гундарды кууп ээрчип, Борбордук Азиядагы Тянь-Шань өрөөндөрүнө кирип, кыргыздардын таралуусу кеңейген. Айтмакчы, бул кезде кыргыздардын бир бөлүгү азыркы Ак-Чий Какшаалдарыясынын өрөөндөрүнө көчүп келип мал багып, Кызыл-Сууга эң алгач көчүп келген кыргыздардан болуп калган.

Бул мезгилде кыргыздар гундарга каршы орток сокку уруу күрөшүндө чоң чөлдүн түндүгүндөгү телек, усун сыяктуу уруулар менен ынтымакташып, бул уруулар менен дос-коңшулук байланыш орноткондугу кыргыз коомунун экономикалык өнүгүүсүнө себеп болгон.

Хань династиясынын доорунда кыргыз уруулары борбордук бийликтин өкүлү болгон Хань династиясынын өкмөтү жана ханзу улуту менен тыгыз байланышта болуп, булардын ортосундагы мамиле өтө тереңдеген. Биринчиден, Хань династиясынын аскерлери менен гундардын ортосунда жүргүзүлгөн 300 жылга жакын созулган согушта кыргыздар, согуштун эки тараптын элдерине алып келген жабырланууларын, курмандыктарын, коомдук экономикага болгон эбегейсиз зыяндарын сезип, гундардын ак сөөктөр тобунун борбордук падышага каршы ачкан согуштары менен кутурган кыргынчылыгына жана талоондоруна, бөлүп-жарып бийлөөсүнө болгон нааразылыгы менен каршылыгы барган сайын тереңдеп, Хань династиясынын гундар менен болгон ар жолку согушунда кыргыз урууларынын басымдуу көпчүлүгү Хань династиясынын өкмөтү тарабында турган. Мындан, Хань династиясынын доорунан баштап эле кыргыз улутунун баштан-аяк борбордун биримдигин коргогондугун, б.а. Хань династиясынан баштап эле кыргыздар Жуңго борбордук падышалыгынын эң түндүгүндөгү зарыл коргоочу болуп калгандыгын, кыргыз улутунун мамлекеттик биримдигин жана улуттар аралык ынтымагын коргогон улуттук арзусу менен улуттук руху ошол мезгилден баштап бара-бара калыптана баштагандыгын көрүүгө болот. Экинчиден, чамасы, дал ошол убакыттан баштап эле кыргыздарга ханзулардын каны кошула баштаган. Хань династиясынын жасоолу Ли Лин кыргыз аймактарында узун мезгил оң кол сангундукту аткаргандыктан, анын урпактары кыргыздар менен ассимиляцияланган. Мындан сырткары, ханзу Ваң Жавжүндүн урпактары да кыргыздар менен ассимиляция болуп кеткен. Ошондуктан, кыргыздар өздөрүн ханзулардын жээни катары эсептеп, эки улут ортосунда жээн-тагалык байланыш болгон. Мындай туугандык байланыш 2000 жылдан көбүрөөк созулган. Ошону менен ар бир кыргыздын ханзулар менен болгон жээн-тагалык туугандык байланышы жөнүндөгү кооз уламыштардын кыргыз элинин арасында таралганына 2000 жылдан ашкан.

Чындыгында ханзулардын кыргыз аймактарына болгон таасири жазылып калган тарыхый китептерде белгиленген мезгилдерден мурда эле болгон. «Советтик археология илими» деген китепте берилген советтик археологдордун Енисей өрөөнүнөн алган археологиялык материалдарына караганда, тээ б.з.ч. 1200-жылдан мурун эле Енисейлик байыркы кыргыздар Жуңгонун колодон жасалган куралдарын иштете баштаган. Ошону менен катар, аталган археологдор кыргыздар отурукташкан аймактарда чоң типтеги, көп эшиктүү Жуңго сарайы сыяктуу бир курулушту байкаган. Бул там эки кабат болуп, үстү чопо кыш менен жабылган. Чопо кыштын бетине Хань доорундагы жазуу менен «падыша миң миллион жылдар жашап, музыкалар тынбай жаңырып, куунак өтсүн!» деген текст оюлган. Бул курулуш Хань династиясынын доорундагы падыша сарайына окшош формада салынгандыгы айкын. Чопо кыштын бетине жазылган тамгалар мына ошонун болоттой далили. Ошондой эле, колодон айбандардын кулагы, мүйүзү, беткап сыяктуу көптөгөн куралдар жасалган. Алар чоң чеберчилик менен Жуңгодо жасалган. Мындан, Хань доорунда орто түздүк маданиятынын кыргыз аймактарына кыйла терең таасир тийгизгендигин көрө алабыз.

Мындан башка, Жуңго тарыхында атактуу бир тарыхый кейипкер бар. Ал – Хань доорундагы Су Ву. Ал да кыргыз жергесинде узун мезгил жашаган жана мал баккан Түндүк Деңиздин тегерегиндеги жерлер кыргыздарга таандык деп айткан. 2003-жылы Жуңго менен Кыргызстандын тарых жана маданият тармактары эки мамлекеттин орток мурасы болгон «Манас» баатырдык эпосу жөнүндөгү илимий изилдөө тажрыйбалары менен алмашканда, Кыргызстан жактын тийиштүү жетекчилери, кыргыздардын тарыхынын изилденишине караганда, кыргыздар эзелтен Жуңголуктар менен согушпастан, баштан-аяк достук байланышта болуп келгендигин, кыргыз мамлекети жалпылай ушундай пикирде экендигин айткан. Бул тарыхка болгон табигый объективдүү мамиле. Цинь династиясынын доорунун гуаңшү 7-жылында (1881-жылы) түзүлгөн «Жуңго-Россия Иле шартнаамасынан» мурда, «жыржыс» менен «киркизи» сөздөрү бир эле улуттун бүгүнкү ханзу фонетикасына жараша окулушу болгон. Ал убакта кыргыз жергеси Цинь династиясынын букарасы болгон. «Жуңго-Россия Иле шартнаамасынан» кийин, Жуңгонун Иле жана Кашкардын түндүгүндөгү кең аянт Россияга бөлүнүп берилип, адам жерге карай айрылат деген принцип иштелип чыгып, ошондон баштап бул жерде жашап жаткан кыргыздардын чоң бир тобу Россия тургунуна айланган. Мамлекет жергеси зордук менен бырчаланып, тамыры бир эл эки мамлекетке бөлүнүп калган. Бул жакынкы доордо болгон окуя болуп, 120 жылдан ашык убакыт өтүп, азыркыдай эсте сакталып, кишинин артка карагысын келтирбейт. Мындай кайгылуу эскерүүлөр менен күйүттүү сабактар тууралуу кийин да сөз кылынат. Бул жерде түшүндүрүлө турганы, кыргыздар Хань династиясынын доорунда эле гундардын үстөмдүгүнөн кутулуп, Жуңго борбордук падышалыгына карагандан кийин, байыркы маданияттуу кытай улуттарынын бири болуп, ата-мекенди сүйүү сезими узун тарыхый негизге ээ болуп, түбөлүккө өзгөргөн эмес. Мейли канчалык оор жагдайлар болбосун, канчалык кыйынчылык жана басымдар болбосун бул сезим эзелтен бери кемиген эмес.

Биз Хань династиясынын доорундагы кыргыздардын коомдук-чарбалык абалына көз жүгүртөлү:

Хань династиясынын доорундагы кыргыздардын коомдук чарбасы жөнүндө тарыхый китептерде көп жазылбаса да, археологиялык материалдарга таянып, Хань династиясынын доорундагы кыргыздардын жашоосунун жалпы абалын көрсөтүп берүүгө болот.

«Вый Лө баяны. Батыш нумдарда» кыргыздар «жайыт, сууга карай оторлоп мал багышат. Булгуну көп болот, жылкылары жакшы чыгат» деп жазылат. Мына ушул – кыргыздын коомдук жашоосунун негизги агымы. Кыргыздар алектенген мал чарбачылык – көчмөн мал чарбачылыгы болгон. Ошону менен бирге алар аңчылык менен да алпурушкан. Археологиялык материалдарда байкалгандай, Енисей кыргыздарынын көчмөн малчылык чарбасы кыйла өнүккөн. Баккан малдары негизинен жылкы, уй, кой болгон. Айрыкча, жылкы менен уй эң эле көп болгон. Енисейде байыркы аска таштарда тегерек түндүктүү ак үйлөр, чартарабы кой, уй жана жылкылардын үйүр-үйүрү менен оттоп жүргөндүгү тартылган сүрөттөр көп учурайт. Бул – өз кезиндеги көчмөн эл чарбасынын символу. Окшош бир аймактагы аска таш сүрөттөрдөн бугу үйүрүн, аңчылардын жаа менен жолборс, илбирстерди атып жаткан аңчылык сүрөттөрүн көрсө болот. Мында алардын аңчылык ыкмаларынын айрымдарын көрө алабыз.

Хань династиясынын доорунда Енисей кыргыз коому чарбасындагы эң чоң бир өзгөчөлүк – туруктуу отурукташкан дыйканчылык болгон. Археологдор байкаган татаал сугат системасы ал кездеги дыйканчылыктын кыйла эле өнүккөндүгүн түшүндүрөт. Аска таштардагы сүрөттөрдөн да дыйканчылык менен эмгектенип, туруктуу отурукташкан дыйкандардын үйлөрүнүн чөп-ылай менен жабылган үйлөр экендигин, үй ичинин жыгач орундуктар менен жасалгалангандыгын, тамдарга туштук тартылгандыгын, жерге шырдак салынып, оймолору эң эле көркөм жана асыл экендигин көрө алабыз. Эң эле өзгөчөсү – дыйканчылык кылып жер айдаганда, улуттун иштеткен ташымал куралдары араба болуп, ал кыйла эле көлөмдүү жана татаал технологиялуу болгон. Мындай 4 ат чегилген, төрт дөңгөлөктүү наапалар менен арабалар толугу менен металлдардан жасалбастан, бир канча жүздөгөн тетиктерден куралган. Мындай тетиктер жыгач моюнтурук, ошондой эле кайыштар менен чатылып жасалгандыктан, анын технологиялык чеберчилигинин кыйла жогорку деңгээлге жеткендигин түшүнсө болот.

Бул мезгилдердеги кыргыздар коло, темир, жыгач, чопо, ошондой эле териден жасалган буюмдарды иштете баштаган. Бул материалдарды тиричилик буюмдарын жасоодо гана эмес дыйканчылык шаймандарын, жоокердик куралдарды жасоодо да колдонгон. Айрыкча, бул курал-шаймандардын үстүнө чөгөрүлгөн технологиялык кооз оймолордон өз кезинде кыргыздардын кыйла жогорку даражадагы технологиялык чебердигин көрүп эле калбай, Хань династиясынын доорундагы кыргыздардын өндүрүш, турмуш салт-санаасы менен эстетикалык табитин билсе болот.

Жыйынтыктап айтканда, Хань династиясынын доорундагы Жуңго кыргыздарынын коомунда зор өзгөрүү жана өнүгүү болгон. Саясий жактан караганда, кыргыздар тарыхый сахнага чыккан жана Хань династиясынын гундарга каршы биримдиктүү согуштарына көп жолу катышкан. Жоокери 30 миңден ашып, кыргыздын аскердик күчү Хань династиясынын гундардын бөлүп-жарып башкаруусуна сокку уруусуна зор салым кошкон. Кыргыз уруулары Хань династиясына тике караштуу болуп, Хань династиясынын түндүктөгү коргону болгон. Кыргыздар кытай улуттарынан турган чоң үй-бүлөнүн расмий мүчөсү болгондуктан, анын узун тарыхы жана көрөңгөлүү маданияты Жуңгонун тарыхы жана маданияты менен жуурулушуп, кытай улуттары менен байыркы Хуаша мамлекетинин жаркырап жайнаган шаңдуу нурун жаратууда ортоктош болгон. Ошону менен катар коомдук чарбада зор өнүгүү баскычына кирип, кыргыз улуту кытай улуттарынын чоң үй-бүлөсүндө уламдан-улам гүлдөгөн.

Айбат гезити №98



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru