Айбат » Нариман Түлеев күнөөсүн мойнуна алдыбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Нариман Түлеев күнөөсүн мойнуна алдыбы?

Нариман ТүлеевКанкор президент Курманбек Бакиевдин «уулу» Нариман Түлеев акыры күнөөсүн мойнуна алды. Бишкек мэрлигин аркалаган кезинде өлкө казынасына миллиондогон сом зыян келтиргенин Ленин райондук соту былтыр 29-июлда тастыктап, аны үй-мүлкүн конфискациялоо менен бирге 11 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган эле. Нариман Ташполотович өкүмгө моюн сунбай, Бишкек шаардык сотуна кайрылып, учурда сот процесси жүрүүдө.

Сот процессинин биринде ал прокуратура өкүлдөрүнөн өлкө казынасына канча миллион сом зыян келтиргенинин так суммасын айтууну өтүндү. «Эгер прокуратура так суммасын айтса, мен калыбына келтирүүгө даярмын» деди Н.Түлеев. Ал эми Башкы прокуратуранын маанилүү иштер боюнча топтун мурдагы жетекчиси Жаныбек Салиев экс-мэрдин өлкө бюджетине келтирген зыяны 1 млн. 400 миң экенин сот отурумунда жар салды. «Жеке мен Түлеевге айып койгом. Мен айыптоону колдойм жана бардык далилдер жетиштүү. Мен жеке өзүм Кытайга барып, бардыгын териштирген соң гана айып таккам» деген Ж.Салиев чогултулган документтердин бардыгы тастыкталганын дагы бир жолу баса белгиледи.

Бишкек-Торугарт жолун буудуруу аракетинен майнап чыкпай, «оорукчан» кейпин кийгени эркиндикке чыгышына өбөлгө болбосун түшүнгөн Нариман мырза акыры күнөөсүн мойнуна алуу чечимине келгендей. Эми прокуратура анын өтүнүчүн канааттандырса, экс-мэр жигиттик сөзүнө туруп «жегенин кусушу» керек.

Айбат гезити №99




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru