Айбат » Жолдошева «жомок» айтып жатса, Ташиев көөшүлүп уктайбы?

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Саясат » Жолдошева «жомок» айтып жатса, Ташиев көөшүлүп уктайбы?

Жылдызкан ЖолдошеваКече эле бири-бирин «эр жүрөк», «чынчыл», «баатыр», «патриот» деген сыяктуу мыкты сөздөр менен мактап жүргөндөр бүгүн акыйнек айтышып, тескерисинче бири-бирин «алдамчы», «аферист» деп атап жүргөндөр таттуу «түгөй» болушуп, саясый «баш кошууга» барып жаткан учур. Буга ачык мисал «Республика» менен «Ата-Журт» партияларынын биригүүсү. Бул биригүүнүн расмий жарыяланышына «Ата-Журт» фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошеванын барбай калганы көпчүлүктү таң калтырган эле.

Көрсө, кептин төркүнү башка жакта жаткан экен. Муну маалыматыбыз так болушу үчүн Жылдыз айымдын «Марал» радиосуна берген маегинен кыскача үзүндүсүн мисалга тартуу менен гана көрсөтүп берели: «2014-жылдын 8-августунда Камчыбек Ташиев мага жолугуп ачыгын эле айткан да «Жылдыз эже лидерликти берсеңиз, лидерликти өткөрүп бериңиз» депчи. «Азыр арыз жазып берсеңиз, Мырзабеков Кантемирге» деп. «Экинчиден «Ата-Журт» партиясынан сиз дагы башка бара албайсыз» деп айткан. Анан мен айттым «Хорошо», «Ата-Журт» партиясы менен мындай эле ачык айтканда эми, «Кыргызтудей» жазгандай бул саткынчылык, чыккынчылык болуп калды да? Заказ берген кишинин заказын аткарбоо ошол эле Ташиевдин колунда болчу да. Бул ачык эле айтты «Сиз лидерликтен кетсеңиз, ошондой эле «Ата-Журт» партиясынан чыксаңыз, анда Талант Мамытовду, мени Камчыбек Ташиевди актайт экен, ошого партиядан чыксаңыз жакшы болот эле» деп».

Бул Жылдыз Жолдошеванын «Марал» радиосуна берген маегинен эч кандай өзгөртүүсү жок көчүрүлүп алган үзүндүсү. Мында айтылган сөздөрүнө караганда Жолдошева Ташиевге катуу таарынып, анын башка бирөөлөрдүн буйругун алып, саткынчылыкка баргандыгын айтып жатканын түшүнөбүз. Демек, кечээ эле ал «Кыргыздын чыныгы патриот жигити» деп айтып жүргөн Ташиеви бүгүн саткынчы болуп чыгып калып жаткан болобу? Экинчиден, ошол эле радио Жолдошева айымдын билдирүүсүнө жооп кылып Ташиевдин кеңешчиси Нурлан Шакиевдин пикирин жарыя кылган экен. Анда Шакиев эки партиянын биригүү салтанатына партиянын мүчөлөрүн толугу менен чакырышканын, анын ичинде Жылдыз Жолдошевага да чакыруу кагазын беришкендигин айтат.

Бирок, Жолдошева ошондо эле «Мени лидерликтен кетиргени атышыптыр, эмнеге бармак элем» деген жообун берген дейт. Ал эми Жылдыз айымдын жогоруда айткан билдирүүсүн Нурлан Шакиев жөн гана «Жомок» атап, «Мындай жомокту айтыштын эмне кереги бар эле?» деп кейийт. Мына ошентип кечээ эле Ташиевди катуу коргоп жүргөн Жолдошеваны анын жардамчысы «жомокчу» деп атап отурат. Кыязы кызыктын баары алдыда окшойт. Балким Жолдошева айым дагы башка жомокторду айтып берер. Анткени бир кызыкчылыкты беттеп бара жатышканда үзөңгүлөштөрүнүн айрым кемчиликтерин, катачылыктарын жаап-жашырып, сыр кылып катып турушат эмеспи? Балким ошол сырлар эми ачыкка чыгар…

Айбат гезити №101



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru