Айбат » Тан династиясынын доорундагы Кыргыз Каганаты

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Тарых » Тан династиясынын доорундагы Кыргыз Каганаты

Хань династиясынын доорунан кийин, Жуңго 3 бектик, эки жин, түштүк жана түндүк династиялардын бөлүнүшү менен Сүй династиясынын биримдикке келишин баштан өткөрүп, Тан династиясына чейинки 400 жылга жакын убакытта Жуңгонун борбордук бийлиги көп жолу алмашып, коомдук саясий кырдаалда зор өзгөрүүлөр болгон. Бул мезгилдерде чоң чөлдүн түндүгүндөгү кырдаалда да эбегейсиз зор өзгөрүүлөр болуп, зор таасирлерге учураган.

ТанГундар батыш өңүргө көчкөндөн кийин, сыр эндалар уламдан-улам күчөп, тез эле гундардын ордун ээлеген. Ошол кездеги кыргыздар «кыргуз» деп аталып, сыр эндалардын үстөмдүгүн таанып турган. Сыр эндалардан кийин жоржан, каңкы уруулары да уламдан-улам күчөп, алды-арты болуп чоң чөлдүн түндүгүн бийлеген. Бул кездеги кыргыздар «когыр» эли деп аталып, белгилүү бир убакыт жоржан, каңкылардын үстүмдүгүн тааныган. VI кылымдын ортолорунда түрктөр чоң чөлдүн түндүгүндө тез баш көтөрүп, чоң чөлдүн түндүгүндөгү урууларды баш ийдирген. Бул кездеги кыргыз уруулары «кыргур» уруусу деп аталган жана түрктөрдүн чеңгелинде турган. Түрктөрдүн чоң чөлдүн түндүгүндөгү урууларга болгон зулуму эң эле күч болгондуктан, ар кайсы уруулар күчтүү каршылык көрсөтүп турган. «Сүйнаама. Түрк санжырасында»: «чыгыш элдеринде түрктөргө өчөшүү күчөгөн, кыргыздар тиш-тырмагына чейин кектенип, качан болбосун кегибизди алабыз дешет» деп жазылган. Мындан кыргыз баш болгон уруулардын түрктөр менен болгон касташуулары курч жана чечкиндүү болгондугун көрө алабыз. Бул жердеги «турктөргө өчөшүү күчөгөн» жана «тиш-тырмагына чейин кектенип» деген сөздөр түрктөрдүн зулум үстөмдүгү менен басмырлашы көз каранды ар кайсы уруу журтчулугунун көңүлүнө терең өчөштүк үрөөнүн сепкендигин туюндурат. «Качан болбосун кегибизди алабыз» дегени – көз каранды болгон кыргыз баш болгон уруулардын ар убак түрктөрдүн үстөмдүк кылуучу тобуна каршы турмакчы жана сокку урмакчы болгону.

618-жылы Тан династиясы Сүй династиясынын ордуна бийликке келген. Тан династиясынын биримдикке келишинин жана өнүгүүсүнүн натыйжасында династиянын чоң чөлдүн түндүгү менен башка чек ара аймактарга болгон таасири мурдагы бардык династиялардан ашып түшкөн. Тан династиясынын чек ара аймактарды башкаруусу байыркы кыргыздардын гүлдөшү жана өнүгүүсүндө маанилүү роль ойногон. Башка династияларга караганда кыргыздар менен Тан династиясы айрыкча тыгыз байланышта болгон. Ал эми кыргыздардын Тан династиясынын доорундагы тез өнүгүүсү менен чоң чөлдүн түндүгүндөгү ролу дагы да айкын болгон.

Тан династиясынын доорунда кыргыздарга карата «гергур», «кыргуз» деген эски ат колдонулган, бирок муну менен бирге, Кыргыз каганатынын курулушун ээрчий, Тан доорунда кыргыздардын атынын жазылышы такталып, «кыргыс» деп колдонулган.

Тан династиясы курулгандан кийин, чоң чөлдүн түндүгүнө байланыштуу жүргүзгөн иш-аракеттеринин эң маанилүүлөрүнүн бири түрк күчтөрүнө сокку уруп, түрктөрдү алсыратып, чөлдүн түндүгү менен батыш өңүрдөгү ар кайсы урууларды Тан династиясынын биримдиктүү башкаруусуна каратып, алар менен ортоктошуп өнүгүү иши болгон. Тан династиясынын армиясынын түрк күчтөрүнө сокку берүү согуштарында кыргыздар эң эле активдүү роль ойноп, чоң салымдарды кошкон.

Тан династиясы кыргыз аймактарын башкарууда, биринчиден, кыргыз уруулары менен өз ара элчилик катнаштарды куруп, мамилени тереңдеткен; экинчиден, кыргыз аймактарында бийлик органдарын куруп, кыргыз башчыларын армия жана жергиликтүү акимчилик башчылыгына дайындап, кыргыз аймактарын ортоктошо башкарган. Ошону менен катар, Тан династиясынын борбордук бийлиги кыргыздардын жергиликтүү бийлигинин арасында ханга тартуу алып баруу, чин ыйгаруу сыяктуу формалардагы материалдык алмаштырууларды жүргүзүп экономиканын өнүгүүсүн ылдамдаткан.

Суң династиясынын доорунда жазылган «Тайпиң жылдарындагы эстеликтер. Кыргыздар» деген китепте: кыргыздар түрктөрдүн богоосунан кутулгандан кийин, алгачкы жолу Тан династиясына элчи жиберип, Тан династиясынын падышасына «суусар тери жана суусар терисинен тигилген тон» тартуулап, Тан династиясы падышалыгынын карамагына кире турган ниетин билдирген деп айтылат. 646-жылга келгенде Тан династиясы чоң чөлдүн түндүгүндө янран бакылоо мекемесин куруп, чоң чөлдүн түндугүндөгү урууларды биримдикке келтирген, кыргыздар ага караган. 648-жылы кыргыздардын башчысы Элтебер Ишбара ажо Тан династиясынын борбору Чаң Ан шаарына барып, улуу Тан династиясынын падышасы Таң Тайзуң (Ли Шимин) менен жолугушкан. Таң Тайзуң кыргыз башчысынын Тан династиясына келгендигин өтө кадырлап,сангундарды чакырып зыяпат өткөрүп, жакшы тосуп алган. Зыяпатта Таң Тайзуң кыргыздардын Тан династиясына жардамдашып, түрк күчтөрүнө сокку урууда кошкон салымы менен акыйкатчылдыгын мактаган. Ишбара ажо: «Мен чын жүрөктөн сиздерге кол берип келдим. Мамлекетиңиздеги бир мансапка коюп, чин берсе деп каалап турам» – деп кыргыздардын Тан династиясына болгон жакшы ниетин билдирген. Биримдикке ниеттенген кыргыз башчысына Таң Тайзуң абдан ишенген жана аны урматтаган. Ошону менен кыргыз аймагында кыргыз бакылоо мекемесин куруп, кыргыздарды янран бакылоо мекемесине каратып, Ишбара ажоону сол кол баш сангун, кыргыз бакылоо мекемесинин башчысы кылып белгилеген.

Тан династиясынын шын линин 3-жылы (700-жылы) Ву Зытян: «Чыгышта Кореяга чейин, түштүктө Вьетнамга чейин, батышта перс, тибет, кыргыз бакылоо мекемеси, түндүктө кидан, түрктөргө чейин бардыгы туугандарыбыз» – деп жарыялап, кыргыз урууларынын Тан династиясы менен болгон тууганчылык байланышын баса белгилеген. 708-жылы кыргыздын элчиси Тан падышасына барганда, Таң Жуңзуң тарабынан жакшы тосулуп алынган. Таң Жуңзуң кыргыздарды тосуп алуу зыяпатында сангундарына кыргыздардын бир бөлүгү Хань династиясынан чыккан Ли Линдин урпактары деген уламышты айтып, ошону негиз кылып, кыргыздар менен болгон байланыштын маанисин белгилеп, кыргыздар менен Тан династиясы экөө тең Ли Лиңдин тукумдары экенин айтып, алар окшош тукум, окшош аталаштар деп, кыргыз элчисине: «Мамлекетиңер менен Жуңго аталаш, башка элдерге таптакыр окшобойт» – деп Тан династиясы менен кыргыздын өзгөчө байланышын билдиргенде, элчи өтө таасирленген. Ошондой эле кыргыздын башчысы Куттуу Билге каганды оң кол аскер сангун, кыргыз бакылоо мекемесинин башчысы кылып белгилеген. Тан доорунда улуу сангун деп наам берилгендерден Ишбара Солчу Тегин, Күлпөн Кутчу Тегиндер болгон.

Тан династиясынын доорунда кыргыздардын күчү күн санап өсүп, чоң чөлдүн түндүгүндөгү жайлоодо доорон сүргөн бул кошуун Тан династиясынын өкмөтүнүн чоң чөлдүн түндөгүндөгү уруулардын туруктуулугун коргоодо, бөлгүнчү күчтөр менен чыккынчыларга жасалган жортуулдарда жардамчы жана колдоочу болгон. Кыргыз уруулары Тан династиясынын армиясынын түрк күчтөрүнө сокку урган согуштук аракеттерине көп жолу катышкан. Мисалы, 710-жылы Таң Жуңзуң түрктөргө каршы жортуул жасоо жөнүндө жарлык чыгарганда кыргыздар Тан падышалыгы менен бирикме кошуун куруп, түрктөргө жортуул жасоону талап кылгандыгы үчүн бериле турган чин үстүндө токтолуп: «кыргыздар оң жакта, салгылашкан жак чыгышта болуп, кыргыздарга көп жолу чин берилген болсо да, түрктөрдүн ордосун талкалоону талап кылды» деген. Мындан, кыргыз уруулары Тан династиясынын чоң чөлдүн түндүгүндөгү эң ишенимдүү уруусу экендигин, Тан династиясынын армиясы түрктөргө жортуул жасаганда согуш планын мыкты түзүп бергендигин билүүгө болот. 718-жылы Тан династиясы 300 миң кол курап, кийинки Түрк каганатына жортуул жасаганда кыргыз бакылоо мекемесинин оң кол сангуну Куттуу Билге Каган өзү кол баштап, бул согушка катышкан. Согуштан кийин, Таң Шуанзуңдун чыгарган жарлыгында кыргыз урууларынын аскерин мактап: «көйкашка баатырлыгын көрсөттү, эч кандай жоо буга беттеше албайт» деп жазылган.

Кыргыздар Тан падышалыгынын түндүктөгү коргоочусу болгондуктан, чоң чөлдүн түндүгүндөгү ханзуларды көп жолу коргогон. Айталы, 653-жылы кыргыз уруулары Тан падышалыгына элчи жөнөтүп, Таң Гавзуңга доклад берип, түрктөр үстөмдүк кылган аймактарда көптөгөн ханзулар бар экенин, Тан падышалыгы адам жөнөтүп аларды куткарып калуусу керек экенин айткан. Ошондо Тан династиясынын өкмөтү элчи жөнөтүп, алтын төлөм берип, аларды кайтарып келген. Дагы бир мисал: кыргыздар Уйгур каганатынын ордо калаасы Карабалгасун шаарын багындыргандан кийин, баш аламанчылыкта шаардан айрылып калган Тайхы Канышты жолуктуруп, жоокер жөнөтүп, Тайхы Канышты Чаң Ан шаарына жеткизип берген.

Түрк күчтөрү алсыраган соң чоң чөлдүн түндүгүндөгү уруулардан кыргыздар жана уйгурлар күч алып, бул эки уруу тең удаалашып өздөрүнүн бийлигин орнотуп Уйгур каганаты менен Кыргыз каганатын курушкан. Уйгур каганаты күчөгөндө Кыргыз каганатына эки ирет катуу сокку урган. Бирөөндө 758-жылы Уйгур каганаты Кыргыз каганатына капыстан сокку уруп, Кыргыз каганатын багындырып анын Тан династиясы менен болгон байланышын үзүп таштаган болсо да, Кыргыз каганаты түрдүү амалдарды колдонуп, Уйгур каганатынын бөгөттөрүн буйтап өтүп, Тан династиясы менен болгон мамилесин калыбына келтирген; арадан 50 жыл өткөн соң Уйгур каганаты Кыргыз каганатына дагы бир жолу чабуул коюп, кыргыз жоокерлерин талкалап эле тим болбостон, Кыргыз каганатынын ханын өлтүргөн. Бул жолку чабуулда Кыргыз каганатына берилген сокку өтө оор болуп, Кыргыз каганаты «уй, жылкылары, аштыктары түгөнүп, куралдары тоодой үйүлүп, мамлекет казынасы түгөнүп, адам калбай» кызыл уук болуп чөлгө айланган.

Бул эки жолку оор соккуга учураган Кыргыз каганаты өзүнүн өзгөчө улуттук руху аркылуу кыйынчылыктарга каршы туруштук берип, түрдүү аргаларды колдонуп, мамлекетти сактап калуу үчүн алга умтулуп, тымызын дүмөк куруп, өчүн албай койбогон. 50 жылга жетпеген убакытта күч алып, акылдуулугу менен Уйгур каганатына «андай казанга мындай чөмүч» дегендей сокку ура баштаган. 840-жылы Уйгур каганатында от алган оору апатынан жана ички баш аламанчылыгынан пайдаланып, Кыргыз каганаты уйгурларга черүү тартып, өч алуу жөнүндө дилгир план түзгөн. Так ошол кезде Уйгур каганатынын үстөмдүк тобунун ичиндеги кээ бир адамдар өздөрү Кыргыз каганатына багынып, кыргыз аскерлери менен биргелешип Уйгур каганатын биротоло ойрондогон.

Бул жолку кандуу согуштан жеңип чыгуу Кыргыз каганаты үчүн чоң стратегиялуу мааниге ээ болгон. Биринчиден, Уйгур каганатынын кыргыздарга болгон богоосунан кутулуп, территориясын Тан династиясынын жери менен тыгыз бириктирип, кыргыздар тибеттиктердин үстөмдүгүнөн кутулуп, ошол аркылуу Жуңгонун борбордук бийлигинин бир өңчөй башкаруусундагы жергиликтүү уюмга айланып, Тан династиясынын борбордук өкмөтүнүн тыгыз башкаруусуна караган; экинчиден, Уйгур каганаты ойрондолгондон кийин, алар чоң чөлдүн түндүгүнөн биротоло кеткен. Кыргыздар чоң чөлдүн түндүгүндөгү жайлоонун даанышман падышасы болуп калган. Ошондон баштап кыргыздар чоң чөлдүн түндүгүндөгү кудуреттүү ордун негиздеген; үчүнчүдөн, уйгурлардын батыш өңүргө көчүшүн ээрчий, кыргыздардын бир бөлүгү черүү кубалап уйгурларды ээрчип батыш өңүргө көчүп, аншии, бейтиң, татар сыяктуу уруулардын жерлерин багындырып, Тянь-Шань тоо кыркалары менен Памир кырка тоолоруна жайланып, кыргыз чөлкөмүн бир топ кеңейткен. «Жаңы таңнаама. Кыргыздар» деген китепте: Кыргыз каганатынын жер чөлкөмү кеңейип, «чыгыш жагы курыгандар менен, түштүк жагы тибеттиктер менен, батыш түштүк жагы карлуктар менен туташат» деп айтылат. Кыргыздын черүүсү 100 миңге, жарактуу жоокери 80 миңге жетип, чоң чөлдүн түндүгүндөгү күчтүү уруулардын бири болгон. Мындан башка, бул жолку батыш өңүргө көчүүнүн дагы бир зор мааниси, Памир, Тянь-Шань кыргыздары (түштүк кыргыздар) бара-бара калыптана баштаган.

Чоң чөлдүн түндүгүндөгү кыраан эл болгондугу үчүн, кыргыз коомунун маданияты да белгилүү бир даражада өнүккөн. Хань династиясынан Тан династиясына чейин кыргыздын күчү артып, кошууну 400 миңге жетип, жан саны бир миллиондон ашып, чоң чөлдүн түндүгүндөгү эң күчтүү урууга айланган. Тан династиясын үлгү алган кыргыз коому өз уруулары арасында Тан династиясынын саясий түзүмүн толугу менен орноткон. Уруулар ичинде «эр» каган болсо, кагандын кол астында жайсаң, бакылоочу, жасоол, аймак башы, сангун, таркандан турган 6 даража болгон. Бул мансаптардын аталышы көбүнчө Тан династиясынын мансап аттарынан алынган. Мындай үстөмдүк кылган саясий органдын курулушу Тан династиясынын таасирине түздөн-түз байланыштуу. Айталы, Тан династиясы кыргыз аймактарында бакылоо мекемесин куруп, кыргыз башчыларын бул мекеменин бакылоочулугуна дайындаган. Андан соң кыргыз уруулары өзүнө караштуу ар кайсы урууларда да тармактык бакылоо мекемелерин курган. Ал кезде кыргыздарга караштуу үч бакылоо мекемеси курулган, түндүк өңүрдөгү башка көчмөн улуттарга окшоп кыргыз коому да бардык эл жоокер боло турган аскердик түзүмдү киргизген. Кыргыздарда «жарактуу жоокер 300 миңден ашкан, жоого аттанарда, кара калкы жана ага көз каранды уруулары кошо аттанган». Кыргыз каганатынын карамагында кыргыз урууларынан бөлөк туба, белер, каңач сыяктуу уруулар болгон. Демек бул кезде Кыргыз каганаты эң күчтүү доорун сүрүп турган.

Тан падышалыгынын доорунда кыргыздарда темир эритип согуш куралдарын жасоо да өтө өнүккөн. «Тайпиң жылдарындагы эстеликтер. Кыргыздар» деген китепте: алардын жоокердик жарактарынан найза, кылыч жана жаа-жебелер бар. Алардын «темирден жасаган жарактары курч, технологиялык жактан кылдат, алардын аттуу жоокерлери жыгачтан жасалган калкан урунат, жебенин огу аны жарып өтө албайт» деп айтылат. Чоң чөлдүн түндүгүндөгү көчмөн уруулар менен Тан падышалыгы кыргыз жоокерлеринин курал-жабдыгын суктанып даңктаган.

Чынында эле Тан падышалыгы доорунда кыргыз жоокерлеринин күжүрмөндүүлүгү күчтүү болгон. Мунун негизинде кыргыздар Көктүрк каганаты жана Уйгур каганаты менен узун мезгил каршылаша билген жана Тан падышалыгынын армиясы менен биргелешип акыры Түрк каганатын жана Уйгур каганатын ойрондоп талкалап, уйгурларды багынууга зордоп, аларды чоң чөлдүн түндүгүндөгү жайлоодон көчүрүүгө жетише алган.

Айбат гезити №99



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru