Айбат » Анимация ааламында

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Анимация ааламында

“Уядан эмнени көрсө учканда ошону алат” деп кыргыз элибизде айтылгандай, азыркы учурда  балдарга арналган мультфильмдерден кооптоносуң. Себеби, мурункудай тарбиялуулугу же башкача айтканда жанрынын жана санынын көптүгү сапатынын жоктугу азыркы учурдун жаш балалуу ата-энелерди чочулатпай койбойт. Анткени, башка дүйнөнү чагылдырган фантастикалык мультфильмдер, бөбөктөрүбүздүн аң сезимин туура эмес багытка бураары баарыбызга белгилүү. Бул чыгарылышта мультфильмдердин келип чыгышын баяндап бермекчибиз.

 

Тарыхы

Балакайларга жакшы маанай, кыялдануусун арттыруучу мультфильмдин тарыхы жыйырманчы кылымдын башталышына барып такалат, Франциялык инженер Эмиль Рейно 1892-жылы 28-октябрда, балдарга арналган биринчи мультфильмдин тушоосун кескен.

 

Disney WorldБөбөктөрдүн кыялын орундаткан Дисней

Дисней (Disney) компаниясынын эң биринчи  тартылган мультфильми болуп Мики Маус фильми болгон  Elias мырза бул тармактын  жаңыча  жолдорун жана өзгөртүүлөрдү киргизип кичинекей күйөрмандарын кубантып ошол кездеги ачылыштарынын бири болуп калды “Бэмби”, “Золушка”,  “Питер Пэн”,  “Сто один далматин”, “Спящая красавица”, “Меч в камне” атту мультфильмдерин бөбөктөргө тартуулап жетимиштен ашуун мультфильм тартып, отуздан  ашуун «Оскар» сыйлыктарына ээ болуп келет. Дисней компаниясынын муну менен катар жылдык кирешеси барган сайын өсүүдө, таза кирешеси 1 миллион АКШ долларынан ашат, мисалы 2014 жылы тартылгын “муздаган жүрөк” аттуу “Дисней” компаниясынын мультфильми 11,2 млрд АКШ долларын түзгөн , ал эми таза кирешеси 1,17 млрд АКШ доллары болгон.

 

Советтик Союзмультфильм

Союзмультфильм

Тарбиялуулугу жагынан дүйнөгө алдына чыгарбаган мультфильмдердин арасында советтик  “Союз-Мультфильм” компаниясы  тартуулаган мультфильмдер алдыда тураары баарыбызга маалым. Азыркы орто жашап калган муундун бала кездерин эске салчу биринчилерден болуп  Винни жана Пух аттуу  мультфилми бөбөктөргө тартууланган. Советтик мезгилде бул ачылышты аниматор Федор Хитрук  атту адам тартуулаган жана ошону менен бирге эле   “Кар ханышасы” , “Үйдөгү  мышык”   “Ачкыч” “Сыйкырдуу дүкөн” чыгармаларын жараткан.

Ал эми, азыркы учурда бул тармакта орус туугандарыбыз  бөбөктөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон жаңыча  “Аю жана Маша” (Маша и Медвед) жана “Айдан”  (Лунтик) аттуу аталыштагы анимацияларды бөбөктөргө тартуулап келет

 

анимэЯпония анимациялык мульт алдыда

Бул жанрдагы мультфильмдин өзгөчөлүгү өтө башкача, кара сөз менен айтканда робот сыяктуу десек болот,  бул жанрдагы анимацияны техникалык жактан алда канча астыга кеткен Япония өлкөсү чыгарып келет, эң кызыктуусу бул мультфильмди көбүнчө кичинекей бөбөк тайлар  эмес орто курактагы көрөрмандары көп экендиги статистикада такталган, япондуктар тартуучу анимацияда  Нарута, Пакимон,  Ванпис, Реборн, Блич болуп көптөгөн түрлөрү көрсөтүлүп  келет.

2008-жылы DreamWorks Animation аттуу компания дагы бир бөбөктөрдүн купулуна толгон  Кунг-фу панда аттуу мультфильмин тартуулашкан режиссёрлору Марк Осборн жана  Жон Стивенсон бул фильм болуп көрбөгөндөй  атактуулукка жетип таза кирешеси 130 миллион АКШ долларына жеткен, кызыгы бул  мультфильминдеги жолборстун үнүн белгилүү актриса  Анжелина Жоли коштогон, ал эми Панданы Жек Блек, Льюси Лью жыландыкын  коштосо, маймылдыкын Жеки Чан ачып берген. Ал эми, бул компаниянын азыркы учурдагы эң популярдуу фильми болуп «Хронител сноф» төрт мезгилди чагылдырган бул фильм 2012-жылы чыкканына карабай  бөбөктөр эң көп көргөн мультфильмине айланган, чыгашасы 140 милионду түзүп, ал эми кирешеси болсо 306 941 670 АКШ долларына жеткен.

 

АкуКыргыз анимациясы да кыймылдоодо

Бул тармактан Кыргызстанда куру калган эмес, америкалык дисней компаниясындай чоң нерсе жаратпаса бул тепкичтерди басып көргөн, дегенибиз «айтыш фильм» жана  тарабынан кыргыз жана орус тилинде аниматор режиссер Толгобек Койчуманов «Аку» атту мультфилими биздин бөбөктөрүбузгө тартууланган, ал эми кеткен сумманын чыгымы 60миң  акш доллары керектелген.

Акмат РААТКАН

Айбат гезити №99




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru