Айбат » В.Диль менен Куловдун буйругун аткарган Карыбеков

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Саясат » В.Диль менен Куловдун буйругун аткарган Карыбеков

Эрнест КарыбековЭрнест Карыбеков аттуу энергетика жаатында
экспертмин деп жүргөн адам бар. Ошол киши жергиликтүү агенттиктердин бири аркылуу өкмөттүн тарифтерди жогорулатууга моралдык укугу жоктугун билдириптир. Анын мындай билдирүүсү кимдир бирөөнүн буюртмасын аткарып жаткандай туюлат.

Э.Карыбековдун айтымында, Токтогул суу сактагычындагы сууну туура пайдаланганда мындай кризис жаралбайт болчу экен. Ошондой эле бардык сатып алуулар ортомчулар аркылуу жүргүзүлөөрүн, бул коррупцияга жол берерин баса белгилейт. Ушул жерден ал кишинин өзүнө суроо узаткыбыз келет: Эмне үчүн өкмөттө энергетика тармагын көзөмөлдөп турган кезинде энергетика системасын реформалоо, ири ГЭСтердин курулушуна карата оруyдуу сунуштарын айткан эмес. Анын ордуна тымпыйып отуруп, суунун сыртка сатылып жатканын көрсө да көрмөксөнгө салып отурбады беле? Анан түштөн кийин өкмөттү сындаганы абийирдүүлүккө жатпайт.

Эркин басылмалардын бири Эрнест Карыбековдун артында вице-премьер Валерий Диль менен «ар-намысчы» Феликс Кулов турарын, алардын буйругу менен энергетика жаатында өкмөттү сындаган пикирлерин жарыялап турарын жар салганы белгилүү. Казакстандагы бизнесмен тааныштарынын көмөгү астында айрым энергокомпанияларды сатып, капчыгын кампайтууну көздөгөнүн да ошол эле басылма ашкерелеген. Бул жолу дагы өкмөттү «тепкилеп», анын отставкасын кыйытканына караганда «кожоюндары» В.Диль менен Ф.Куловдун кезектеги «заказын» аткарып жаткандагысыбы? Э.Карыбековдун «Ар-намыс» партиясынын төрага орунбасары экенин эске алсак, жел кайсы тараптан согуп жатканын аңдаш анчалык деле кыйын эмес.

Айбат гезити №101



Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru