Айбат » Темир Сариев: “Кыргызстан энергокризистен эки жылдан кийин чыгат”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Энергетика » Темир Сариев: “Кыргызстан энергокризистен эки жылдан кийин чыгат”

Темир СариевКыргызстандагы энергетикалык кризис эки жылдан кем эмес болот. Ал мындай пикирин Нарын шаарын кыз-кыш мезгилине даярдоо боюнча облустук штабдын кезектеги жыйынында айтканын Tazabek басылмасы жазып чыкты.

“Мамлекетке жана элге чоң сыноо турат. Чындыгында абал оор, маселе курч. Эки жыл күтө туруш керек, андан кийин биз бул абалдан чыгабыз. Эгер коңшу мамлекеттердеги абал тууралуу айта турган болсок, Тажикстанда күн сайын 7-9 сааттан чектөө киргизилди. Түркмөнстан бизге электрэнергияны берүүнү каалаган, бирок Өзбекстан транзиттен баш тартып койду. Бизде Казакстандан электр энергиясын сатып алуудан башка жол жок. Кандай гана баада сатып албайлы, биз төлөшүбүз керек”, деди экономика министри Сариев.

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетовдун айтымында, бүгүнкү күнү Казакстандан 400 млн кВт саат электрэнергиясын алуу боюнча сүйлөшүүгө жетишилген.

“Биз алган электр энергиянын бул көлөмүн кайтарып беребиз. Азыр 1 млрд кВт саат электр энергияны алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Аны 3,5 сомдон сатып алабыз. Алынган энергияны биз ички баа менен сатышыбыз керек. Эгер биз Казакстандан млрд кВт саат электр энергиясын сатып албасак, анда биз чектөөлөрдү киргизүүгө мажбур болобуз”,- деди ал.

Булак.vb

Айбат гезити №101



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru