Айбат » Айланайын Ош, Жалал-Абад шаарынын тургундары, кудайга тобоо дегилечи, “газ эле газ” – деп эркелебей!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Айланайын Ош, Жалал-Абад шаарынын тургундары, кудайга тобоо дегилечи, “газ эле газ” – деп эркелебей!

газКүн өткөн  сайын  кылычын кармап аяздуу кыш келатат. Ош  шаарындагы көп кабаттууларга  электро  плиталар,  ал эми  жер үйдөгүлөргө  газ балондор республикалык жалпы бюджеттен жана жалпы Кыргызстанга берилген гранддардан бекер таркатылып жатканын  теледен көрүп  кубанып  жатсак, Ош шаарынын кээ бир тургундары, “газ жок” – деп какшап жатканы жанды күйгүзгөнү күйгүзгөн.  Буга чейин алты айлап кыш, өз ызгаарын өкүмүн сүрүп келген Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарындагы  шаарларда, газды өмүрү колдонбой “кабагым, кашым” дебей, догурунбай эле жашап келе жатышат го!

Өзбектер газ бербей койсо эле аларга “аке жан”деп тизелегенибиз оңбу же кышында намысыбызды бек кармап, көкүрөгүбүздү көтөрүп өкмөт бекер берген газ, плитабыз менен өткөнүбүз жакшыбы? Негизинен  Кыргыз эли ар-намыс дегенди  жогору баалашкан. “Чындык туздан да ачуу” дегендей, чындыгында газ балон, электр  жылыткычтарын  алганга  акча каражаттары жок болуп туруп,  Меккеге барганга  (ажылыкка) 5-6 миң долларды кайдан таап барып жатышат? Динде деле айтылат эмеспи “алгач өзүңдүн үй бүлөңдү эчтекеден кем кылба” деп, биринчи үйдөгү жылуулукту камсыз кылып, жалпы элге жардам кылсаңар, элдин сообун алып, Аллахым өзү ыраазы болуп, ажыга баргандай эле болот элеңер го! Биз сиздерди туура түшүнүп жатабыз, эл бузар, провокатор саясатчыларга ишенип жатасыңар. Бирок газ бир гана силердин маселе эмес, бул жалпы кыргыз мамлекетинин маселеси болуп турганда, силер сол буттан артка тартканыңар кудайга жагабы…

Айбат гезити №100



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru