Айбат » Гүлнара Калдарова: “Апамдан алган тарбияны кызыма берем”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Гүлнара Калдарова: “Апамдан алган тарбияны кызыма берем”

Гүлнара Калдарова- Гүлнара эже, учурда эмне менен алек болуудасыз? Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылануулар болуп жатат?

– Учурда жаңы ырларды жаздырып жана акыркы жаздырган “Апакем” аттуу ырыма клип тартайын деп жаткан учурум.  Чыгармачылыкта репертуарларымды жаңыртып жаңы ырлардын үстүнөн иштөөдөмүн.

- Кызыңыз канчага чыгып калды?

– Кызым 3 жарым жашка чыкты. Барган сайын таттуу өнөрү чыгып, атасы экөөбүздү бакытка бөлөп турган чагы.

Гүлнара Калдарова- Өз апаңыздан алган тарбияны кызыңызга берип жатам деп ойлойсузбу?

– Албетте апаман алган тарбиямды турмушта колдонуп келем. Кызымды да тарбиялоодо апамдан алган тарбияны бергенге аракет жасайм. Апам бизди урушпай, жай түшүндүрүп койчу. Мен да жай гана түшүндүрүп коем.

- Тигүү цехиңизди иштетип жатасызбы же толук кандуу чыгармачылыкка кириштиңизби?

–  Азыркы учурда чыгармачылыкка көбүрөөк маани берип, чыгармачылык менен гана алектенип жатам. Калган иштерди экинчи планга койдум. Сахна адамы болгондон кийин кандай болгон күндө да чыгармачылыктан алыстай албайт экенсиң.

Гүлнара Калдарова- Кыз-Бурак тобу Гүлнара Калдарованын турмушунда кандай из калтырды?

– Кыз-Бурак тобу менин турмушумда абдан чоң из калтырды. Биринчиден элге таанылдым андан башка чыгармачылыкта сахна маданиятын үйрөндүм.

- Топко биринчи барган күнүңүздү эстей аласызбы?

–  Топко биринчи кастинг болуп 200 кыздын ичинен тандалып алынганмын. Ушунча кыздын арасынан топко кире албайм го деп чочулагам. Бирок, кастингден өтүп кеттим. Ошондогу толкунданып, сүйүнгөнүмдү сураба.

Гүлнара Калдарова- Эл адамы дайыма сулуу болуп жүрүүсү абзел. Сиз сулуу болуп жүрүү үчүн косметикага айына канча суммадагы акча коротосуз?

– Чынын айтсам канча кеткенин такыр эсептебейм, көп эле коротом. Негизи бир косметика түгөнсө баары түгөнүп калат, ошондуктан көп эле акча сарптап коем.

- Үй шартында кандай маскаларды жасайсыз?

– Үй шартында атайын сатып алган маскаларды колдоном адан сырткары үйдө да бетимдин терисине жараша маскаларды жасайм. Мисалы азыркы убакта беттин терисине көбүрөөк кам көрүү керек. Анткени, суук аба бет терисин кургатып жиберет дагы бетке бырыш түшүп кетет. Ошондуктан мындай мезгилде кадимки эле жумуртканын сарысын бөлүп алып чалып туруп бетке 15-20 мүнөт коюп анан жылуу суу менен жууп койсо бет териси жумшарып, азыктанып калат. Муну жумасына бир жолу жасаган жакшы. Бал жана лимон ширесинин аралашмасы ага жумуртканын сарысын кошсо да бетти мыкты азыктандыруучу маска болот. Мен көбүнчө ушул маскаларды жасайм.

Гүлнара Калдарова- Сумкаңызда дайыма кандай косметикалар жүрөт?

–  Сумкамда дайыма пудра менен помада болот. Бул эки косметикасыз жүрүүгө такыр мүмкүн эмес.

- Макияжга күнүнө канча убакыт бөлөсүз?

–  20 мүнөттө боенуп, даяр болом.

- Сулуу болууну кыялданган кыздарга кандай кеңештериңизди айта аласыз?

– Айтаарым биринчиден адамдын ички дүйнөсү сулуу болуш керек. Экинчиден тазалык, тыкандык да сулуулукка жатат деп ойлойм. Аялзаты болгондон кийин албетте өзүнө да көңүл буруп, туура бет майларды тандап бетке кам көрүп туруу керек деп ойлойм. Адамдын ичиндеги сулуулугу анын жүзүнөн байкалат. Ошондуктан жан дүйнөнү тазартып алгыла.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №99




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru