Айбат » Бейөкмөт уюмдардын укук коргоочулары кимдердин укугун коргоп атат?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Бейөкмөт уюмдардын укук коргоочулары кимдердин укугун коргоп атат?

ИздөөКече жакында эле Жогорку Кеңеште «Салттуу эмес сексуалдык карым-катыштарга карата» даярдалган мыйзам долбоору АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин тынчтыгын жоготуп койгондой болду. Депутаттар бул өзгөртүүнү киргизүүгө кадам таштаары менен АКШ элчилиги өздөрүнүн сайтына расмий түрдө «Адам укугун бузуп атасыңар, андыктан терең ойлонгула» деген мааниде билдирүүсүн жарыялап жиберди. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары мындай мыйзамга өзгөртүү киргизүү менен Кыргызстандын Баш мыйзамын жана эл аралык фактыларды эч кандай бузууга барышпагандыгын билдиришти. Баш мыйзамда – биринчи орунда үй-бүлө турат, ата-бабалардан бери келаткан салт-санаа, менталитет мыйзам менен корголот деп жазылып турат. Демек, кыргыз элинин менталитетинде деги эле бир жыныстагы адамдардын бир үй-бүлө болуусу эч качан болгон эмес. Андыктан мындай элдин, коомчулуктун ыйманына шек келтире турган аракеттерге мыйзам аркылуу чара көрүп, тыюу салуу толук мыйзамдуу көрүнүш. Ошол эле учурда АКШ элчилиги Кыргызстандын парламентиндеги пландаштырылган чет элдик агенттер тууралуу мыйзам долбоорун кароого коюусуна да каршы экендиктерин билдиришет. Бул пландаштырылган мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө ылайык чет мамлекеттерден каржыланган Кыргызстандын ички саясатына активдүү катышып жатышкан коммерциялык эмес уюмдар жана Бейөкмөт уюмдар  чет элдик агенттер катары бааланып, мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынышы керек болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 12 миңден ашуун Бейөкмөт уюмдар катталган. Алардын көпчүлүгү чет мамлекеттерден каржыланат.

Эксперттердин айтымында мына ушундай уюмдар улуттук коопсуздукка коркунуч туудуруп жатышат. Бирок, алардын көпчүлүгү өздөрүн укук коргоочулар катары көрсөтүп келишет. «StanRadar» аналитикалык порталы мына ушундай бейөкмөт уюмдардын 5 жылдык ишмердүүлүгүнө анализ жүргүзүп көрүшкөн. Жыйынтыгында алардын көпчүлүгү саясатка гана кызыгып келишкени билинген. Маселен укук коргоочулардын Кеңеши беш жылдын ичинде 60тан ашуун кайрылууларды жасашкан. Алардын 20сы учурдагы кыргыз бийлигин сынга алуу болсо, 15и Бейөкмөт уюмдарды коргоого алган. Дагы 11и сот бийлигин сындаган, 14ү Россиянын саясатын сынга алган.

Дагы бир нече кайрылуулар Ош окуясына жана Омбудсмендин ишмердүүлүгүнө багытталган. Мына ушул багытта «StanRadar» аналитикалык порталынын башкы редактору Григорий Михайлов мындай дейт: «Укук коргоочулар кыргыз бийлигин 20дан ашык жолу сынга алып кайрылуу жасашкан, Россиянын саясатын да 10дон ашык жолу сынга алышкан. Ошол эле учурда АКШнын саясатына каршы бир да жолу кайрылуу жасашкан эмес. ОДКБ, Бажы союзун, Януковичти да укук коргоочулар сындап келишкен. Ошол эле учурда бир да жолу Порошенкону сындаган учурлары жок. НАТОну сындашпайт». Ырасында эле чет мамлекеттерден каржыланган Бейөкмөтчүлөр Дмитрий Кабак, Динара Ошурахунова, Нурбек Токтокунов, Назгүл Турдубекова, Бурул Макенбаевалар тарабынан бир да жолу Батыштын, Американын жүргүзүп аткан саясатына каршы пикирлерин уккан эмеспиз. Баарынан кызыгы үстүбүздөгү жылдын жай айларында укук коргоочулар союзу Кыргызстандын Бажы союзуна кирүү кадамына байланыштырып, өздөрүнүн ишмердүүлүгүн демонстрациялык түрдө токтотушкан.

Кыргызстандын кайсыл өлкөлөр менен экономикалык байланышта боло тургандыгы бул укук коргоочулардын ишмердүүлүгүнө кандайча таасир эте тургандыгын ачыктап түшүндүрүп беришкен эмес. Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева да укук коргоочу деген атка жамынып, белгилүү бир донордук институттардын ишин жасап аткандар бар экендигин танбайт. «Белгилүү бир донордук институттардын долбоордук программасынын алкагында иш алып барган белгилүү бир топтор бар. Алар күн сайын кимдир-бирөөлөрдүн укугун коргоп атат деп айта албайм. Алар өздөрүнүн гана позициясын билдирип коюшат. Мындайларды укук коргоочулар деп айтууга болбойт. Алар кандайдыр бир долбоордун алкагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн уюмдардын өкүлдөрү. Алардын жылдык бюджети, анда иштегендердин айлык акылары камсыздалган» дейт ал. Эксперттердин айтымында ачык түрдө кандайдыр бир долбоорлорго акча алып, иш жүргүзүп аткандар анча кооптуу эмес. Ал эми финансылык жагы жашыруун калган бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү коркунучтуу. Анткени экстремисттик агымдар да Бейөкмөт уюм катары катталып алышкан.

Бейөкмөт уюм – бул кайсы бир өлкөдө дестабилдүүлүктү камсыздоо үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Украина майданында, Араб жазында жана Кытайдагы окуяларда бейөкмөт уюмдардын ролу чоң болгондугу бүгүнкү күндө тастыкталды. Саясат таануучу Токтогул Какчекеев «Югославияда да ушундай эле окуя болуп өткөн. Анын бийлигине каршы чыккандар Югославияны дүйнө коомчулугуна тоталитардык мамлекет катары көргөздү. Бардык мусулмандарды өлтүрүп жаткандай сезим калтырды. Жыйынтыгында Сербиянын эсебинен эки мамлекет жана бир албан эли пайда болду. Бул да Бейөкмөт уюмдардын иши» деп билдирди. Албетте, бардык эле бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар саясат менен алпурушуп атат деп айта албайбыз. Арасында чындап эле адам укуктарын коргоп жүргөндөрү бар. Андайлардын саясатка аралашып, кандайдыр бир бийликке каршы чыкканга убактылары да калбайт. Ал эми саясатка гана басым жасап аткан бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар өлкөнүн бүтүндүгү үчүн кооптуу иш-аракеттерди жасап келишет. Андыктан алардын ишмердүүлүгүн, финансы булактарын көзөмөлгө алуу мамлекеттин милдети болуп саналат.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №100




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru