Айбат » “Кумтөр” 1994-2013-жылдар аралыгында Кыргызстанга 2,5 миллиард доллар алып келген

Сиз кийинки беттесиз: Башкы бет » Экономика » “Кумтөр” 1994-2013-жылдар аралыгында Кыргызстанга 2,5 миллиард доллар алып келген

КумтөрКимдир-бирөөлөргө жагабы, же жакпай калабы баары бир азырынча “Кумтөр” ишканасы Кыргызстандын бюджетине эң көп өлчөмдө каражат алып келип жаткан жападан жалгыз ири ишкана экендигин моюнга алышыбыз керек. Бекеринен ага “кыргыз экономикасынын локомотиви” деген ат коомчулук тарабынан ыйгарылган эместир. Бирок, анын кыргыз экономикасы үчүн канчалык деңгээлде зор салымын кошуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар акыркы эки-үч жыл аралыгында гана ММК булактарында ачык айтылып баштаганы болбосо, ага чейин коомчулукка өзгөчө көңүл бургузуп айтылбай келгени өкүнүчтүү. Жыйынтыгында элдин толук кандуу маалыматка ээ болбогондугунан улам жеке кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылардын колундагы куралга айланып каларын турмуш өзү көргөздү. Андыктан бул жолу биз алтын кенинин өлкө бюджетине кошкон салымдарына кыскача токтолуп, анын орду канчалык маанилүү экендигин дагы бир жолу тастыктап койгубуз келет. “Кумтөр” ишке киргенден тарта Кыргызстанга салык, бажы, жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндө 707,3 миллион доллар которгон. Социалдык фондко болгон төлөмдөрдүн суммасы 112,9 миллион долларды түзгөн. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна 35,5 миллион доллар которулган. Эгерде мына ушул фондко келип түшкөн акча каражаттарынын бардыгы өз максаттарына жумшалганда бүгүнкү күндө аталган облустун социалдык абалы гүлдөгөн деңгээлге жетип калмак. Тилекке каршы “Кумтөрдөн” которулган акчаларды Фонддун жетекчилиги жана жергиликтүү бийлик жетекчилери оңду-солду чачышып, майрамдык шаан-шөкөттөрдү өткөрүүгө да жумшай беришкендиктен, “Кумтөрдүн” которгон акчалары желге учкандай дайынсыз болуп калган. Бул үчүн биз инвесторлорду эч качан күнөөлөй албайбыз. Алар өздөрүнүн милдеттерин так аткарып, мыйзам чегинде, келишимдин негизинде милдеттүү которууларын жасаган. Ал эми аны кандай колдоно алдык, бул өзүбүздүн жетекчилердин абийириндеги маселе. Азыркы тапта ““Кумтөр” Кыргызстандын экологиясын талкалап жатат” деген пикирлер да жок эмес. Буга жооп кылып аталган ишкана экологияны коргоо үчүн 4,1 миллион доллар төлөгөндүгүн белгилеп коюшубуз керек. Мындан тышкары экологияны коргоо максатындагы бир катар иш-чаралардын уюштуруучусу, демөөрчүсү да болгон. Демек, ким экологияны талкалап, ал эми ким аны коргоо аракетин көрүп жаткандыгын өзүңүз деле талдап алсаңыз болот. “Кумтөрдө” иштеген 2000ден ашуун кыргыз жарандарынын айлык акысы 448 миллион долларды чапчыган. Алтын кенине азык-түлүк ташып, жана башка кызмат көрсөткөн чакан ишкерлерге 640 миллион доллар жумшаган. Айтор, мына ушулардын бардыгын бириктирип келгенде Кыргызстанга “Кумтөрдөн” 2,5 миллиард доллар акча каражаты калган. Мындай ири суммадагы акча каражатын берген Кыргызстанда башка ишкана барбы? Албетте, жок. Андыктан канадалык инвесторлордун мыйзамдын, келишимдердин чегинен чыкпай, кыргыз экономикасы үчүн кошуп жаткан салымын туура баалай билишибиз керек. Биргелешкен ишкана түзүү менен биз өлкө бюджетине келе турган каражаттардын көлөмүн дагы 65 миллион долларга көбөйтөбүз. Бул Кыргызстандын мындан аркы келечеги үчүн гана жакшы болот.

Айбат гезити №101




Башка окшош макалалар:

Комментарий калтыруу

Башкы бет | Саясат | Коом | Маек | Экономика | Кызыктар дүйнөсү | Шоубиз | Газета архиви | Байланыш
© 2014 Айбат.kg сайтында жайгашкан материалдар окуп-таанышуу үчүн гана арналган жана жалпыга таратуу «Айбат.kg» сайтынын жазуу түрүндөгу уруксаты менен гана мүмкүн.
Материалдарды көчүрүп алууда «Айбат.kg» сайтына шилтеме сөзсүз жазылуусу керек.
Сайт жаңылыктарына жазылууСайттагы комментарийлерге жазылуу
Designed & powered by bekturb VIB
Рейтинг@Mail.ru