Айбат » “Жаңы муунчуларды” бийликти басып алууга үгүттөгөн тегерек стол

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » “Жаңы муунчуларды” бийликти басып алууга үгүттөгөн тегерек стол

Тимур Саралаев9-октябрда “Вечерний Бишкек” гезитинин пресс-борборунда жалаң оппозициячыл маанайдагы саясатчылар, коомдук ишмерлер жана “Жаңы муун” деп аталган эски “жаштардан” турган кыймылчылар тегерек стол өткөрүштү. Бул тегерек столдун өтүшүнө эмне себеп болгондугун “Жаңы муун” кыймылынын өкүлү Тимур Саралаев түшүндүрмө берип кетти. Көрсө, кечээ жакында эле, тактап айтканда 27-сентябрда Талас облусунда аталган кыймыл курултай өткөрөбүз деп эл чогулта албай, уят болуп калышкандыктан, аны бийликке шыбап салуу аракетин көрүү үчүн бул тегерек столду уюштурушкан экен. Тегерек столду тегерете отурган Мавлян Аскарбеков, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, Кубатбек Кожоналиев, Тимур Саралаев, Чолпон Жакупова, Адиль Турдукулов, Мелис Аспеков, Улукбек Кочкоров, Мукар Чолпонбаевдар бири-бирин колдорунан келишинче кубаттап, учурдагы бийликти узун-туурасынан ченеп аябай шыбашты. Андыктан мына ушул жыйында сүйлөнгөн сөздөрдүн айрымдарына кыскача токтоло кетели

 

Өмүрбек Абдрахманов, ЖК депутаты:

“Митингдерди “разгон” кылууну ошол убактагы и.о. министр жасаганын мен “точно” билем”

Тегерек столго катышкан ЖК депутаты Өмүрбек Абдрахманов адатынча Батыштын саясатын жүргүзүп “Биз бүгүнкү күндө биринчи кезекте парламенттик системага өтүшүбүз керек. Таптаза европалык парламенттик системага өтүшүбүз керек. Көпчүлүк Америкада президенттик башкаруу деп ойлошот. Андай эмес, ал жакта парламенттик башкаруу. Обама парламенттин чечимисиз бир тыйын да корото албайт” деп күпүлдөдү. Анан дагы ал бүгүнкү күндө Кыргызстанда авторитардык режим болуп атат деген мурунтан айтылып келаткан пикирин кайталап өттү. Абдрахмановдун мына ушул сөздөрүнөн эле анын биринчи кезекте Кыргызстандын кызыкчылыгын эмес, батышчыл саясатын жүргүзүү кызыкчылыгын көздөп жатканын түшүнүүгө болот.

 

Чолпон Жакупова айым “жаңы муунчуларды” “шайлоо аркылуу бийликке келе албайсыңар, так что…” дегендей көкүтмө пикирин кыйытып өттү

“Азыр Кыргызстанда хаос жана бардак. Азыркы саясатта болуп аткан көрүнүштөр, окуялар бул жөн гана “цветочки”, эгерде ушундай абалда улана берсе, 2015-жылы башкача болот” деп билдирди тегерек столдо Чолпон Жакупова айым. Анан дагы “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрүнө карап “Саясатта жумшак колдонулуучу жолдор жок. Андыктан силер өзүңөргө бекем тургула. Анан дагы шайлоо аркылуу бийликке келем деп ойлосоңор, анда бийликтегилер менен келишимге барышыңар керек болот. Андыктан шайлоо аркылуу бийликке келе албайсыңар” дегендей оюн кыйытты. Муну ага катарлаш отурган депутат Равшан Жээнбеков да көздөрү жайнай кош колдоп колдоого алып, орто жерден “шайлоо аркылуу бийликке келе албайсыңар” деп кыпчылып койду. Чолпон айымдын мындай буктурма пикири “жаш муунчуларды” бийликти басып алууга үгүттөп жаткан жокпу деген гана суроо жарата алды.

 

Мукар Чолпонбаев да жаштардын артына жашынып, бийликке келүүнү көздөйт

“Чакырылбаган конок, шыпырылбаган жерге отурат” болуп экс-спикер, учурда “Кыргызстанды сактоо кыймылынын” лидери болуп жүргөн Мукар Чолпонбаев адегенде тегерек столдун четинен орун ала алган жок. Жыйын ортолоп калган маалда кол көтөрүп, суранып атып, сөз алып, “Азыркы кезде демократияны эмес, Кыргызстанды сактоо керек” деп билдирди. Анан дагы “Силер (“жаңы муунчулар”) жакшы ишти баштадыңар. Азыр Акаевдин убагында байып алып, Бакиевдин бийлигине оппозиция болгондор бийликте отурат. Анан алардан эмнени күтүүгө болот” деп көкүрөк какты. Чындыгында Акаев менен Бакиевдин убагында кимдер эң жакшы кызматтарды аркалап келгендигин Мукар Шалтакович билбейт деп ойлосо керек. Өзү спикерлик кызматты кимдин заманында аркалаганын билбейби? Экинчиден, аны менен катарлаш отурган Равшан Жээнбеков Акаевдин убагында байып алып, бүгүн эми сүттөн ак болуп атканын неге айтпайт? “Жаштар силерде дем-күч, инициатива бар, улууларда акыл жана тажрыйба бар. Андыктан биригип алып, иш кылалы” дейт Чолпонбаев. Мына ушул сөзүнөн улам эле Шалтак аксакалдын уулу бул тегерек столго чакырбаса деле эмнеге жетип барганы ачык түшүнүктүү болду. Көрсө, ал өзүнүн кадыр-баркы коомчулукта  салмактуу эмес экендигин баамдап, эптеп “жаңы муунчулар” менен биригип алып бийликке келүү үчүн жетип келген турбайбы?

 

“Парламентте оппозиция жок калды” дейт депутат Улукбек Кочкоров

Тегерек столго атайын чакырылган депутат Улукбек Кочкоров “Азыркы тапта парламентте оппозиция жок калды. Себеби ар бир депутаттын столуна 2-3төн папканы таштап коюшкан. Эгерде бирдеме десең, кылмыш ишин козгойбуз деп. Анан аргазсыдан бардыгы унчукпай отурушат” дейт кейиген депутат. Буга ким күнөөлүү? Эгерде ошол оппозициялык фракциялардын катарында жалаң артында калбырлары барлар чогулуп алган болсо да бийлик күнөөлүү болобу? Муну биз айтып жаткан жокпуз, депутат өзү айтып атат.

 

Мавлян АскарбековМавлян Аскарбеков курултай өткөрүү үчүн Батыштан тарта Кытайга чейин окуган студенттерден акча чогулткан экен

Журналисттер тарабынан “Сиздер Таласта өткөрүүнү көздөгөн курултайга кайдан акча таптыңыздар эле. Равшан Жээнбеков жана “Фридом Хауз” уюму каржылаган деген кептер чыгып атат? Эмне себептен сиздер курултайга барардын алдында чыгарган бюллетендерди жергиликтүү басмаканалардан эмес, дал ушул “Фридом Хаустан” чыгардыңыздар эле?” деген суроого Мавлян мырза “Биздин каржы жагыбыз көпчүлүгүн кызыктырып атат. Биз үч жума мурун интернет-сайтка атайын счет ачканбыз. Ага Кыргызстандан барып Батышта жана Кытайда окуп аткан студенттер 100 сомдон, 50 доллардан салып атып акча чогулган. Равшан Жээнбековдон акча алган эмеспиз. Ал эми мына бул курултай үчүн чыгарылган гезитти да өзүбүз акча чогултуп чыгаргынбыз. Аны “Фридом Хауста” чыгырган элек. Эгерде “Учкунда” чыгарганыбызда Момбеков мырза аны Сосновкага жеткирбей эле өрттөтүп салмак” деп жооп берди. Бул жөн гана курулай шылтоо болуп калганын отургандардын бардыгы түшүнгөнү менен, ооз ачкан адам болбоду.

 

Равшан Жээнбеков неге Мавлян Аскарбеков менен Адиль Турдукуловдун ордуна жооп бере алат?

Журналисттер тарабынан ““Жаңы муун” кыймылы биз жаштардан, таза адамдардан куралганбыз” деп көп айтышат. Буга чындап эле ишенесиздерби? Себеби Мавлян жана Адиль мырзалар тууралу да көптөгөн сөздөр айтылып келет?” деген суроо узатылды. Буга Мавлян менен Адиль мырза ооз ачып унчугуп коюшпагандыктан, алардын ордуна депутат Равшан Жээнбеков жооп берди. “Жана журанлист тарабынан Адиль жана Мавлян мырзаларга байланыштуу суроо узатылды. Эгерде силер өзүңөр жооп бербесеңер, анда мен жооп берип коеюн. Булардын жаман жактары бар болсо дагы, алардын сөз эркиндигинин мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланууга укугу бар” дейт ал. Мына сага, демек ал бул эки жаш лидердин саясатка баш бага элек жатып эле булганып калган жагдайлары бар экендигин танбай тургандыгын айтып жатабы? Бул биринчиден. Экинчиден, эмне үчүн экөөнүн ордуна Равшан мырза жооп берет? Аларды ачык эле коргоп чыгып атканы, буга чейин ММК булактарында “Жаңы муунчулар” Равшан Жээнбековдун долбоору деген сөздү бышыктап жаткан жокпу?

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №99



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru