Айбат » “Курманжан датка” киносу “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Шоубизз » “Курманжан датка” киносу “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлдү

kinopoisk.ruСадык Шер-Нияз тарткан Алай ханышасы “Курманжан датка” киносу “Оскар” сыйлыгына “Мыкты чет элдик тасма” категориясы боюнча көрсөтүлдү. Мындай маалыматты америкалык “Variety” журналы жазып чыкты. Эскертсек, фильм мамлекеттик буюртмасы менен тартылып, 2 жылдан ашык мөөнөттү талап кылган. Ошондой эле, кино Ош, Алай, Жети-Өгүз, Талас жана Көк-Мойнок деген жерлерде тартылган. Кинону тартууга жалпысынан 700дөн ашык киши катышкан. Чет мамлекеттик тасмалардын бюджетинин бир бөлүгү гана сарпталган тасманын Оскар сыйлыгына көрсөтүлүп жатканы кыргыз эли үчүн абдан чоң сыймык. Тасмага ийгилик каалайбыз!

Айбат гезити №99



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru