Айбат » Кыргызстанда электр энергиясын 50 пайызга чейин үнөмдөөгө болот

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Кыргызстанда электр энергиясын 50 пайызга чейин үнөмдөөгө болот

светБыйылкы жылдын өтө кургакчыл болушу, суу тартыштыгын жаратып, анын негизинде электр энергиясынын да тартыш абалына кептелишине шарт түзүп койду. Андыктан азыркы тапта канткенде электр энергиясын үнөмдүү жана жеткиликтүү пайдалана алабыз деген суроо жаралууда. Бул багытта Кыргызстанда туруктуу энергияны каржылоо программасынын (KyrSEFF) адиси Самат Сукеналиев электр энергиясын күнүмдүк үй-тиричилигинде кантип үнөмдүү пайдалануу керек экендигинин эң эле жөнөкөй ыкмаларын айтып берди. Мында көрсөтүлгөн ыкмалар менен электр энергиясын гана үнөмдүү пайдаланбастан, үй ичин да электр энергиясын аз колдонуп, бирок жылуу кармап, аны менен бирге акча каражатын да үнөмдөө жолдору айтылган. Айрым аныкталган статистика боюнча жарыктандырууну үнөмдөө аркылуу колдонулуп жаткан электр энергиясынын көлөмүн 50 пайызга чейин үнөмдөөгө болот. Эгерде кыргызстандыктар кышкы жылуулук сезонунда орточо эсеп менен бир суткада 60 миллион кВт-саат электр энергиясын колдонушса, үнөмдөө ыкмалары аркылуу бул көрсөткүчтүн жарымысын гана колдонсок болот. Негизинен кыштын өтө суук мезгилдеринде керектөөнүн көлөмү 70 миллион кВт-саатка чейин өсүп кетет. Энергетика министрлигинин акыркы маалыматтары боюнча учурда калкыбыз орточо эсеп менен 65 пайыз электр энергиясын колдонууда. Демек, жылуулук сезонунда бул эң аз дегенде 39 миллион кВт-саат болот. Эгерде үнөмдөөгө мүмкүн болгон 50 пайыздын жок дегенде 30 пайызын ишке ашыра алсак, анда суткасына болжол менен 11,7 миллион кВт-саат электр энергиясын үнөмдөөгө болот. Аны 70 тыйындык тариф менен эсептесек күнүнө 8,1 миллион сомдон ашат. Ал эми 1,2 сомдук тариф менен эсептегенде 14 миллион сомду чапчыйт.

 Айбат гезити №99



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru