Айбат » Президент А.Атамбаев энергетика боюнча өкмөттүн кадамын терең жаңылыштык деп атады

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Президент А.Атамбаев энергетика боюнча өкмөттүн кадамын терең жаңылыштык деп атады

светЭнергетиканы башкаруу тармагында айрым кадрдык чечимдерди кабыл алууга убакыт келип жетти. Осмонбек Артыкбаевди таза, аракетчил жетекчи катары билем, бирок бүгүнкү кырдаалда энергетика жана өнөр жай министринин кызматында энергетика тармагынан өсүп чыккан, тармактын бардык көйгөйлөрү менен маселелерин терең билген профессионалдуу менеджер керек.

Жалпысынан энергетиканы өнүктүрүү маселелеринде менин позициям мурдагы боюнча калууда:

• Кыргызстанга жаңы кубаттуулуктарды -гидро электростанцияларды гана эмес, жылуулук станцияларын дагы киргизүү зарыл. Өлкөнүн түштүгүндө өз газыбызды өндүрүү боюнча заводду долбоорлоо жана куруу боюнча жумушту тездетүү керек;

• Өкмөт өлкөбүздүн калкы электрге жана жылуулуктан кемибегендей чечимдерди издеп табууга тийиш. Артты карай, орто кылымдарга кетенчиктөөгө жол берилбеш керек;

• Тарифтик саясат элге түшүнүктүү болуп, ал эми энергетиканы сактоо жана анын келечектеги өнүгүүсү үчүн тарифтерди реалдуу талаптарга шайкеш келтирүү коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү боюнча натыйжалуу чаралар менен коштолууга тийиш”.

Айбат гезити №99




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru