Айбат » Таракан – кирешелүү бизнес

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Кызыктар дүйнөсү » Таракан – кирешелүү бизнес

ТараканАдамдан амал качып кутулбайт эмеспи, кытайлык фермерлер жакынкы жылдар аралыгында таракан өндүрүү менен байып жатышат.  Бул туурасында америкалык гезит жазып чыкты. Көрсө, биз жийиркенип жүргөн таракандардын адамдын ден соолугуна тийгизген оң таасири да бар экен.

Америкалык таракандар Кытайда

Дүйнө жүзү курт-кумурскалардан кантип арылуунун жолун ойлоп таап, ага жылына миллиарддаган акчаны сарптап аткан чакта, амалкөй кытайлыктар таракандарды өстүрүп, алардан абдан жакшы киреше таап, кайсы бирлери байып да жатышканы белгилүү болду. Тhe Los Angeles Times гезитинин октябрдагы санында жүздөн ашуун кытайлык фермерлер 10 миллиондон ашык таракандарды өстүрүп, аларды косметикада жана медицинада колдонууга сатып жакшы киреше таап жатышканы туурасында маалымат кеткен.  Күн санап өнүгүп жаткан бизнестин бул түрүн бийлик өкүлдөрү абдан катуу тескөөгө жана байкоого алышат. Себеби, алар массалык таракандардын фермадан качып кетүүсүнөн катуу чочулашат. Мындай окуя 2012-жылы болуп, миңдеген таракандар фермадан качып кеткенде кытай бийлиги бир топ бушайман болушкан.

 

Таракандарды медицинада жана косметологияда колдонушат

Белгилей кетсек, бул бизнестин ден соолукка бир топ оң таасирлери бар. Таракандарды кытайлар медицинада СПИДге каршы, онкологияык ооруларга, суук тийгенде, иммунитетти чыңдаганда жана косметикалык каражаттарды жасоодо колдонушат. Ушул эле жылдын май айында БУУ белогу көп таракандарды тамак катары пайдаланууга, ачарчылыктан сактанууда колдонууга уруксаат беришкен.  Ушул учурдан пайдаланган кытайлар америкалык таракандарды сатып алып, аларды өстүрүп жатышат. Мисалы 3.5 долларга таракан сатып алып өстүрсө ал бери дегенде эле 20 доллар болуп берет. Ошондо эсептеп көрсөңүз, миллиондогон таркандан канча суммадагы киреше түшөт.

 

Таракандарды бизнеске айланткан Ван Фумин

43 жаштагы Ван Фумин Кытайдагы таракан бизнесинин көрүнүктүү өкүлү. Анын 6 таракан өндүрүүчү чарбасы бар. Анын чарбасында 10 миллиондон ашуун таракан өндүрүлөт. Вандын жылдык кирешеси миллилон доллардан ашат. Ван 2010-жылдан бери таракан өндүрүп жергиликтүү дары чыгарган фирмалар менен тыгыз иштеп келген. Анын мындай бизнес менен алектенээрин 2012-жылга чейин эч ким билген да эмес. Качан гана анын чарбасынан таракандар качканда, таракан бизнеси тууралуу билген фермерлер ойлонуп анын бизнесине атаандаштыкты жарата башташты.  Алгач Ван чаяндарды жана коңуздарды дары жана деликатеске пайдалануу үчүн өстүргөн. Анан эле алардын жумурткаларынын бир партиясы таракандардын жумурткалары менен чаңдашып кеткен. Айласы жок таракандарды өстүрүп, бирок таракандардан пайда көбүрөөк түшкөнүн байкаган Ван таракан бизнесине баш оту менен киришип кеткен.

 

Эң арзан жана кирешелүү бизнес

Жакшысы башка малдарга салыштырмалуу таракандарда оору аз кездешет. Аларга тамак берүүдө да тоют аз кетип, өтө кымбат тоютту талап кылышпайт. Болгону картошканын кабыгын, ашкабактын калдыктарын жана чириген жер-жемиштердин калдыктарын да жей беришет. Таракандарды кургатуу да опоңой. Чаң соргуч менен сордуруп алып, кайнаган сууга салып эле күнгө куртагып алса болот.

 

Таракандар менен дарыланып картайганды алдын алууга болот

Кытай   медицинасынын профессору Ли Шунань таракандардын пайдалуулугун изилдеп жүрөт. Анын айтымында кээ бир өлкөлөрдө кургак учукту толук айыктыруу үчүн атайын таракандарды колдонушат. Анан дагы чачтары түшүп таз болуп калган профессор таракандар менен дарыланып кайра чач өскөнүн жана картайбай ошол боюнча жүргөнү тууралуу да айтат.

Самара Саламатова

Айбат гезити №99



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru