Айбат » Ачкачылык акциясы күндүз гана өтөт, “чисто для показухи”

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Коом » Ачкачылык акциясы күндүз гана өтөт, “чисто для показухи”

ДемотиваторБишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын билдирүүсү боюнча 16-октябрдан бери ачкачылык акциясын өткөзүп жаткан “Жаңы муунчулар” күндүзү гана отуруп, кечинде эс алганы жана тамактанганы кетип жатышат.

Анткени БШИИБнин милициялары аларды күнү-түнү коопсуздугу үчүн жооп берип, кайтарып турушмак. Бирок алар түнкүсүн Горький скверинде жок болушкан. Жергиликтүү басылмалардын сайтындагы видеодо алар эртең менен кафеден чыкканы, андан машиналары менен күлүп-жайнап келип чогулганы тартылган.

Жаңы муунчу Тимур Саралаев акциянын башында милициялар менен алышып кетип, колун сындырып алган имиштенип, гипс таңдырып жүргөн. Ал эми 22-октябрь күнү, колу “сынгандан” кийин бир жума өтпөй гипси жок эле, “фейсбукта” кычырап Азербайжанда сүрөткө түшкөнүн көрдүк.

Не демекчибиз, “атың чыкпаса – жер өрттө” дегендей, “ачкачылык кылсаң – колуңду сындырымыш бол”!

Айбат гезити №101




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru