Айбат » Батыркул Баетов, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы, экономика илимдеринин доктору: “Белгиленген иш-чаралардын баары аткарылат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Батыркул Баетов, Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы, экономика илимдеринин доктору: “Белгиленген иш-чаралардын баары аткарылат”

Баетов- Өткөн кышкы жылытуу сезону, энергетиктердин сөзү менен айтканда, “кышкы максимум” кандай жыйынтыкталды?

– 2012-жылдын 24-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2012/2013-жылдардын күзгү-кышкы мезгилдерине даярдоо боюнча чаралар жөнүндө” №257 токтомунда министрликтер менен ведомстволор, отун-энергетика комплекстеринин ишканалары жана бюджеттик мекемелери тарабынан кышка даярдануу, күйүүчү отун менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу, электр станцияларын, от казан жана тармактарды оңдоо, Токтогул суу сактагычында зарыл болгон суу көлөмүн топтоо, жаңы энергетикалык объектилерди ишке киргизүү жана Борбордук Азия бириккен энергосистемасынын чегинде кыргыз энергосистемасынын катарлаш иш алып баруусун камсыз кылуу маселелери каралган эле.
Жалпы жонунан алганда 2012-жылы 15,15 млрд. кВт. саат электр энергиясы иштелип чыккан же 2011-жылга салыштырганда 100,1%ды, анын ичинде ГЭСте 14183,9 млн. кВт. саатты, ЖЭЦте 970 млн. кВт. саатты түзөт. Электр энергиясын экспорттоонун жалпы көлөмү 1,59 млрд. кВт. саатты түзгөн. Экспорттун азайышы Токтогул суу сактагычындагы суунун агып киришинин азайып кетүүсү менен байланыштуу болгон (көп жылдык ченемдин 85%ы).
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча бөлүштүрүүчү электр компаниялары тарабынан электр энергиясы үчүн каражат жыйноо 7,5 млрд. сомду түзгөн жана бул 2011-жылга караганда 838 млн. сомго көптүк кылат. Бөлүштүрүүчү компаниялардын тармактарындагы электр энергиясын жоготуунун көлөмү 2011-жылга салыштырмалуу 1,1%га азайган. Бирок, ошол эле учурда электр энергиясын жоготууларды жана дебитордук карыздарды азайтуу боюнча 2012-жылга карата кабыл алынган пландык көрсөткүчтөр аткарылган эмес. План боюнча 18,5% экендигине карабастан жоготуулар иш жүзүндө 21,2%ды түзгөн. Бөлүштүрүүчү компаниялар (“Түндүк электр” ААКсынан бөлөгү) кабыл алынган жана товардык продукциянын 98%ын түзгөн каражаттарды толук түрдө жыйноону камсыз кыла алышкан эмес. Ошондой эле, “Ош электр” ААКсы жана “Жалалабатэлектр” ААКсы тарабынан электр энергиясы үчүн болгон дебитордук карызды кыскартуу боюнча тапшырмалар аткарылган эмес жана анын көлөмүнүн 2% жана 2,7% өсүүсүнө жол берилген.

КР өкмөтүнүн жогоруда эскерилген № 257 токтому менен бекитилген кубаттуулук керектөө лимитинин көбөйүп кетүүсүнө байланыштуу жана Борбордук Азия бириккен энергосистемасындагы туруктуу ишти сактап калуу максатында “Кыргызстан УЭТ” ААКсы 2012-жылдын 18-19-декабрында өлкөнүн түндүгү боюнча аргасыз чектөөлөрдү киргизген. Ошондой эле Токтогул ГЭСиндеги №4-агрегаттын авариялык оңдоо менен байланыштуу иштебей калуусу да кошумча чектөөлөрдү киргизүүгө алып келген. Жаралган таңкыстык Бишкек шаарынын ЖЭЦиндеги кубаттуулукту 290 мегаватка чейин көбөйтүү жана Ош шаарынын ЖЭЦиндеги турбоагрегатты (15 МВт) ишке киргизүү жолу аркылуу жарым-жартылай түрдө толукталган.

Акыркы жылдардагы тажрыйбалар министрликтер, ведомстволор жана отун-энергетикалык комплекстин ишканалары күзгү-кышкы мезгилдерге даярдык көрүү боюнча пландары менен иш-чараларын аткарууда, өзгөчө калкты өз убагында көмүр менен камсыздоодо, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды уюштурууда белгилүү бир техникалык кыйынчылыктарды баштарынан өткөрүп жатышкандыгын көрсөтүүдө. Тендердик комиссия негизделгенден баштап келишим түзүлүп, каржылоо ачылып, ташып жеткирүү башталгыча бардык тендердик процесстер узак убакытты талап кылуу менен товарларды ташып жеткирүү, тейлөө жана оңдоо иштерин аткаруунун графигинин бузулушуна алып келет.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана 2012-2013-жылдардагы күзгү-кышкы мезгилдерди өтүү, иш-чаралардын аткарылышына көбүрөөк убакыт берүү, күйүүчү отун, жабдуу, материал жана тейлөө кызматын сатып алууга каражаттарды өз учурунда бөлүү, ошондой эле жаңы терс факторлордун таасирин алдын алуу боюнча чараларды өз учурунда кабыл алуу өңдүү маселелер эске алынуу менен “2012-2013-жылдардын күзгү-кышкы мезгилдерин өтүүнүн жыйынтыгы жана Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2013-2014-жылдардын жылуулук берүү мезгилине даярдоо жөнүндө” КР өкмөтүнүн токтомунун долбоору даярдалды.

– Жылытуу сезонунда орун алган көйгөйлөрдү, кемчилик-мүчүлүштүктөрдү өз убагында четтетүү боюнча кандай чаралар көрүлдү?

– 2012-2013-жылдардын күзгү-кышкы мезгилдеринде бир катар факторлор кыргыз энергосистемасынын ишинин туруктуулугуна жана керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга терс таасирин тийгизди.
Мисалы, 2012-жылдын 13-19-декабрында Казакстан аркылуу келе турган жаратылыш газына болгон чектөөлөр Бишкек, Кара-Балта, Кант, Токмок шаарлары менен Сокулук айылындагы жекече сектордогу эл менен бирге бир катар ири өнөр жай ишканаларына жана Бишкек шаарынын ЖЭЦине газ берүүнү аргасыз жабууга алып келген. Бул өз кезегинде электр тармактарына болгон жүктүн көбөйүшү жана авариялык өчүрүүлөр менен коштолгон. Ошол мезгилде Бишкек шаары боюнча 303 өчүрүүлөр, ал эми “Түндүк электр” ААКсы боюнча 569 авариялык өчүрүүлөр болгон.

Энергосистемасындагы мындай абал төмөнкү негизги себептерге байланыштуу жаралган:

– бөлүштүрүүчү компаниялар тарабынан капиталдык курулуш жана жылуулук берүү мезгили башталганча оңдоо иштерин өткөрүү, электр энергиясындагы жоготууларды жана дебитордук карыздарды азайтуу, акча каражаттарын жыйноону жогорулатуу жаатындагы пландалган иштердин графиктен артта калуусу;

– облустар менен бирге Бишкек жана Ош шаарлары тарабынан электр энергиясы менен кубаттуулуктарды керектөөнүн лимитинин сакталбашы;
– күзгү-кышкы мезгилдер башталганча айрым бир министрликтер менен ведомстволор (“КТКС” МИ, ССМин, ИИМ жана Ош “Жылуулук менен камсыздоо” мамлекеттик ишканасы) тарабынан күйүүчү отун даярдоо өнөктүгү план-графиктен артта калуусу;
– Казакстан Республикасына ташылуучу жаратылыш газына болгон карыздын көптүгү.
Бул факторлор 2013/2014-жылдардагы жылуулук берүү мезгилинде да керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылууга терс таасир этүүсү мүмкүн, ошондуктан ушул маселелерге өзгөчө көңүл бурулат.

– “Кыштын камын жазда көр” дейт эмеспи. Эмки күзгү-кышкы жылытуу сезонуна даярдык көрүү башталдыбы? Ал үчүн жетиштүү акча каражаты бөлүндүбү?

– КР Өкмөтүнүн 2012-2013-жылдарга карата күзгү-кышкы мезгилдерин өтүү жана экономика тармактарын жана калкты даярдоонун жыйынтыктары жөнүндө токтомунун долбооруна ылайык 2001,25 миң тонна көмүр даярдоо керек, анын ичинде:
– калк – 917,3 миң тонна;
– бюджеттик мекемелер – 134,555 миң тонна;
– ОЭК ишканалары – 949,4 миң тонна (Бишкек ЖЭБке 850 миң тонна көмүр даярдоо пландаштырылган, анын ичинде импорттук – 500 миң тонна, жергиликтүү – 350 миң тонна).
Күйүүчү мазут боюнча 68,83 миң тонна даярдоо пландалган, анын ичинде:
– Бишкек ЖЭБ – 20 миң тонна, анын ичинде кыргыз көмүрү – 10 миң тонна, импорттук – 10 миң тонна;
– Ош шаарынын ЖЭБи – 23,5 миң тонна, анын ичинде кыргыз көмүрү – 15 миң тонна, импорттук – 10 миң тонна;
– Ош “Жылуулук менен камсыздоо” мамишканасы – 1 миң тонна кыргыз мазуту;
– “Бишкекжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасы “Кыргызтуракжай” ААКсына, Ош “Жылуулук менен камсыздоо” мамлекеттик ишканасына жана Ош шаарынын ЖЭБине 26 миң тонна мазут сатууну пландаштырган.
Келерки күзгү-кышкы мезгилге жаратылыш газы менен камсыз кылуу маселесине келсек, “Кыргызгаз” ААКсынын милдети 400 млн. куб. метр жаратылыш газын, анын ичинде республиканын түндүгүнө 355,6 млн. куб.м, түштүгүнө 44,4 млн. куб.м, алып келиши зарыл.
2012-жылдын 9-сентябрындагы “КазТрансГаз” АК менен түзүлгөн №6 кошумча макулдашууларга ылайык 2013-жылы импорттолуучу жаратылыш газынын көлөмү 342 млн. м3. Мындан сырткары, 2012-жылдын 28-сентябрындагы “Узтрансгаз” АК менен болгон келишим боюнча өлкөбүзгө дагы 100 млн.м3 жаратылыш газы келмекчи.
Көмүр жана мазут даярдоо маселеси боюнча белгилей кетчү нерсе, КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 12-апрелиндеги № 5 протоколу менен министрликтерге, ведомстволорго жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына көмүр жана мазут сатып алуу боюнча зарыл тендерлерди өткөрүүгө уруксат берилген. Бирок, токтом долбоору азыркы күнгө чейин кабыл алына электигин белгилей кетүү зарыл. Ошого карабастан бүгүнкү күндө “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасы өңдүү айрым бир ведомстволор тарабынан өздүк ишканалары үчүн күйүүчү мазут менен көмүр сатып алууга тендерлер өткөрүлүүдө.
Мындан сырткары, “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” МИ, “Бишкекжылуулук-тармактары” ААК, “Бишкекжылуулукэнерго” КИ жана “Кыргызгаз” ААКсы тарабынан казандык жабдуулар менен жылуулук менен камсыздоо системаларын пландык оңдоо иштери жүргүзүлө баштады.
Энергокомпаниялар күзгү-кышкы мезгилге карата даярдалган токтомдо белгиленген оңдоо иштерин өз убагында аткарууга милдеттүү.

– Электр энергиясы менен жылытууда башка альтернативалуу отундарга өткөрүү маселеси кандай чечилүүдө?

– Өлкөбүздө бардыгы болуп 1354 откана электр энергиясын пайдаланат. Бул отканалардагы отказандарын башка альтернативдүү (көмүр, карамай) отун менен иштетүүгө өткөрүү маселеси боюнча баардык министрликтер жана ведомстволорго тийиштүү тапшырмалар берилген.
Алардан алынган маалыматтарга таянсак, жаратылыш газынын жана электр энергиясынын негизинде иштетилип жаткан отканаларды альтернативдүү отун менен иштетүүгө өткөрүү үчүн 2013-2014-жылдарга 720 млн. сом, ал эми отун сатып алуу үчүн 407 млн. сом акчалай каражат керектеле тургандыгы белгилүү болду. Ошондой эле 2013-2014-жылдарга карата план боюнча каралган жылуулук берүү ишканаларынын, министрликтер жана ведомстволордун бардыгы 118 отканасынын 274 отказандарын иштетүүдө электр энергиясына кеткен чыгымы буга чейин 189,5 млн. сомду түзсө, альтернативдүү отун менен иштетүүгө өткөрүлгөндөн кийин аларды иштетүүгө кеткен чыгым болжол менен 242,1 млн. сомду түзөт.
Ушуну менен бирге эле, план боюнча каралган жылуулук берүү ишканаларынын бардыгы 29 отканасынын 85 отказандарын иштетүүдө жаратылыш газына кеткен чыгымы буга чейин 306,5 млн. сомду түзсө, альтернативдүү отун менен иштетүүгө өткөрүлгөндөн соң аларды иштетүүгө кеткен чыгым болжол менен 164,6 млн. сомду түзөт же 141,9 млн. сом үнөм болоору бышык. Ушундан улам жаратылыш газына жана электр энергиясына кеткен чыгымдардын айырмасы 89,3 млн. сом болоору божомолдонгон.
Бирок, өлкөдөгү отказандарды башка альтернативдүү (көмүр, карамай) отун менен иштетүүгө өткөрүү үчүн керектеле турган акчалай каражат “Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө” КР мыйзамынын долбоорунда каралган эмес.

– Быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыдан аз болору болжолдонуп жаткандыктан электр энергиясын берүүдө үзгүлтүктөр, өчүрүүлөр болбойбу?

– 2013-жылы суунун аз болуусу мүмкүн. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 2012-жылдын 1-октябрынан тартып 31-декабрына чейин Нарын дарыясынын бассейниндеги жааган жаандын суммардык көлөмү норманын 83%ын түзгөн, ал эми быйылкы агып кирүү көп жылкы орто норманын 79%ын гана түзмөкчү. Бул деген Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун азайышына шарт түзмөкчү.
Ушуга байланыштуу облустар менен бирге Бишкек жана Ош шаарлары тарабынан электр энергиясы менен кубаттуулуктарды керектөөнүн лимитинин сакталашына өзгөчө көңүл бурууга муктажбыз.
Ошондой эле электр энергиясы менен жылытууга уруксаты бар керектөөчүлөр энергосистемадагы жылытуу мезгилиндеги кечки жана эртең мененки таңкыстыктарда электр энергиясын пайдалануу эрежелерине ылайык өздөрүнүн электр жылыткычтарын, казандарын өчүрүүлөрү зарыл. Мындай учурларга даярдык көрүшүп, отунду даярдоо маселесин ар бир керектөөчү өз убагында жана жеткиликтүү чечиши керек.
Ушулардын баары так аткарылса, атайын өчүрүүлөр болбойт, бирок жер-жерлерде аба ырайынын ар кандай татаал шарттарына байланыштуу кыска убактагы өчүрүүлөр болушу толук ыктымал.

Маектешкен Таалайбек Темиров
Булак: “Эркин Тоо” (М.Э)



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2013 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru