Айбат » Жумакадыр Акенеев, экономист: “Президент буга чейин өкмөткө жана энергетика министрине ишенип, көйгөйдү чечүү жолдорун караштырат деп күткөн”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Жумакадыр Акенеев, экономист: “Президент буга чейин өкмөткө жана энергетика министрине ишенип, көйгөйдү чечүү жолдорун караштырат деп күткөн”

Жумакадыр Акенеев- Жумакадыр мырза, Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын жарандарынын энергетикадагы кризиске байланыштуу тынчсыздануусуна кошула тургандыгын билдирди. Ал өкмөттүн пассивдүү позициясы, энергетика министрлигинин кышка карата даярдык маселелерин терең иштеп чыкпагандыгын сынга алды. Ошондой эле кыштан кыйналбай чыгуу үчүн жетишпей жаткан 2 миллиард 400 миллион кВт-саат электр энергиясын чиновниктердин өнөр-жай жана калктын эсебинен – электрди өчүрүү аркылуу чечүү кадамын терең жаңылыштык деп айтты. Ага байланыштуу кошумча электр энергиясын коңшу өлкөлөрдөн сатып алуу тапшырмасын өкмөткө бергендигин айтты. Буга кандай ойдосуз?

– Мен президенттин бул жарыясын баштан-аяк толугу менен окуп чыктым. Бизге азыр негизинен кыш келип калды. Бирок, энергетика тармагында аксоолор болуп атканы мындан 3-4 ай мурун эле билинген. Бирок ошол убакта энергетика министри “эч кандай өчүрүү болбойт” деп билдирген болчу. Бирок, иш жүзүндө андай болбой жатат. Өкмөт мунун үстүнөн өтө жакшы көзөмөл кылбагандыгы байкалды. Анан аргасыздан президент өзү бул маселеге кийлигишкенге барып атат. Балким ал буга чейин өкмөткө жана энергетика министрине ишенип, көйгөйдү чечүү жолдорун караштырат деп күткөн. Бирок, күткөнү туура чыкпаган соң аргасыз аралашып атат. Азыр деле өтө кеч эмес. Чыныгы кыш түшкөнгө чейин абалды оңдоп кетсе болот. Ал үчүн энергетика тармагына чыныгы профессионал адистер келиш керек. Жакында Минскиде да КМШ мамлекеттеринин жетекчилеринин жолугушуусу болот. Балким ошол жолугушууда да бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн.

- “Кыргызстанга жаңы кубаттуулуктарды -гидро электростанцияларды гана эмес, жылуулук станцияларын дагы киргизүү зарыл. Өлкөнүн түштүгүндө өз газыбызды өндүрүү боюнча заводду долбоорлоо жана куруу боюнча жумушту тездетүү керек” дейт Алмазбек Атамбаев. Бул боюнча эмне айта аласыз?

–  Туура пикир. Маселен, коңшулаш Казакстанда көмүр менен электрди алуу иш жүзүндө бар. Бизде деле килейген “Кара Кече” көмүр кени, Сүлүктү көмүр кени жатат. Албетте, суу аркылуу көмүр аркылуу электрди өндүрүү алдаганча кымбат турат. Бирок, өзүбүздөн чыгып турганы абдан жакшы.

- Тарифтик саясат элге түшүнүктүү болуп, ал эми энергетиканы сактоо жана анын келечектеги өнүгүүсү үчүн тарифтерди реалдуу талаптарга шайкеш келтирүү коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү боюнча натыйжалуу чаралар менен коштолууга тийиш” экендигин да айтып өттү мамлекет башчысы?

– Энергетика министрлигинин тарифти экиге бөлүп карган саясатын, тактап айтканда 1 фазалууларга баланча, 3 фазалууларга баланча деген тарифи туура эмес экендигин Бишкек шаардык соту көргөзүп койду. Эмне себептен мындай бөлүп кароо керек деген суроого энергетиктер түшүндүрмө бере албай коюшту. Андыктан президент айткандай тарифтик саясат ачык-айкын көргөзүлүшү керек. Аны өндүргөн баа кандай, элге берилип аткан баа кандай экендиги ачык айтылганы туура. Биз негизи 23 жылдан бери карай энергетика тармагын сүттүү уйдай эле колдонуп келдик. Анын сүтүн саап алып, бирок тоют бербегендей эле болдук. Андыктан эми мындан ары ошол калкыбызды электр энергиясы менен камсыз кылып аткан “Уйду” жакшы бага турган адам керек. Негизинен президенттин бул жарыясы абдан туура. Аны жүзөгө ашыруу керек.

 Айбат гезити №99




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru