Айбат » Бакиевдин “Ак жол” партиясынын мүчөсү Акылбек Атабаев ири көлөмдөгү наркотикалык зат менен кармалды

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » Бакиевдин “Ак жол” партиясынын мүчөсү Акылбек Атабаев ири көлөмдөгү наркотикалык зат менен кармалды

Акылбек АтабаевКызыгың түшкүр дүнүйө, деги биз бүгүн кандай доордо жашап жатабыз деген суроо туулат. Коомдук-саясый иштерге активдүү катышып, ал гана эмес келечек муундарды тарбиялоо багытында жогорку окуу жайларынын биринде сабак берип жүргөн адамды мыйзамсыз наркотикалык заттарды сатуу менен шугулданат деген ой кимдин көңүлүнө келиши мүмкүн? Эл алдында бирди сүйлөп, бир аз бары баскан соң, теңирден тескери иштерди жасаган саясатчыларыбыз бар экендигин билебиз дечи. Бирок, бир эле учурда саясат, педогог жана журналисттик кызматтарды аркалаган “азаматты” наркотикалык заттарды ташуу, сатуу менен шугулданат деген ой үч уктасак да түшүбүзгө кирбес. Тилекке каршы мына ушундай көрүнүш бар экендиги наркотиканы мыйзамсыз сатуу менен күрөшүү Башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ачыкка чыкты. Тактап айтканда аталган башкармалыктын кызматкерлери “Чыйыр” гезитинин башкы редактору, “Акыйкат” партиясынын мүчөсү, мурдагы “Ак жол” партиясынын да мүчөсү болгон Акылбек Атабаевди 10 килограммдан ашуун героин менен колго түшүрүштү.  Аты аталган жаран оперативниктердин көз алдында толук бир жыл иликтөөгө алынган. Себеби Акылбек Атабаев мына ошол бир жылдай убакыт мурун наркотикалык заттарды ташуу жана сатуу менен алектене баштаганы байкалган. Узак убакыт бою бул наркозаттарды ташыган адамдардын чөйрөсү терең иликтөөгө алынган. Тажикстандын жарандары жана Кыргызстандын түштүк аймагынан чыккан жарандар узак убакыт бою өзгөчө ири көлөмдөгү наркотиканы сатуу менен алектенишкени аныкталган. Алар афганистандан чыккан наркотиканы Тажикстандан Кыргызстандын түштүгүнө ташып, андан ары Бишкек шаарына, Чүй облусуна алып келишип, КМШ мамлекеттерине жеткирүү үчүн өздөрүнүн кылмыштуу байланыштарын Казакстан жана Россия менен да түзүшкөн. Акыры бул кылмыштуу топтун лидери дал ушул Акылбек Атабаев экендиги билинет. Ошентип үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Атабаевдин Ош шаарына жөнөп кеткенин билишип, ал кайра кайтып келген 15-октябрда анын Бишкек шаарындагы жашаган дарегинен колго түшүрүшөт. Бул күнү Атабаев үйүнө кеч келип, автоунаасынан бир нече коробка жана баштыктарды түшүрүп баштайт. Мына ошол учурда атайын кызматкерлер аны кармашып, жанынан 10 килограммдан ашуун героин, 1 кг 830 гр опийим, 10 кг 240 гр афган чарсын табышат. Азыркы тапта бул кылмыш боюнча иш козголду. Сурак жүргүзүү маалында Атабаев өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ошондой эле ал жанынан табылган наркотикалык заттарды кайра сатууну пландаштыргандыгын да жашырган эмес. Эксперттик баалар боюнча Атабаевдин жанынан табылган наркотиканын баасы Кыргызстанда орточо эсеп менен 120 миң долларды түзөт. Эгерде аны Россияга жеткирип алышкан болсо, болжол менен төрт эсе кымбат болмок. Демек, 500 миң доллар. Эгерде аны атайын чен өлчөмү (доза) менен бөлүп сатканда 1 миллион долларды чапчышы мүмкүн болгон. Мына ушундайча бир заматтын ичинде байып жатып калууну көздөгөн Акылбек Атабаев Тажикстандын Тоо-Бадахшан автоном облусунда туулган экен. Бирок, негизги ишмердүүлүгү Кыргызстанда жүргөн. Өлкөбүздүн ички саясый иштерине да активдүү катышкан. Ал 2010-жылы ошол убактагы президент Курманбек Бакиевдин квотасына ылайык Курултайдын делегаттарынын курамында болгон. 2012-жылдын 6-мартынан тарта КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү. Эл аралык көркөм-адабий “Аалам кыргыздары” журналынын редактору. “Акыйкат” партиясынан парламентке депутаттыкка талапкер. Бакиевдин доорунда “Ак жол” партиясынын тизмесинде 17-орунда турган мүчө болгон. 2014-жылдын 16-апрелинде болуп өткөн “Элдик курултайдын” төрага орун басары болгон. Андан тышкары журналист катары “Чыйыр” аттуу гезиттин башкы редакторлук кызматын аркалаган. Эң өкүнүчтүүсү ал келечек муундарды тарбиялоого да катышып калган экен. Тактап айтканда Кыргызстандагы “Манас” университетинде сабак берген. Мына ушундай толгон-токой жумуштарга бир убакта жетишип келген Акылбек Атабаев наркотикалык заттарды ташуу, сатууга да жетишип, ал аркылуу өзүнүн финансылык көз карандылыгын жоюп келгендиги белгилүү болду.

Айбат гезити №101



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru