Айбат » Ташболот Балтабаев: “Акаевдин бети чымырабаса Кыргызстанга келе берсе болот…”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Маек » Ташболот Балтабаев: “Акаевдин бети чымырабаса Кыргызстанга келе берсе болот…”

Ташболот Балтабаев- Ташболот мырза, Кыргызстандын туңгуч ажосу Аскар Акаевдин уулу Илим Акаевдин үйлөнгөндүгү маалым болду. Анын үйлөнүү үлпөт тою Кыргызстанда болот дешүүдө. Ал эми ал тойго Аскар Акаев өзү келе тургандыгы айтылууда. Сиздин оюңузча Акаевдин Кыргызстанга келгенге моралдык укугу барбы?

– Бул мен үчүн күтүүсүз маалымат болуп атат, ачыгын айтканда. Мурда укпаптырмын. Негизи Башкы прокуратура бардык фактылар боюнча – саясый, финансылык жана башка, кылмыш ишин козгошу керек эле. Тилекке каршы менин билишимче андай кылмыш иштери козголгон жок. Андыктан ага кылмыш иши козголбогондон кийин силер айткандай Акаевдин Кыргызстанга келишине моралдык гана укугу барбы деген суроо туулуп калат. Моралдык укук деген – бул бети чымырайбы деген эле суроо. Эгерде ага кылмыш иши козголгон болсо, анда Кыргызстанга келсе, сот жообуна тартылмак. Козголбогондон кийин бети чымырабай турган болсо келе берет да…

- Буга чейин да Акаевдин Кыргызстанга келе тургандыгы тууралуу айтылган. Тактап айтканда бир тууган агасын акыркы сапарга узатууга. Бирок, коопсуздугун ойлоп келе албай калганы айтылган. Акыркы убактарда анын Кыргызстанга келүү тилеги күчөп баратканын эмне менен байланыштырсак болот?

– Убакыттын өтүшү менен жана Кыргызстанда га карата тийиштүү юридикалык документтердин жоктугу менен байланыштырсак болот. Убакыт бардыгын унуткарат деп айтылат турбайбы. Анын сыңары ал дагы пенде да, 10 жылдай убакыт өттү, эми унутуп калышты го деген ойго алдырып атат да. Негизи Акаевдин чоң кылмыш жасап кеткендиги белгилүү эле.

 Айбат гезити №101



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru