Айбат » Күнөө кимде? Токмоктук оперлердеби же прокуратурадабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Күнөө кимде? Токмоктук оперлердеби же прокуратурадабы?

токмокБиздин редакциянын босогосун аттаган Калыйнур апанын көз-жашын көргөн адам чыдап тура албайт. Барчу жерлерге барып, кирчү жерлерге кирип, акыры акыйкаттыкты издеп таппаганда, айласы кетип, биздин редакцияны көздөй жол тартыптыр. 2010-жылдан бери өзүнүн жалгыз баласы Улан эч кандай күнөөсүз, жалган жалаа менен №1 СИЗОдо эки жарым жылдан бери отургандыгын айтат. Улан учурда ооруп, эки бөйрөгүнө суук тийип баспай калган. Окуя төмөндө баяндалат. Аттары өзгөртүлүп берилди.

Калыйнур Абдылдаева, кылмышка шектүү делген Уландын апасы: “Оперлер уулумду көк-ала койдой сабашкан”

– Апа, окуяны башынан айтып берсеңиз?

– Бул окуя 2010-жылы болуп олтурат. Менин баламдын сүйлөшкөн кызы Раушанды бирөөлөр өлтүрүп кетиптир. 1988-жылы туулган жалгыз балам бар. Атасы жок жалгыз чоңойтуп келе жаткам. Жаңы эле балмуздак заводунда иштеп баштаган. Ошол жерде иштеп жатканда Токмок шаардык милиция кызматкерлери иштеп жаткан жеринен баламды “Раушандын өлүмүнө сен күнөөлүүсүң” – деп алып кетип калышкан. Ал кызды 2010-жылы 5-апрелде өлтүрүп кетишиптир. Бирок ал күнү балам эч жакка чыккан эмес, мен үйдө болчумун, неберем дагы бар эле. Таңга маал саат 9дарда эшикти бирөө такылдатып калды. Эшикти ачсам милиция кызматкерлери экен “балаң кайда, түнкүсүн үйдө болду беле?” – деп сурашты. Мен айттым “балам жумушка кеткен, ал түнү уйдө эле болчу” – деп. Оперлер үйдүн тигил жагын бул жагын карап эле жатышты. Телефонун сурашканынан “заводто телефон менен жумушка киргизбейт, ал ар дайым үйгө калтырып кетет” – деп, үйдөгү телефонду көрсөттүм. Алар телефонун карап “эч ким менен сүйлөшкөн эмес беле?” дешти. Анан оперлер телефонун алып кеттиби алган жокпу өзүм алагды болуп билбей калдым. Ошентип алар кетип калышкан. Анан сүрөтүн сурашты мен сүрөтүн бердим. Ошол боюнча чыгып кетет дагы түз эле заводко барышат, ал жерден баламды машинеге отургузуп салып кетишет. Анан жолдун жээгинде камыштар бар ээн жерге алып барып баламды “азыр өлтүрүп салабыз, бол айткының сүйлөшкөн кызыңды өлтүрүптүрсүң мойнуңа ал” – деп жолду карай сабап келишиптир. Анан кеч кирип калган учурда эле бизди ГОМго чакырышты, ошол жерден баарыбыз көрсөтмө берип, болгонун болгондой айттык. Анан кеч болуп бара жатканда ГОМдун башчысы Давлетке айтып “эмне болдуңар баламды чыгарып бергиле” дедим. Кайра эле ГОМдун чоңу күтүп тургула деп жатты. Бир убакта “чыкпай калды, үйүңөргө кете бергиле” – деп айтышты. Биз аргасыздан үйгө кеттик. Ал эми каза болуп калган кызды мен тааныйм, Улан үйгө алып келип “апа менин сүйлөшкөн кызым” – деп тааныштырган. Мен ал кызга тамак-аш берип үйгө келип кетип эле жүргөн. Биз ал кыз менен жаңы-жылда баарыбыз чогулуп сүрөткө түшкөнбүз ошол сүрөттөрдүн баарын тергөөчү алып кеткен.

– Кыз эмне болуп, кайсыл жерден өлтүрүлүптүр?

– Энесинин айтуусунда каргаша болоор күнү тааныш бирөөлөргө эле чыгыптыр. “Бирок аны ошол жерден өлтүрүшкөн эмес экен, аны автоунаага салып барып коркутуп, сабап, кыйнап зордуктаптыр. Ал жерден качканга аракет кылыптыр, бир бут кийими жок экен, кыздын көз жагына темир менен катуу бирөө урган окшойт жанчылып калыптыр, өлтүрүп, сөөктү жууп-тазалап, кандын баарын сүртүп туруп, анан биздин үйдүн кичи бөлмөсүнө алып кирип жаткырып коюптур” дейт кыздын апасы. Анан менин балам кыздын сүйлөшкөн жигити болгондуктан, милиция дароо эле уулумду камап коюшту. Ошол учурда менин баламды мас беле же денесинде кандайдыр бир так барбы деген шек менен экспертизадан өткөрүшөт. Бирок текшерсе эле эч нерсе чыкпайт. Уулумдун кийимдеринин бардыгын оперлер алып кетишкен. Анан эле кийиминде кан бар экен деп чыгышты. Бут кийиминде кандын тагы бар экен. Ал кан уулумдун өзүнүн каны болуп чыкты. Оперлер бут кийиминин канын көрүп ойлошсо керек “баламды өлтүрдү”- деп. Анан тергөө иштери аяктагандан кийин эле мен Токмок шаардык ИИБнин убактылуу кармоочу жайына барсам ал жердин башчысы менин баламды “бул баланын эч кандай күнөөсү жок экен” – деп чыгарып жиберишкен. Анан сүйүнүп баламды ээрчитип алып үйгө келдик. Андаң соң эжелери менен Москва шаарына барып иштеп келди. Улан Москва шаарында жүрүп санаасы тынчыбай “күнөөлүүлөр табылдыбы эмне болду экен?” – деп кайра келет. Анан ошентип 8 айдан кийин баламды 2010-жылы декабрдын 10да Токмок шаарынын милиция кызматкерлери кайрадан кармап жатышат. Кийин билсек өлүп калган кыздын кошунасы Шарипа деген кыз бар, ал кыз дагы азыр ошол кыздын өлүмүнө шектүү делип СИЗОдо отурат. Милициялар ал кызды кармашат дагы Бишкекке чейин алып барып, коркутуп-үркүтүп, башына салафан кийгизип “Улан деген сүйлөшкөн баласы өлтүрдү, мен да болгом” – деп айтып бер” дешкен. Шарипаны алдап, биз сени бир жуманын ичинде чыгарабыз дейт. Бул жерде Шарипа менен дагы Алишер деген бала бар экен. Негизи окуя болгон жерде Шарипа менен Алишер деген башка бала болгон экен. Бирок, Алишер качып кетиптир. Анан аны кармай алышпай, оперлер Шарипаны кармап, менин балама жалган көрсөтмө бердиртип, кайрадан уулумду камап коюшкан. Бирок, Шарипа кайрадан башкача көрсөтмө берип, “Уландын бул жерде күнөөсү жок. Мени оперлер ошентип айттырышкан” – деп жатат. Мына эки жылдан бери уулумдун актыгын далилдей албай, прокуратурада сүйрөлүп жүрөбүз. Ошол күндөн бери бул ишти үч сот карады. Соттордун баарысы “тергөө чала тергелген” – деп эч кандай чечим чыгара элек. Жада калса Турдукожоев деген сот “бул балага эч кандай аныктамалар жок” – деп чыгарып берди. (Ыйлап) баламды чыгарып берсин жөнү жок жерден күнөөлөп жатышат. Деги бизде акыйкаттык барбы? Өзүм жалгыз бой энемин. Балам дагы жалгыз. СИЗОго чуркап келип дарысын, тамак-ашын ташып жатам. Азыр ооруп эки бөйрөгүнөн кыймылдай албай жатат. Врачтарды киргизиш керек экен бизге каралашкан эч ким жок, ошол жалгыз баламдын акчасы менен күн кечирип келе жатканбыз.

Жабырлануучу тарап, “Уланда дообуз жок” – деп сотко кайрылышкан

2010-жылы 10- декабрда адам өлүмүнө шектүү деп камалган Улан ушул күнгө чейин сот отурумдарында эки жарым жылдан бери күнөөсүн мойнуна албай келет. Тергөө маалында кыйноолор болгондугу, денесине залака келтирилгендиги боюнча фактылар, экспертизанын корутундулары кылмыш делосуна тиркелип келет. Улан сүйлөшкөн кызы маркум Раушандын кошуна кызы Шарипанын көрсөтмөсү менен камакка алынган. Шарипа учурда тергөөдө берген көрсөтмөсүнөн толугу менен баш тартууда. Ал аны милиция кызматкерлери коркутуп, “эгер сен Уланды да кылмыш ишине тиешеси бар деп айтсаң, тез арада сени чыгарабыз” – деп айтышканын билдирет.

Шарипанын акыркы көрсөтмөсүнөн кийин Уландын жактоочусу Асыл Тагаева кылмыш ишин кыскартуу өтүнүчүн келтирген, бирок кайрадан Токмок шаардык ИИБнин тергөөчүсү Таалай Өмүралиев тарабынан четке кагылган. Жогору жакка кайрылуудан пайда чыккан эмес. Азыркы учурда Уландын СИЗОдо отурганына толук 2 жыл 7 айдын жүзү болду. Сот тарабынан кылмыш иши чала тергелгендиктен Токмок шаардык прокуратурасына жөнөтүлгөн. Токмок шаардык прокуратурасы соттун чечимдери менен макул болбостон жогорку инстанцияларга прокуратуранын жардамчылары Талант Ормонбеков, Эсен Орозбек уулу ушул күнгө чейин арыз жазып келе жатышат. Алардын жазган арыздарынын жыйынтыгы боюнча соттун чечимдери күчүндө калып келет. Бирок ар бир прокурордун жазгандары 2- 3 айдап каралууда. Кылмышка шектүү делген Улан бир жарым жылдан бери бөйрөгүнөн катуу ооруп жаткан кези. “Баламдын инвалид болуп чыгуусун каалабайм, баламды дагы канча жылга чейин жөнү жок жерден камашат? Мен чындык үчүн акыр аягына чейин күрөшөм” дейт Калыйнур апа. Баарынан кызыгы жабырлануучу тарап, “Биздин Уланга карата эч кандай дообуз жок. Раушанды ал өлтүрбөгөнүнө көзүбүз жетти” – деп сотко кайрылышкан экен. Бирок, бул жагдайга прокуратура, сот эч кандай көңүл бөлбөстөн баштагы ишти кайталап карап келишет.

Уланды күнөөлүү деп көрсөтмө берген Шарипанын апасына жолугуп, окуя тууралуу сураштырдык.

Нуржан Алымова, кылмышка шектүү делген Шарипанын апасы: “Сени оперлер катар-катары менен зордукташат деп кызымды коркутушуптур”

– Менин кызым Шарипа ошол Раушан деген кыз каза болгон күнү үйдө болчу. Мен күндө таң атпай жумушка кетем. Кызым үйдө уктап жатканда эшиктин сыртынан жаап койгом. Кечкисин жумуштан келсем кызым мага айтып жатат “мама Раушанды өлтүрүп кетиптир” – деп. Анан мен сурадым “ал ким” – деп. “Мама ал мындай кыз, тигиндей кыз. Мен бир айдан бери курбу болуп жүргөм” – деп айтты. Ошентип экөөбүз отуруп чай ичип баштаганбыз, бир кезде эле кызым “милициядан келишиптир бизди чакырып жатат” деди. Көрсө менин кызыма үстүңкү кабатта жашаган кошунабыз чалып, “Шарипа уктуңбу Раушанды өлтүрүп кетти” – деп. Менин кызым ага ишенбей, көчөдөн өтүп бара жаткан Алишер деген кошуна баладан сурайт. Ал да ооба деп жооп берет. Анан кызым үйдө отурса арадан жарым саат өтпөй, биздин участкалык милиция Давлет деген келип, “бас милицияга барабыз” дейт. Шарипа “мен барбайм жашым жете элек” дейт. Анда мамаң менен чогуу келесиң деп кетип калат. Бул кабарды укканда мен чыдабай кызымды ээрчитип дароо ГОМго келдик. Анан бизге бир опер келип, айткандарыбыздын баарын жазып алды. Алар бизди көпкө чейин кармап жатышты. Биз ГОМдон кеч чыктык. Кызым эжекемдикине барам деп 3-кичи райондо калып калган эле. Ал жерден балдар менен тамеки чегет, ичимдик ичет. Анан ошол жерден эки бала 3-кичи райондогу курулуп бүтө элек мектепке алып барып Шарипаны зордукташат. /йгө алып келип ал жерден дагы зордукташат. Алардын баары ичип мас болуп калганда Шарипа терезеден секирип үйгө качып келет. Үйгө келип болгон окуянын баарын айтып берди “Эркин мени зордуктады” – деп. Эркин жалдыраганынан кызым арыз жазгандан баш тартат. Андан көп өтпөй эле кызым турмушка чыгып кеткен. Бир күнү эле мага тергөөчү чалып “кызыңыз кайда, мен бир-эки суроо беришим керек эле” деди. Анан кызым күйөөсү менен Токмок шаардык Ички иштер бөлүмүнө келишкен. Ошол жерде кызым экөөбүз отурганбыз, бир кезде эле бир опер келип “сизди Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы чакырып жатат” деди. Мен ал жакка келсем эч ким жок экен. Бир эле опер отуруптур. Ал мага “отуруп туруңуз” деди. Ошентип биз жарым саат отурдук. Кайрадан мен тергөөчүнүн кабинетине келсем ал жерде менин кызым жок. Менин кызым кайда десем азыр келет деп айтып жатышты. Кызымды издей баштадым, көпкө чейин жоголду келген жок. Айласыздан орун басарга бардым “кызымды таап бергиле” – деп. Ал болсо “сизди ким чакырды эле ошого баргыла” деди. Анан бирөөсүнө “мунун кызы кана таап бергиле” – деп айтты. Ал дагы азыр деп кетип калды. Кеч да кирип кетти. Күйөө баам да эшикте кечке күтүп турду. Бир кезде эле кызымдын үнү чыгып калды, ал кыйкырып кабинетке кирип келди. Анан болгонун болгондой айтып берди. Көрсө, кызымды койдой кылып көтөрүп кетишип, эшикке алып чыгып машинеге салып, арткы эшик менен чыгып кетишиптир. Алар жолдон бирөөгө чалат “биз келе жатабыз, кап алып чыккыла” дейт. Алар Бишкекке Чүй областтык башкы башкармалыкка алып келишип, үчүнчү кабатка алып барышыптыр. Ошол жерден менин кызымды киргизип алып мазактап, шакаба чегишиптир. Шарипаны дубинка менен коркутушуп, “жанагы опердин баары катар-катары менен сени зордукташат, ошол үчүн чыныңды айт” – деп коркутушат. Анан менин кызым коркуп кетип эле “байке мен бирдеме болсо силерге чалам, мен кете берейинчи” дептир. Анан менин кызыма бир опер акырын телефон номерин жазып берип, кийиминин ичине төшүнө салып бериптир. Чыгып бара жатканда оперлер “Шарипа тамак ичесиңби, суу алып берелиби?” дешкен экен. Эртеси биз милиция кызматкерлеринин үстүнөн мыйзамсыз алып кеткендиги тууралуу прокуратурага келип арыз жаздык. Ал жактан эч кандай жооп болгон жок. Азыркы учурда менин кызым эки жарым жылдан бери СИЗДО отурат. Жогорку Кеңешке, Скрипкинага, Исаковго, Ниязалиевага, СДПКчы депутаттарга, Омбудсмен, Чүй областтык прокуратурага арыз жаздык, бирок, эч кандай жооп болгон жок. Ормонбеков деген прокурор өз билгенин кылып, сот менен байланышып алып, көп иштерди жасап жатат. Кызым кош бойлуу эле боюнан түшүп калды. Ден-соолугунан ажырады. Деги акыйкаттык качан болот билбей да калдык..?

Редакциядан:

Жогорудагы арыз ээлеринин айтуусунун негизинде алгач, Токмок шаардык Ички иштер бөлүмүнө баш бактык. Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы эмгек өргүүсүндө болгондуктан, анын орун басарына иштин чоо-жайын айтып кайрылдык. 2010-жылы декабрь айында болгон окуя туурасында тергөө амалдары жүргүзүлүп баштаган. Ошентип революция болуп кеткенине байланыштуу ишти толук кандуу териштирүүгө алышкан эмес. Орунбасардын айтуусунда “Улан менен өлүп калган кыз экөө кыз-жигит экенин, кыз ошол түнү бир гана жигити Уланга чыккандыгын” айтты. Ал эми тергөөчү Таалай Өмүралиев “бул иш боюнча тергөө иштери аягына чыккан, эми бир гана сот чечет” – деп жооп кайтарды. Токмок шаарынын прокуратурасынын кеңсесине баш багып, прокурордун орун басары Улук Жумабековдон жогорудагы окуя тууралуу сураганыбызда ал кызматка жаңы эле келгенин, бул иш боюнча кабары жок экенин билдирди. Азырынча болуп өткөн окуя тууралуу редакция ак же кара деп баа берүүдөн алыс. Алдыда журналисттик иликтөө иштери жүргүзүлөт. Гезит аркылуу окуянын мындан аркы өрчүшүнөн кабардар болуп турасыздар.

Даярдаган
Махабат Алымбекова
Булак: “Ачык саясат”(М.Э)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru