Айбат » Эрлан Салбаров: “Келечекте он балалуу болгум келет”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Эрлан Салбаров: “Келечекте он балалуу болгум келет”

Эрлан СалбаровБаянын колуна алып, кыргыздын оор чыгармаларын аткарып келген Эрлан Салбаров менен маек курдук.

- Эрлан, маегибизди сенин чыгармачылыгыңан баштасак. Азыр кайда иштеп жатасың?

– Чыгармачылыгым өз нугунда акырындан баратат . Чыгармачыл адам болгондон кийин чыгармачылыктан алыстоо таптакыр болбой турган иш. Азыр Аламүдүн райондук маданият үйүндө “Арка сыры” аттуу ансамблында иштеп жатам. Жаңы ырларды жаздырып, бош убакыт боло калса клип тарттырып эле иштеп жүрөм десем болот.

- Баян экөөңөр дагы деле чогуу ырдап жүрөсүңөрбү?

– Албетте, сахнага бирге чыгып, элдин эсине Эрлан, Баян болуп калбадыкпы. Азыр да чогуу дуэт аткарып, бирге иштейбиз.

- Күз келип тойдун сезону башталып тойлорго чыгып жатсаң керек? Тойлорго ырдаганыңа канча аласың? Сураганым, азыр ырчылар 2 ырына 200-300 доллардан өйдө алышат экен го?

– Карышкырдын түшүнө кой кирсе, биздин түшкө той кирген заман болуп калбадыбы. Албетте, ырчыны той-топур, концерт багат. Азыр тойдун сезонунда элден калбай чакырууларга барып 100-200 доллардан ырдап берип жатабыз. Кээ бир убактарда соопчуук үчүн бекер деле ырдап коебуз. Кыргызда эле эмес бардык жерде эле ырчыларды той, салтанаттар багат болуш керек.

- Кримчөйрөнүн өкүлдөрүнүн тойлоруна ырдап көргөнсүңбү?

– Ооба, ырчы угуучу тандабайт дегендей, андай тойлорго барып деле ырдаган күндөр болгон. Кримчөйрөнүн өкүлдөрү кыргыз жыттанган ырларды абдан жактырышат жана баалашат.

- Үй-бүлөөң туурасында көп айтпайсың, келинчегиң каяктын кызы болот, чыгармачылыкка жакынбы?

– Келинчегим Айпери Нарындын кызы, чыгармачылыктан алыс. Андай болгону менен чыгармачылыгымды жакшы түшүнүп колдоо көрсөтүп турат.

- Казан-аяк кагыша кеткенде кимиңер биринчи кечирим сурайсыңар?

– Турсунбек Акун мырза айткандай “Казан-аягы кагышпаган үй-бүлөө нормалдуу эмес – үй-бүлөө”. Биздикинде да андай учурлар болуп кетет. Бирок, аялдан амал качып кутулбайт эмеспи, Айпери андай учурларда унчукпай, сөздү башка нукка буруп, урушту чыгарбоого көп аракет кылат. Бирок, жинибиз тараганда кимден күнөө кетсе ошонубуз кечирим сурап, ынтымактуу турмуш кечирип калабыз.

- Канча балалуу болдуң?

– Жаратканым бизге Амина аттуу чүрөктөй болгон кыз берген. Азыр Аминанын кылык-жоругуна апасы экөөбүз элжиреп, баланын жытына тойбой турган чагыбыз. Буюрса, кудайым ден соолук, күч-кубат берсе келечекте он балалуу болууну кыялданып жатабыз.

- Сенин оюңча жалгыз гана ырчылык менен үй-бүлөнү багып кетүүгө болобу?

– Эгер ыгын тапсаң ырчылык менен үй-бүлөңдү багып, буттан турсаң болот. Бирок, ошого жараша чыгармачылыктын үстүнөн талбай эмгектенүү керек. Мен ырчылык өнөрүм менен эле үй-бүлөмдү багып келе жатам. Бирок, ырчылыкты акча табуу максат менен эмес, келечекте Эрлан Салбаров деген ысымды кыргыз маданиятына калтыргым келет. Ырчылык менин сүйгөн кесибим. Ал эми акча табууну гана көздөгөн ырчыларга айтаарым, акча кандай бат табылса, ошондой бат жоголот. Ал эми талант өмүр бою кала турган нерсе. Ошондуктан, акчанын артынан эмес, таланттын, чыгармачылыктын артынан чуркагыла демекчимин.

- Чыгармачыл чөйрөдө кимдин талантын баалайсың?

– Чыгармачылыкта мен суктанган, баалап жүргөн көп эже –агалар, устаттар бар. Улуу муундардан Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев,  Чабалдаев, Асек Жумабаев аттуу аталарыбыз бизге жол салып кеткен. Ошол аталарымдын чыгармаларын калтырган ырларын сүйүп, баалап келем. Көптөгөн обончу жаш агаларыбыздын эмгектери мамлекет тарабынан бааланбай келет. Мисалга алсак көзү өтүп кеткен Калмурат Рыскулов агабыз, азыркы убакта Болот Токтобаев агабыздын таланты бааланбай атат.

- Эски ырларга көбүрөөк басым жасаганыңдын сыры эмнеде?

– Улуу обончу агалардын ырын угуп чоңойгондуктан, эски ырлар жүрөгүмө жакыныраак. Анын үстүнө жеңил ырларды ырдап коюш оңой эле, а мен оорлорун аткарууга тырышам.

- Азыр ырчылардын көбү обон чыгарып же ырынын текстин жазып алып жатышпайбы. Сенде да андай өнөр барбы?

– Мен азыркыдай жеңил-желпи обондорду чыгарып ырдап жүргөн обончу досторго айтаар элем,  андай обонду чыгарсам менден жакшыраагы чыгат. Бирок чыгарбай келем. Себеби, жаман акындын искусствого кошкон салымы ыр жазбаганы, – деген принципти кармап келе жатам. Чыгарганга жараша жакшы чыгарыш керек болбосо бул чөйрөнү булгабай эле коюшса. Бирок мен келечекте мыкты обондорду чыгарам буйурса.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №98




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru