Айбат » Жалпы улуттук форум

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Жалпы улуттук форум

Жеңиш Молдокматов, Милан ТурпановУшул жылдын 21-октябрында Бишкек борборунан орун алган  «Тунгуч» жаштар театрында «Жалпы улуттук форум» болуп өттү.   Мындай чоң жоопкерчиликтеги Форумду «Калыс» саясий кыймылы жана «Ак-Санат» саясий партиясы уюштурушту.

«Калыс» саясий кыймылынын басма сөз кызматы билдиргендей, форумдун максаттары – Кыргыз мамлекетинде орун алган көйгөйлүү маселелерди саясий жана коомдук уюмдар биргелешип талкууга алып, алардын чечүү жолдорун талдоо жана тийиштүү тараптарга сунуштоо, алардын аткарылышын көзөмөлдөө, ошондой эле талап кылуу үчүн «Жалпы улуттук аянтча» түзүү, «Жалпы улуттук аянтчанын» алкагында мамлекеттин өнүгүү багытын иштеп чыгуу.

Иш-чарага Кыргызстандын булуң бурчунан эли үчүн күйүп бышкан 20 дан ашык  уюмдар жана  саясий партиялар, белгилүү инсандар, спортчулар жана студенттер  катышышты. Меморандумга 8 саясий партия жана 20 саясий уюмдар келип Форумдун жүрүшүндө макулдашкан тараптар (саясий жана коомдук уюмдар) менен «Жалпы улуттук аянтчаны» түзүү тууралуу Меморандумга түндүктүн алдында кол коюу процесси өттү.

Айбат гезити №101




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru