Айбат » Бейөкмөтчүлөр медициналык жана психологиялык жардамга муктаж болуп турабы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бейөкмөтчүлөр медициналык жана психологиялык жардамга муктаж болуп турабы?

НПОАдебинен ашып бараткан, адам укугун коргоого караганда Кыргызстандын ички саясатына көбүрөөк аралашып, кыргыз элинин байыртадан бери келаткан салттуу менталитетин бузууга далалат жасап, батыштан алган акчаларын кандай гана жол менен болсо да актоого жан үрөгөн Бейөкмөтчүлөрдүн ишин көзөмөлгө алуу маселеси Жогорку Кеңеште карала баштагандан бери мындай аракеттерде жүрүшкөн укук коргоочулардын тынчы кете баштады. Адегенде эле АКШ элчилиги бир жыныстагы адамдардын мамилесин пропагандалоого тыюу салуу адам баласынын фундаменталдык укугун бузат деп кыйкырып чыгышкан. Буга тиешелүү жоопту кыргыз парламенти жолдоду. Ага ылайык «бир жыныстагы адамдардын мамилесин жалпыга маалымдоо каражаттарында пропагандалоого тыюу салуу Кыргызстандын Конституциясына карама-каршы келбейт. Конституцияда биринчи орунда үй-бүлө турат. Анан дагы ата-бабаларыбыздан бери келаткан нарк-насил, менталитет мыйзам аркылуу корголот» деп жазылып турганы эскертилген. АКШ элчилиги тиешелүү жообун алып отуруп калгандан кийин, «Бир дүйнө Кыргызстан» аттуу укук коргоочулар кыймылынын төрагасы Төлөйкан Исмаилова баш болгон дагы бир топ укук коргоочулар кыргыз парламентине обу жок асылып киришти. Маселен, борбор шаарыбыздагы маалымат агенттиктерине берген маалымат жыйынында Төлөйкан Исмаилова «Бүгүнкү күндө парламент медициналык жана психологиялык жардамга муктаж болуп турат. Анткени алар абсолюттуу түрдө жадакалса өздөрүнүн ден-соолугун да да түшүнүшпөйт жана ушундай мыйзам долбоорлорун даярдап жатышат. Ал мыйзам долбоорлору нормалдуу адамдарды бузуп жана калктын аянычтуу (уязвимый) тобунун көңүлүнө оору алып келүүдө» деп билдирди. Мына эмесе, батыштын акчасы кандай гана сөздөрдү сүйлөтпөйт? Же депутаттар даярдаган мыйзам долбоору гейлерди куугунтукка алып жатабы? Болгону алардын өздөрүнүн маданиятын жалпыга пропаганда кылууга гана тыюу салып атат. Эгерде аларга тыюу салбасак, эртең ата-бабаларыбыздан бери келаткан салттуу мамилени, нарк-насилибизди жоготуп албайбызбы? Эмне үчүн АКШнын өзүндө иштеп аткан мыйзам бизде иштебебиш керек? Же Америка үчүн өздөрүндө гана коом таза жана салттуу болуп, башка мамлекеттерде бузулган, эркек менен эркек, аял менен аял жетелешип баскан коомдун болушун каалайбы? Алардын акчаларына азгылырып, элибиздин эртеңин терең ойлонбой жаткан бул укук коргоочулар балким өздөрү медициналык жана психологиялык жардамга муктаж болуп жүрбөсүн?..

Айбат гезити №100




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru