Айбат » “Колу-бутубуз сынып калды” деп кокуйлашкан “жаңы муунчулар” кантип беттери чыдап калп айтып атат ыя?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » “Колу-бутубуз сынып калды” деп кокуйлашкан “жаңы муунчулар” кантип беттери чыдап калп айтып атат ыя?

Жаңы муунКечээ Бишкек шаарында күйүүчү майдын кымбаттагына нааразычылык билдирип, ачкачылык жарыялайт элек деген “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрү М. Горькийдин эстелигинин жанынан милиция кызматкерлерине дөөгүрсүп сүйлөшүп, атайын алардын жинине тийе тургандай сөздөрдү айтып провокация жасоого аракет кылышканы байкалган. Алардын бул акциясынын канчалык деңгээлде мыйзамдуу экендигин текшерип коюу үчүн кыймылдын мүчөлөрүн ички иштер бөлүмүнө барып коюуну өтүнүшкөндө Мавлян Аскарбеков, Адиль Турдукулов, Мелис Аспеков, Тимур Саралаев өңдүү жана башка “эски-жаңы муунчулар” милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Өздөрү каршылык көрсөтүп атышып, кайра “Эмне колумду кайрып атасың, жөн эле басат элем го, мен сени таанып калдым, эртең көрөсүң” деген өңдүү сөздөрдү кыйкырып аткандары бул окуяны чагылдырган видеотасмаларда дапдаана угулуп турат. Эгерде алар милиция кызматкерлерине жөн гана баш ийип, алдыларына түшүп басып бергенде алардын колун кайрыганга деле эч кимдин кызыкчылыгы болмок эмес. Тескерисинче кыймылчылар “Силер милиция кызматкерлери элге кызмат кылышыңар керек болчу, силер кайра тескерисинче кылып атасыңар” деп акылдуусунгандарын кантип айтпай коебуз? Же, өздөрүнүн жеке чөнтөктөрү үчүн кайсы бир күчтөрдөн акча каражатын алып, анан аны актоо үчүн элибиздин тынчтыгын бузуп митинг, акция, ачкачылык жарыыялагандар эл болуп, бери жакта тынчтыкты самап, өлкөнүн стабилдүүлүгүн тилеп тургандар эл болбой калабы? Анан аларды ички иштер бөлүмүнө алып барып, кайра кое беришкенден кийин Адиль Турдукулов, Мелис Аспеков жана Тимур Саралаевдер бири бутун, экөөсү колун бинт менен таңып алышып, аябай сонун фотосессия өткөзүшкөнүнө күбө болдук. “Колун сындырып алган” Тимур Саралаевдин тимеле жүзүнөн күлкү төгүлөт. Колу сынган адам оорусуна чыдабай, кабак-кашын бүркөп турушу керек эле го? Же Саралаевдин колу сынганда ууртуна күлкү толуп калабы? Мелис ДемотиваторАспеков болсо бутун бинт менен таңып алганына жол болсун. Милиция кызматкерлери анын бутун кайрып алып кетишиптирби? Кичине калп эле “ооруксунган” киши көрүнгүсү келсе, жок дегенде жанындагы Адиль Турдукуловдой болуп, колун таңып алса жакшы жарашмак. Же Мелис Аспековду милиция кызматкерлери алып кетип атканда бир милицияны буттан чалып жыкканга аракет кылганы видеодон көрүнүп турат. Ошондо бутун “кокустатып” алдыбы? Анда буга ким күнөөлүү? Мына ушинтип өздөрү провокация жасап алышып, эми “Эрим уруп койду” деп атасына ыйлап келген келиндей болуп жалпы коомчулукка өздөрүнүн чыныгы жүзүн таанытып аткандарына жол болсун. Жигит деген да ушундай болчу беле? Эгерде Тимур Саралаевдин колу сынганы анык болсо, анда неге дарыгерлердин аныктама кагазын кошо фотосессияга кошуп коюшпайт? Айтор, кыргыздын жигиттери анча-мынча ооруксунуп калган жерин чымын чаккандай да көрчү эмес эле. Батыштын саясатына сугарылгандар “кызтеке” болуп баратышабы?

Баса, А.Турдукулов: “Биз тез жардамды чакырсак, эки сааттан ашуун убакыттан кийин келди” деп “ыйлактаптыр”. Кадырыңыз жан болсун дейбиз. Бишкектеги “тез жардам” кызматынын жетекчиси Жаркынбек Касымбеков Турдукуловдун карачечекей жездеси болот. Андыктан Адиль мырза бийликти күнөөлөбөстөн, жездесин күнөөлөсүн…

Айбат гезити №100




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru