Айбат » Кыргызда гейлер эмес баатырлар чыккандыгы дагы бир жолу далилденди

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Кыргызда гейлер эмес баатырлар чыккандыгы дагы бир жолу далилденди

Калыс2014-жылдын январь айында Акипресс маалымат агенттигинде Human Rights Watch эл аралык уюму тарабынан Кыргызстандагы гейлердин укуктары тебеленип жатат деп отчёт берилип, отчёттору Кыргызстанда эле эмес, Германия, Польша жана башка Европа мамлекеттеринин интернет сайттарында расмий жарыяланган эле. Отчетто Human Rights Watch уюму тарабынан гейлердин укугун коргош керек деп Кыргыз бийлигине талап коюшкан эле.

“Батыш өлкөлөрүнүн колдоосу жана каржылоосу менен Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар жана фонддор аркылуу бачабоз (гей) жана гомосексуалдарды пропагандалоо күч алды. Кыргыздын каада-салтына, маданиятына, үй-бүлөө  кутуу баалулуктарына, ишенген динине жана бийик туткан дилине каршы саясат жүргүзүшүп, элге жагымсыз нерсени таңуулоо менен мамлекетибиздин ички саясатына кийлигишүүдө” деп бачабосторго (гей) каршы чыгып, кыргыздын келечеги үчүн күйүп бышкан биздин чыгаан жигиттерибиздин бири “Калыс” жаштар саясий кыймылынын төрагасы Жеңиш Молдокматовдун акыбети кайтып турган учуру. Анткени 9 октябрда  Бачабосдорго (гей) ЖКда биринчи окуудан өттү.

Мыйзам долбоору коомдо гомосексуалдык мамилелерди үгүттөп-жайылтууга жана “гомосексуалдык жашоо ыңгайын” өзгөчө жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында насыяттоого жол бербөө үчүн мыйзамдык негиз берет. Эл аралык тажрыйба көрсөтүп жаткандай, Улуу Британия, АКШ (8 штат), Россия, Молдова, Украина, Литва, Латвия сыяктуу, дагы бир катар өлкөлөрдө салттуу эмес сексуалдык катыштарга карата оң мамилени калыптандыруу маалыматтарын таркатууга чектөөлөр киргизилген.

Айбат гезити №99




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru