Айбат » Кечээги «кастар» бүгүн доско айланганда

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Кечээги «кастар» бүгүн доско айланганда

Бабанов ТашиевСаясат дегениң ушундай экен: кечээ эле мойнунан ылдый жугунду куюп, ашмалтайынды чыгарып жүргөн оппонентин кайра бүгүн шилекей алышкан досуң болуп чыга келет. Маселен, «ата журтчу» Камчыбек Ташиев убагында «республикачы» Өмүрбек Бабановду оозго алгыс сөздөр менен «ашата» сындап, абийирин айрандай төгүп келгенин билебиз. Эми аны менен «баш кошуп», саясат айдыңда чогуу болууга макулдашканы тастыкталды. Экөөнүн «сүйүүсү» канча убакытка созуларын убакыт көрсөтөр, ага чейин Камчыкенин Өмүрчик «досуң» кандай сынга алганынан бир шиңгил таштайлы.

• Күндө теледен өкмөттү рекламалаган маалыматтар түшпөй жатат. Өкмөт жакшы иштерди жасаса, эл өзү мактайт. Ал эми өкмөт өзүн өзү мактаган туура эмес. Кечээ оппозициялык маанайдагы адамдар жолугушууга келген жок деп айтылды. Бирок кечээ саат 9.00 түз эфирге чыгалык деп айтканбыз. Ө.Бабанов 11-апрелде «мен Мадумаров, Ташиев, Келдибековдор менен түз эфирге чыгууга макулмун» деп айткан. Кечээ өзүнө керектүү телекомпанияларды чогултуп алып, теледен каалагандай берилди. КРТКнын башчысы Кубат Оторбаевге кайрылгам. Ал кат аркылуу кечки саат 21.30да түз эфирге чыгууга болот деп жооп берди. Бирок Ө.Бабанов саат 21.00 келбей койду. Ушуну менен Ө.Бабанов менен түздөн-түз чыккандыгыбыз аяктады окшойт (2012-жылы 19-апрелде парламент жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн).

• Бүгүн Өмүрбек Бабанов премьер-министр болуп келгенден тартып,  жаңы конституция боюнча анын колуна чарбалык, саясый, экономикалык, финансылык бийлик өткөндөн кийин чынын айтканда Бабановдун тегерегине казактар, түрктөр, күрддөр толуп кетти. Мына, Кайсар деген казак бала пайда болду. Бүгүнкү күндө казак Кайсар мамлекетибиздеги кадр маселелерин, финансылык маселелерди, жер кен байлыктарын сатуу маселелерин, мына ушул казак бала тейлеп жатат. Ваха деген күрд бала пайда болду. Ал бала келип алып ошол бизнесмендердин арасында тендер боюнча маселелерди, финансыларды жылдыруу маселелерин, банктар маселелерин мына ушул жигиттер тейлей баштады. Мен ушундай чындыктарды көзгө сая көрсөтүп айтсам Бабановду жактаган КТР, Бабановдун акчасына сатылган журналисттер, дежурный аксакалдар мага каршы сайрай башташты. Бул деген кандай акылсыздык! Мисалы, тээ Акаев заманынан бери дүжүр болуп келатышкан аксакалдар Накен Касиев, Ишенбай Абдуразаковдор…  Дежурныйлыктын да, бирөөгө жагалдангандын да чеги болуш керек да («7-каналга» курган маегинен).

•Радиоактивдүү көмүрдү алып келүү маселесин парламентте талкуулоого премьер-министр дагы чакырылышы керек. Аталган маселеде Өкмөт башчысы катары Өмүрбек Бабанов дагы чакырылышы керек болчу. Премьер-министр негизги докладчы болуп, Аскарбек Шадиев жөн гана тармак жетекчиси катары катышса болмок. Бул жерде негизги жоопту Премьер-министр бериши керек (2012-жылдын 8-февралында «Ата журт» фракциясынын жыйынында сүйлөгөн сөзү).

• Бабановду кетирүү аракети президенттен чыкты деп айткан туура эмес. Анын өкмөт башчы болуп олтурганына каршылар коомчулукта толтура. Бабановдун ким экенин элдин баары билет. Мен ачык эле айтайын, таарынышпасын, өкмөт башчылыкка таза кандуу, кыргыз улуту, кыргыз мамлекети үчүн чындап күйгөн адамды алып келиш керек. Биз татарлардын, еврейлердин, орустардын ж.б. улуттардын артынан жүрүп келдик. Бабанов келгени эми күрддөрдүн артынан жүрө баштадык. Ошого келип атабыз. Чындап улутту ойлогон адам, таза кандуу кыргыз болууга тийиш. Минтип Россия, Казакстанда деле айтып атышат. А эмне үчүн биз аны ачык айткандан уялышыбыз керек?

(«Де-факто» гезитине курган маегинен)

Айбат гезити №99




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru