Айбат » Орто Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын орточо айлык акысына канча бензин сатып алууга болот?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » Орто Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын орточо айлык акысына канча бензин сатып алууга болот?

БензинӨлкөбүздө акыркы айларда бензиндин баасынын көтөрүлүшү көптөгөн саясатчылардын чырагына май тамызууда. Албетте күйүүчү майлардын баасынын көтөрүлүшү элибиздин жашоо-шартына терс таасирин тийгизбей койбойт. Бирок, базар экономикасы баары бир өзүнүн мыйзамын жүргүзө берээри бышык нерсе эмеспи? Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы орточо айлык акынын көлөмү – 12422 сомду түзөт. Мына ушул акчага канча литр бензин сатып алууга болот? Учурда бензиндин эң көп колдонулган маркасы АИ-92нин баасы 49,9 сомдон турат. Демек, 248, 93 литр бензин сатып алса болот. Ал эми АИ-80 жана дизель майынан 296,4 литр сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле учурда айрым саясатчылар тарабынан «экономикасы бизден алдыга кетип калды» деп айтылып келаткан коңшулаш Тажикстанда орточо айлык акы кыргыз сому менен эсептегенде  – 9615, 68 сомду түзөт. Демек, биздин орточо айлык акыга караганда алдаканча азыраак. Андан тышкары Тажикстанда бензиндин баасы дагы бизге салыштырмалуу алдаканча кымбат. Тактап айтканда АИ-92 маркасындагы бензин – 70 сомдон. Ага жараша бизге салыштырмалуу бир топ аз көлөмдө бензин сатып алууга мүмкүнчүлүк алышат. Маселен, АИ-92 маркасындагы бензинден 137,36 литр гана ала алышат. Башкача айтканда бизге караганда туптуура 111,57 литр бензинге аз. Ал эми АИ-80 менен дизель майынын баасы 66 сомдон сатылат. Демек, Тажикстандын орточо айлык акысына болгону 145,69 литр бензин келет. Бул маркадагы бензинди сатып алуу жагынан Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы айырмачылык – 150,71 литрди түзөт. Ал эми дагы бир коңшубуз Өзбекстандын орточо айлык акысы тууралуу ачык маалымат эч жерде жок. Болгону бизге белгилүүсү бул өлкөнүн айлык акысы бизге салыштырмалуу алдаканча аз болушу мүмкүн. Буга Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш аймактарындагы өзбек жарандарынын Кыргызстандын аймагына жашыруун келишип, курулуш иштерине иштеп кетип жүргөндөрү ачык мисал болуп бере алат. Болгондо алардын эмгек акысы кыргыз жарандарына төлөнгөн акыдан алдаканча аздык кылат. Мына ошондуктан өзбек жарандарынын эмгек күчүн пайдаланууну Кыргызстандын түштүк аймагында көбүрөөк туура көрүшөт. Ал эми Өзбекстанда АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы литрине 85 сомдон экендиги белгилүү. АИ-80дин баасы 65 сомдон болсо, дизель майынын баасы 70 сомду түзөт. Эми эсептей бериңиз, орточо айлык акысы Кыргызстанга салыштырмалуу азыраак болгон Өзбекстанда бир айлык акчага канча литр бензин сатып алууга мүмкүн? Бул албетте, табышмак. Бирок, белгилүүсү биздин өлкөлөгү жарандар сатып алууга мүмкүн болгон көлөмдөн алдаканча аз болот. Орточо айлык акыга бензин сатып алуунун көлөмү жагынан бизден алдыда Россия жана Казакстан турат. Бул эки өлкөнүн тең орточо айлык акылары жогору жана бензиндин баасы алдаканча төмөн. Буга себеп, эки өлкө тең нефтинин кенин басып отургандыгы менен байланыштуу экендиги талашсыз.

Айбат гезити №100




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru