Айбат » Арманда кеткен Аккуу

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Арманда кеткен Аккуу

Таттыбүбү Турсунбаева“Ак булутту аралап ай баратат,
Аккуу болуп көлдөгү жай баратат”- деген ыр биздин көптөгөн кинолордун каарманы, кыргыз журтунун гана эмес чет өлкөлүк кино көрөрмандардын купулуна толуп, канча деген миңдеген мырза жигиттердин жүрөгүнө сүйүү отун жандырган, биздин аккуубуз Таттыбүбү Турсунбаева эжекебизге таандык болуп саналат. Таттыбүбү эжекебиз бул жашоону кыска жашаса да, өзүнүн артынан өчпөс издери менен эл оозунда алынып, ал адамды алкыш сөздөр менен гана барктап, жактап жана кыска өмүр сүрүп кеткенине да кайгыга батып да жүрүшкөнү жашыруун эмес.

Чыгармачылыгы

Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30 дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта (“Ромео жана Жульетта”), Амелия (“Бернарда Альбанын үйү”), Фелисьяна (“Бий мугалими”), Асел (“Делбирим”), Анвар (“Фудзиямадагы кадыр түн”) жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү, белгилүү кинорежиссер Замир Эралиев Таттыбүбү Турсунбаеванын айрым эл билбеген жагдайлары тууралуу айткан сөзү:

 

Болот Бейшеналиевдин сыры

– Таттыбүбү Турсунбаева эженин тагдыры өзүнүн сүйүүсүнөн айрылып калгандыктан татаал, таштак жолго түшүп, өмүрүн болот туңгуюкка алып барды… Арман менен аяктады. Болот Бейшеналиев байке менен «Шайтандын мөөрү» 2 сериялуу фильмде иштешип калдым. Экөөбүз түн бир оокумга чейин аябай сырдашкан күндөр эсимде. Ыр жазып жүргөн дептери болоор эле. Ырларынын көпчүлүгү эле Таттыбүбүгө арналчу экен. «Эмне эле мынча көп арак ичесиз» деп Болот байкеден сурасам, жүрөктөгү сырын айтып берди. «Ташкенттеги театралдык окуу жайда окуп жүргөндө Таттыбүбү экөөбүз бири-бирибизди жактырышып калдык. Сүйлөшүп жүрдүк. 1-курсту аяктаган соң экөөбүз шерттешип кеттик. Ата-энелерибизге кабарлап, макулдуктарын алып баш кошмок болдук. Таттыбүбү Чаекке барып, ата-энесин көндүрүп, кубанып Фрунзе калаабызга кайтыптыр.  Ошол күнү калаадан кечинде капысынан курсташы Имашка жолугуп калат. Сүйүнүчү койнуна батпаган Таттыбүбү «Болот экөөбүз баш кошкон жатабыз» деп сүйүнчүлөйт. Бул жерде Таттыбүбү эженин сулуулугу жөнүндө, Ташкентте 1-курста окуп жүргөндө эле Таттыбүбү эже уламыш болуп калганын айтып кетиш керек. Анын артынан кыргыздын жигиттери эле эмес башка улуттун жигиттери да көңүлүн алганы абдан аракет кылган. «Мурдатан эле Таттыбүбүгө көз артып жүргөн Имаш Эшимбеков кубанычыңарды тең бөлүшүп куттуктап коёюн деп Таттыбүбүнү бир үйгө ээрчитип барат. Ал жерден «сенин кубанычың менин кубанычым» деп башында вино, андан кийин арак менен сыйлап, өз максатына жетет. Эртең менен Таттыбүбү бул эмне кылганың деп аябай ыйлайт. Имаш аны сооротот. Дагы алдайт. Жакшы сөздөрүн айтат. «Эми сен менин аялым болуп калдың, мен сени бактылуу кылам», – дейт. Ошону менен мага жолугушууга келе албай калган Таттыбүбү аябай кыйналат, аргасыз Имаш менен калат. Жашагысы келбейт. Мен болсом ата-энемди көндүрүп, Фрунзеге бактылуу маанайда келгем. Бирок Таттыбүбүнү издеп табалбай койдум. Таң калдым. Күттүм. Кийин сентябрда окуу башталганда, Таттыбүбүнү ошондо көрдүм. Ал мага ыйлады. «Мени кечир» деп…

 

«Ак Мөөр менен Болоттой болушту»

– Эми эң кайгылуу сөзгө өтөлү. Көралбас достору Таттыбүбү эжени кышында бирөөнүн туулган күнүн тоодон белгилөөгө чакырышат. Мас кылып туруп атайын кардын үстүнө таштап кетишет. Башы кардын үстүндө калып, уктап калат. Ошондон менингит оорусуна чалдыгып калат. Бакен Кыдыкеева эжени коом, эси жок бийлик кайдыгерлик менен өлтүрсө, Таттыбүбү эжени кесиптештери ишенчээктигинен пайдаланып, ичи тарлык кылып өлтүрүп жок кылышкан. Көралбастык – бул элибиздин арасында жүргөн вирус болуп калды. Таттыбүбү эже 1985-жылы жапжаш бойдон каза болгон. «Ак Мөөр» фильминде Ак Мөөр менен Болот тиги дүйнөдө жолугуша албай кайчылаш өтө беришет эмеспи. Болот менен Таттыбүбү чыныгы жашоодо ошондой эле болушкан. Бири-бирине жетүүгө колдорун созгону менен түркүн тоскоолдуктар экөөнү ажыратып турган. Мүмкүн алар тиги дүйнөдөн бири-бирин табышкандыр…

 

Таттыбүбүгө

Суктандырып бул сулуулук, ойчулдук,

Баарын шилеп, көкүрөккө толтурдук.

Бизге энчиге берилгендей ушул көрк

Канча оюнда жагалданып отурдук.

 

Ай чырайлуу жумур дене Жоконда

Кыргызымда бир жаралган экен да.

Бир эркелеп бул турмуштун шаңына

Эл-күзгүгө бир каранган экен да!

 

Отуң алоо жүрөктөрдө жагылган

Элиң эсен оюнуңа агылган.

Сезимдерде кайталанып тураарсың

Улуу тоодон бир жарк эткен чагылган.

Жолон Мамытов

 

Таттыбүбү Турсунбаева Кыргызстандын эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Кимден гана сурабаңыз, Таттыбүбү Турсунбаева абдан сулуу адам болгон дешет. Аны Кыргызстанда адамдар «сахнанын ханышасы» деп айтышат. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. Ал «Ак Мөөр», болорунда башкы каармандардын, ал эми «Кызыл алма» фильминде Бейтааныш сулуунун ролун ойногон. “Ак Мөөр” фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар “Соң-Көл чүрөгү” деп аташкан. Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан. Ал көз жумганда курсташы Жумабек Козукеев мүрзөсүнүн башында

 

“Токтолуп сокпой жүрөгү,
Соң-Көлдүн кетти чүрөгү” – деген ыр саптарын окуган. Бирок, Таттыбүбү Турсунбаева бул жарыкчылыктан эрте кетсе да, анын элеси бул дүйнөдөн кеткен жок. Таттыбүбүнүн элеси сахнанын жана сулуулуктун турмушунда жашап келе жатат. Кыргызстанда Таттыбүбүнү «ак куу» деп да айтышат, анткени кыргыз маданиятында ак куу эң эле татынакай жана назик куш. Ак куунун моюну узун жана Таттыбүбүнүн дагы моюну узун болгон. Буга байланыштуу мындай ыр бар: «Адашкан аркар сыяктуу, арманда кетти бир ак куу». Анын ийилген кирпиктери, ажарын төккөн жүзү, өрүлгөн узун чачтары дагы эле Кыргызстандын ар бир атуулун суктандырат.

Канат Кебеков

Айбат гезити №99



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru