Айбат » КМШнын Экономикалык Сотунун Пленумунун кезектеги отуруму өттү

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » КМШнын Экономикалык Сотунун Пленумунун кезектеги отуруму өттү

Бишкекте экономика алкагындагы иштер боюнча талаш-тартыштарды чечүүчү жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка соттордун Төрагалар Кеңешинин он биринчи отуруму жана КМШнын Экономикалык Сотунун Пленумунун кезектеги отуруму өттү

01

02

2014-жылдын 9-октябрында, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында, экономика алкагындагы иштер боюнча талаш-тартыштарды чечүүчү жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка соттордун Төрагалар Кеңешинин он биринчи отуруму жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык сотунун Пленумунун кезектеги отуруму өттү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Ф.З. Жамашева Төрагалар Кеңешинин кезектеги он биринчи отурумун ачып, иш-чаранын катышуучуларын тааныштыруу менен бирге куттуктоо сөзүн айтып, бүгүнкү отурумдун маанилүүлүгүн жана актуалдуулугун белгиледи. Ф. Жамашева Төрагалар Кеңешинин отуруму жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык сотунун Пленуму Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жаткандыгын дагы белгилеп өттү.  Отурумга катышып жаткан Төрагалар Кеңешинин ар бир мүчөсүнө ыраазычылык билдирүү менен «Төрагалар Кеңеши жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык сотунун алкагындагы биздин кызматташтык, биздин элдер ортосундагы өз ара алаканы жана достукту бекемдеп, укуктук кызматташтыгыбыздын мындан аркы өнүгүшүнө жардам берерине ишенем!», – деп билдирди Төрайым.

Төрагалар Кеңешинин отурумунда бир катар маселелер каралып, чечимдер кабыл алынды.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Экономикалык Сотунун Пленумунун отурумунда КМШнын Экономикалык Сотуна караштуу Илимий-консультативдик кеңеш жөнүндө, КМШнын Экономикалык Сотунун Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, КМШнын Экономикалык Сотунун ишмердигин өркүндөтүү тууралуу жана башка маселелерди талкуулоо пландалган.

Кеңеш экономика алкагындагы иштер боюнча талаш-тартыштарды чечүүчү жогорку арбитраждык, чарбалык, экономикалык жана башка соттордун Төрагалар Кеңешин түзүү жөнүндөгү 2002-жылдын 7-октябрындагы Макулдашуусуна ылайык түзүлгөн Макулдашууга сегиз мамлекет кол коюшкан: Армения Республикасы, Беларус Республикасы, Казакстан Республикасы, Кыргыз Республикасы, Молдова Республикасы, Россия Федерациясы, Тажикстан Республикасы, Украина.

Кеңешти түзүү максаты – бул мамлекеттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана экономикалык талаштар боюнча өз ара укуктук жардамды кеңейтүү. Кеңештин негизги маселелеринин бири – бул бир мамлекеттин сотторунун чечимдерин башка мамлекет аймагында аткаруу боюнча аракеттерди бирге алып баруу, чарбалык мыйзам тармагында тажрыйба алмашуу болуп саналат.

Айбат гезити №100



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru