Айбат » Энергетикага жооп бере албаган энергетика министрлигиби же ким?!

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Негизги, Энергетика » Энергетикага жооп бере албаган энергетика министрлигиби же ким?!

“Готовь сани летом” – деген орустун жакшы макалы бар. Бирок жайында эмес, кыштын алдындагы күздө да кышкы суукка даярдык көрүүгө мүмкүн болбой турган кез. Себеби, көмүрдүн баасын энергетика министрлиги эки-үч миң сомдун тегереги дегени менен, калк бүгүнкү күндө беш миң сомго да таппай турат. Топ базаларда өзүнчө эле ажиотаж…

Осмонбек Артыкбаев

Күнүгө болбосо да тез-тезден телеге чыгып, Кара-Кече көмүрү чыгып жатат, элдин муктаждыгына толук жооп берет – деген чиновниктер аз эмес. Алар деги кайсы мамлекетте, кайсы дүйнөдө жашап жатышат?!

–          Мен үч тонна көмүр алайын деп, Бишкектин бир топ базасына барсам, көмүр жок, эл дуу-чуу болупатыптыр. Акыркы эки тоннаны бир “портер” жүктөп кетти. Аны дагы тоннасын беш миң сомдон алды дейт. Беш миң десе беш миң, он миң десе он миң бере беребизби деп эл нааразы болуп, бир заматта ызычуу болуп, ак үйдү көздөй жөнөп кете жаздады – дейт, Бишкектин тургуну Рахат.

–          Кеминдеги тараза постунда, бортунда толтура көмүрү менен отуздан ашык “хово” турат, аларды атайын Бишкеке киргизбей, Бишкектеги көмүрдүн баасын көтөрүш үчүн атайын спекуляция кылып жатышабы? – деп таңданууда, бул окуяны Кочкордон келе жатып көргөн Таалай аттуу жаран.

Кемин администрациясынын орун басары Нурлан Шаршеналиевдин айтуусу боюнча бул машиналардын турганынын себеби, алар көмүрдү нормадан ашык жүктөп алышкан.

Эгер андай болсо, эмне себептен ушунча машина, ушул “Кемин” тараза постуна чейин жетишти? Ортодогу калган посттор кайда карап турушту? Же бул чын эле жогоруда айткан Таалайдын сөзүндөй – кызыктар тараптардын спекуляциялык амалдарыбы? Анда монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги эмне иш кылып жатат? Деги эле иш кылып жатабы?!

–          Биз бул жерде турганыбыздын себеби – ички жолдордо жүк ташуучу машинелердин салмагына коюлган чектөөнү кабыл алган өкмөкттүн чечими – дейт, “ховонун” айдоочусу Нурдин. Алар мындай жол менен нааразычылык акциясын өткөзүп жатышканы имиш.

Алардын жообуна Жоомарт Оторбаев – биз гранддардын эсебинен салган жолду сактап, өз калыбы, өз ирети, өз стандарты менен колдонушубуз керек – дегени туура дечи, бирок андай эле принципилду болсо эмнеге Осмонбек Артыкпаевди жана башка ишин так аткара албаган министрлерди жөн гана, эч кандай жоопко тартпастан ишинен алып кутулду?!

 

PS. Эл оозунда “Осмонбек Артыкпаев – кышында свет өчпөйт, баары сонун болот – деген. Эми мынтип министрликтин ишин аткара албай, кетип, элди талаада калтырган, эркек эмес жаман катынча эле иш кылды” дешүүдө.

Бектур Баймоңолов

Айбат гезити №101




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru