Айбат » Акмаанай Эшбаева: “Атамдын 3 ырын ырдап жүрөм”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Акмаанай Эшбаева: “Атамдын 3 ырын ырдап жүрөм”

Акмаанай ЭшбаеваКРнын Эл артисти, «Даңк» медалынын ээси Токон Эшбавдин кызы, раматылык  ди-джей Медер Осмоналиевдин келинчеги ырчы жана ди-джей Акмаанай Эшбаева менен маек.

- Акмаанай эже, маегибизди сиздин атыңыздан баштагым келип турат. Акмаанай деген ысымды ким ыйгарган экен?

– Атымды апам койгон. Кичинекей кезинде апам китеп окуган экен, ошондо Айда жашаган пери кыздар болгон. Аттары Айсаамай, Аймандай. Анан апам ниет кылып, кыздуу болуп эжемдин атын Аксаамай, менин атымды Акмаанай коюптур.

- Балалыгыңыздагы кызыктуу учурлардан эскере кетсеңиз?

–  Балалыкта өткөн учурлардын баары кызыктуу, баары укмуш. Алардын кайсы бирин айтайын. Болгону эрке кыз элем, ата-энемдин эркеси, кенжеси болуп чоңойгом. Эң негизгиси биринчи жолу сахнага ырдап чыкканым эсимден кетпейт.

- Чыгармачылыкка Токон агайдын аркасында аралашып калгансызбы?

– Ошондой таланттуу инсандын кызы болгон соң, тамыр аркылуу мага да өткөн экен. Чыгармачылыкка атамдан өткөн  талант жана өзүмдүн шыгым менен келдим десем болот. Ырчы болом деп өтө эле аракет кыла бербейм. Аял киши  үйдүн куту болуш керек. Эгерде келечекте мени түшүнгөн, сыйлаган жигитке жолуксам, чыгармачылыгымдан баш тартканга да даярмын.

Акмаанай Эшбаева- Журналистикага кандайча келип калдыңыз?

– Өзүмдү журналист деп эсептебейм. Жөн гана радиодо иштеген мага абдан жагат. Жолдошум Медер каза болгондон кийин, анын артында калган жумушун улантуу максатында радиого киргем. Ошондон бери иштеп келатам.

- Токон Эшбаевдин кызы деген наамды алып жүрүүнүн өзү чоң сыймык жана чоң жоопкерчилик болсо керек?

– Албетте. Эми мынтип атамдын көзү өткөндөн кийин андан да жоопкерчилктүү.

- Токон мырза, кыргыз музыкасынын өнүгүп, өсүшүнө чоң салымын кошуп кетти. Атанын кызы катары Токон агай жөнүндө кеп учугун уласак…

– Атабыз  өтө жөнөкөй, кем сөз эле. Чет өлкөдөгү саякаттары жөнүндө көп айтып берчү. Үйдө болгондо  атамдын үйдө экенин да билбей калчубуз. Себеби, майда-чүйдө жумуш менен алек болуп, бир бөлмөдөн чыкчу эмес.

- Агайдын кайсы ырларын ырдап жүрөсүз?

– Мен атамдын 3 ырын ырдадым. Мындан ары да ырдалбай, эл укпай калган ырларын элге мен жеткирем деген ниеттемин. Талант өлсө да артында калтырган чыгармалары өлбөйт эмеспи. Атамдын ырлары ырдалып турганда, атам биздин жаныбызда.

- Жолдошуңуз Медер мырза Оштогу ЭлФМ радиосун ачканга чоң салым кошуп, ди-джейлерди тарбиялады. Экөөңүздөрдү да тааныштырган радио болсо керек?

– Ооба, Медике ЭлФМ радиосун ачкан. Анда иштеп жаткан балдарды да өзү тарбиялаган. Тагдыр экен, жашоонун  жыргалын көрөөрдө мынтип өзү жок. Сиз айткандай, чын эле бизди радио тааныштырды. Ырларымды радиого алып барып, ошол жерден таанышып калганбыз. Көп өтпөй турмуш курдук. Ортобузда бир уулубуз калды.

- Уулуңуз канчага чыгып калды?

– Уулум азыр 4 жашта. Шаардагы балдар бакчалардын биринде тарбияланат.

- Кандай сапаттары атасына окшош?

– Жылмайып күлгөнү, дене түзүлүшү атасына куюп койгондой окшош.

- Азыр чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар болууда?

– Акырындык менен жаңы чыгармаларды жаздыруу менен алекмин. Жакынкы күндөрдө угуп каласыздар деген үмүттөмүн.

Төлөбүбү Касымалиева

Айбат гезити №100



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru