Айбат » Эмилбек Каптагаев: “Кумтөр баарыбыз үчүн сабак болгону дурус”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Эмилбек Каптагаев: “Кумтөр баарыбыз үчүн сабак болгону дурус”

Эмильбек КаптагаевӨкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев менен сентябрь айында Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Көчмөндөр оюну жана кээ бир маселелер туурасында маектештик.

- Эмилбек мырза сентябрь айында болуп өткөн Бүткүл дүйнөлүк Көчмөндөр оюну сизге кандай таасир калтырды?

– Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк оюндары өз учурунда уюшулуп, өз учурунда өттү десек болот. Көчмөндөр цивилизациясынын адамзат тарыхындагы орду, таасири азыр учурлаш маселе болуп турат. Убагында Азиянын мейкин талааларында, Алтай, Ала-Тоо, Памир тоо кыркаларында батыш тарыхчылары жазгандай “дикие племена”, “варвары” деген элдер эмес, жашоо ыңгайы табийгат менен шайкеш келген, жогорку даражада уюшулган өз алдынча башкаруусу бар, салттуу мамлекеттик түзүлүшү бар, маданияты бийик, нарктуу элдер, алардын ичинде кыргыз эли да миңдеген жылдар өмүр кечирип келгенин дүйнө эли билүүсү керек. Көчмөндөр оюндары мына ушундай миссиянын башаты болуп калды десек да жаңылбайбыз. Экинчи жагынан, бул оюндар кыргыз элинин мекенчилдик духун көтөрүп, ички руханий биримдиктин уюткусун бышыктады десек да болот. Оюндардын башталышында, анын ачылыш аземинде, көк бөрү, эр эңиш, балбан күрөш сыяктуу салттуу мелдештердин жүрүшүндө касиеттүү жерибизге Манас баш болгон улуу бабаларыбыздын арбактары жар болуп, элдин маанайын көтөрүп турганына да жалпыбыз күбө болдук. Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев баш болгон кыргыз спортчулары ат майданга чыкканда “Кыр-гыз-стан, Кыр-гыз-стан, Кыр-гыз-стан” деп жыйырма миңден ашуун кишинин тикеден-тике туруп кыйкырып ураан чакырышы ар бирибиздин дилибизди козгоду, толкундантты, Кыргыз мамлекети үчүн, кыргыз эли үчүн сыймыгыбызды арттырды. Бул оюндар тарыхыбыздагы дагы бир урунттуу учур болуп калды.

- Облус жетекчиси катары кандай кемчиликтерин жана артыкчылыктарын көрө алдыңыз?

– Кемчиликтер албетте көп эле болду, аны азыр айтып отуруунун кажети деле жок деп ойлойм. Башкысы ошол кеткен кемчиликтерди көрө билип, алардан сабак алып, кийинки ушундай чоң иштерде кайра кайталабай, жоюп жүрүп отурганыбыз туура болот. Башкысы, ичи жамандар кайра кайра таба кылышып, интернетте, гезит беттеринде Көчмөндөр оюну болбой калса экен, даярдыктар аксап калса экен деген тилектерин жашырбай байма-бай “колдон келбеген ишти эмне башташты, уюштура алышпайт, өткөрө алышпайт, ат майданын даярдап бүтө алышпайт” деп жазып жатышпадыбы. Мына ошолордун тилегин таш капты, жетиштик, даяр болдук, эл аралык деңгээлде өткөрүп алдык. Кудай бар экен, кыргыз элин дагы бир жолу колдоду. Бир жарым айда ат майданынын жаңы трибуналарын даярдап, жети дубан элдин жалпы колдоосу менен Кырчын жайлоосундагы Кыргыз Айылын түптөп, ал жерде элибиздин жашоо ыңгайын, кол өнөрчүлүгүн, маданиятын, тарыхын бүткүл дүйнөгө жарыя кылып көрсөтө алдык. Элибиз дагы бир жолу ынтымактын, биримдиктин үлгүсүн көрсөттү. Артыкчылык ушул болду.

- Туристтердин келиши, аларды тейлөө кандай деңгээлде жүргүзүлдү?

– Көчмөндөр оюнунун шарапаты менен Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон он беш күнгө узарып, сентябрдын 15ине чейин Чолпон-Ата жакта эл кайнап турду. Бул да биздин аймак үчүн жакшы болду. Быйыл сезон кеч башталды деп бир аз нааразы болуп турган элдин көңүлү толуп калды. Ал эми жалпысынан айта турган болсок туристтик сезон жакшы деңгээлде өттү, элди дүрбөтө турган кырсык болгон жок, эс алуучулар көңүлдөрү куунак кайра кайтышты десек болот.

- Быйыл Кыргызстандын көп жерлеринде түшүм аз болуп, дыйкандар нааразы болууда. Бул жаатта сиздин облустун абалы кандай?

– Туура, кургакчылыкка карата дыйкандардын маанайы бир аз пас, түшүм былтыркыга караганда төмөн. Бирок Кудайга шүгүр дейли, таптакыр эле начар эмес, облус боюнча жыйым-терим негизинен бүтүп калды. Азыр дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү орто эсеп менен 16-18 центнерден айланып жатат, биздин аймакта негизги продукция болгон картошканын түшүмдүүлүгү былтыркы деңгээлге жакын эле, 172 центнерден айланып жатат. Салыштыра айтсак, былтыр дан эгиндери 23 центнерден, картошка 177 центнерден болгон. Тоют деле былтыркы деңгээлге чамалаш, сегиз-он пайыздын тегерегинде азыраак.

- “Кумтөр” менен кандай иштерди алып барып жатасыз? Алар менен бир орток пикирге келе алдыңыздарбы?

– “Кумтөр” ишканасы менен мамиле, өз ара алака жакшы эле, пландаштырылган иштер боюнча Жети-Өгүз, Тоң райондорунда, ошондой эле Каракол, Балыкчы шаарларында ар кандай социалдык жана экономикалык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Мисалы, “Карагат плюс” долбоору, бул иш чаралардын алкагында облус боюнча мөмө жемиштерди өндүрүүнү кеңейтүү аракети болуп жатат, жакында Саруу айылында тигүү цехи ачылды, көптөгөн сугат системалары кайра тазаланып, насос станциялары ишке киришип жатат. Ошондой эле Кумтөрдүн дүң өндүрүшүнүн бир пайызынан түзүлгөн Ысык-Көл өнүктүрүү фонду аркылуу да бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатат, быйыл ушул фондунун каржылануусу менен 7 мектеп, бир музыкалык мектеп, 4 спорт комплекс курулуп бүтүп ишке берилгени турат, жалпысынан сметалык баасы 750 млн сомго барабар 40 тан ашуун курулуш жүрүп жатат. Бардык иштерди санап отурууга чынында бир топ убакыт керек. Ал эми Кумтөргө карата экологиялык жана башка маселелер боюнча эл көтөргөн маселелер азыр Өкмөттүн кароосунда, азыр эки тараптык сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, анын ичинде ишкананын форматын өзгөртүп, ички үлүштөрдү өзгөртүү менен жаңы ишкана уюштуруу маселеси да бар. Азыр жыйынтыгын күтүп жатабыз.

- Облус жетекчиси эмес, Кыргызстандын жараны катары айтсаңыз, Кумтөрдүн бизге пайда-зыяны кандай?

– Кыргызстан өнүгүш үчүн биз кен байлыктарыбызды иштетишибиз керек, аларды басып алып “элүү жыл мораторий” деп отура бергенден эч пайда жок. Бирок, Кумтөр баарыбыз үчүн сабак болгону дурус. Убагында ар кандай коррупциялык схемалар менен бул кен бир аз гана кишинин пайдасына, ошондой эле чет элдик шылуундардын чөнтөгүнө иштеп келгени ачуу чындык. Биз ушул кырдаалдан али да болсо чыга албай жатабыз, ошол кездеги элдин ырыскысын кескен кыянаттык чечимдердин туткуну болуп отурабыз. Азыр Кумтөр жалпы өнөр жай продукциясынын 37 пайызын, тактап айтсак тогуз айдын жыйынтыгы менен 100.8 млрд сомдук продукция өндүрүлсө анын 37 млрд сомго жакыны Кумтөрдүн үлүшү болуп жатпайбы. Ошондуктан “пайда-зыян” деп айтып отура албайбыз азыр, биз бул ишкананы токтотпой, натыйжалуу иштетүүгө гана аракет кылуубуз абзел.

- Бостери айылындагы аллеяны кыркуу кимдин демилгеси эле? Жетекчи катары сиз тарапка көбүрөөк пикир айтылууда.

– Сөздүн ачыгы бул маселени биз жогоруда сөз кылган Көчмөндөр оюндарына көлөкө түшүргүсү келген ичи бузуктар көтөрүп чыгышты. Алар адегенде “ атактуу Раппопорт аллеясындагы бактарды кыркып Көчмөндөр оюндарына карата автомашина коюучу жай жасап жатат” деп карандай жалаа айтып чыгышкан. Мен ошол кезде прессага чыгып, ал бактардын кыркылышы автоунаа коюучу жай жасоо үчүн эмес, биринчиден, ал тегеректин көркүн бузуп куурап турган бактарды алууга мажбур экенибизди, экинчиден, ошол эле оюндарга келген меймандардын коопсуздук маселеси экенин, ал теректер шамаал болсо кулап калуусу ыктымал экенин, үчүнчүдөн, ал теректерди кыркуу жылдан жылга, айдан айга келе жаткан пландуу иш экенин айтып, түшүндүрмө бергем. Менин бул түшүндүрмөмдү кай бир адамдар мага каршы саясий курал катары колдонууга аракет кылышып, “Каптагаев көчмөндөр оюндарын шылтоо кылып бактарды кыйратып салды, жумуштан кетиребиз” деп “бөйрөктөн шыйрак” чыгара калып жатышпайбы. Ушул жерден кармайбыз деп ойлошсо керек арам ойлорунда. Ошондуктан дагы бир жолу тактык үчүн айтып коюш керек – ал бактарды кыюу эч кимдин демилгеси эмес, бул жашоонун эле мажбурлугу. Адам сыяктуу эле дарактар өсөт экен, карыйт экен, куурайт экен. Айла жок куурап калгандарын кыркууга туура келет экен. Ал бактарды кыркуу үчүн тиешелүү документтер бир жылдан бери даярдалып келиптир, Чолпон-Ата шаардык мэриясы менен Бостери айыл өкмөтүнө тиешелүү органдардын баары катышкан комиссия атайын уруксаат кагазын бергенине алты-жети айдын жүзү болуптур. Ал чечимдерге Каптагаевдин эч кандай тиешеси жок. Азыр ал чуудан кийин ал жердеги куураган бактардын Чолпон-Ата жагы менен Бактуу-Долоноту жагындагы тургандары калды, турат жарымына чейин куурап, арбайып-тарбайып көрктү бузуп, алдынан өткөн адамдарга коркунуч туудуруп. Бүгүн жок эртең алар деле тазаланып, алынышы керек. Бул маселеден саясат чыгарып, кызыл кулактык кылуунун кереги жок деп ойлойм.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №100



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru